Кирүү

Төлгөчү

Төлгөчү

Илгери бир кедей болгон экен. Бир күнү аялы:
- Сен эркексиңби, бир жерден ичерге тамак, киерге кийим таап келсең боло. Агартып көйнөк кийбесем, алгылыктуу оокат ичпесем, качанкыга чейин эле эч нерсеге жетинбей, жорудай болуп жүрөмүн,-деп күйөөсүн, жемелейт.
-Мен кайдан оокат таап келейин, бирөөлөр мага оокатын бекер бербесе, эмне кыл дейсиң. Айтчы, кандай кылайын –дейт күйөөсү. Аялы күйөөсүнө бир жоолук менен кырк кумалак берди да, ушуларды алып эки жолдун кошулган бурчуна барып олтургун. Жоолукту алдыңа жайып койгун, кырк бир кумалакты жоолуктун үстүнө чачып таштагын. Ары өткөн, бери өткөн кишилер:
"Ой, бул эмнең, эмңе кылып олтурасың?" деп сурашат. Ошондо сен "ушул кумалак менен элдин жоголгон малын табамын, мына бул чачылып жаткан кырк бир кумалакты "төлгө" дейт", деп жооп бергин,-деди.
-Жоголгон малын кантип табамын, эч нерсени билбесем эмнени айтамын,-дейт күйөөсү.
-Бирөө мен кой жоготтум, коюмду таап бергин деп келсе, сен кумалактарды колуна алып туруп жоолукка чачып таштагын да, оозуңа эмне кирсе ошону айта бергин. Ошол айтканың үчүн алар сага акча беришет, ошону менен оокат кылабыз! - Аялы безилдеп шакылыктады.
Аялынын сөзү менен кедей эки жолдун айрылышына келип, жоолугун жайып коюп, ага кумалактарды чачып салып олтура берди.
Эшегин жоготкон бир киши келди:
-Бул жерде эмне олтурасың?
-Мен төлгөчүмүн, элдин жоготкон малын төлгө салып таап беремин!
-Менин бир эшегим жоголуп кетти эле, ошону таап берчи төлгөңдү тартып,-деп баягы киши төлгөчүгө беш тыйын берет.
Төлгөчү кумалагын жоолуктун бетине чачып ойлонуп олтуруп калат, эмне айтарын билбей, оозуна эч нерсе кирбей, тунжурай түшөт. Төлгөчү илгери ооруп, ага табып санаа берип, айыктырганы кылт эсине түшөт да, эшектин ээсин:
-Сен санаа ичкин,-дейт.
-Менин жоголгон эшегим табылабы же табылбайбы, ошону ачык айтпайсыңбы? Санаа ичкендей мен кесел белем, эч оорум жок,-дейт баягы киши.
-Көп сүйлөбөй барып менин айтканымды кылгын,-деп төлгөчү аны жөнөтүп жиберет.
Баягы эшегин жоготкон киши үйүнө барып төлгөчүнүн айтканын кылайын деп, санаа ичет. Санаа тигинин ичин ала баштайт, тигил шашылып камыштуу жерге барып олтура калса, аерден шабыр-шубур деген табыш чыгат. Ал: "бул жерде эмне болду экен"-деп карай салса, өзүнүн жоголгон эшеги ошол жерде жүрөт. Ал эшегин таап алып, сүйүнгөндөн кайра төлгөчүгө келип:
-Сен олуя төлгөчү экенсиң, эшегимди таап бербедиңби,-деп сүйүнүп дагы акча берет.
Ошентип кедей төлгөчү аталып кеткен экен.

Ой-пикирлер