Кирүү

Саякатчы бала. Мамонт тирилткенде

Менин Сибирь жакта эң бир кысталыш жумушум чыгып калып, барып калдым. Сибирге барганда жеке эле ал жумушумдун артынан түшпөй, башка дагы илим изилдөө жагына кирише баштадым. Сибирде жашоочу түрлүү улуттар менен аңгемелеше баштадым. Алардын жеринин шартына жана элинин шартына акырындап көнүгүштүм. Бирок, менин оюмдан чыкпаган бир санаа да бар. Ал болсо, кайнозой эрасында түндүктү муз каптаганы эсимде. Ошондуктан, ал учурда жашаган мамонт жана пил сыяктуу айбандардын Сибирде жашагандыгы да эсимде. Ошондой болгондуктан мамонттун муз доорунан калган калдыгын табууга кириштим. Мен кандайча мамонттун калдыгын табууга киришкендигимди сиздерге айтып бербесем, мамонтту издегендигим туура да болуп чыкпас. Июль айынын бири дегенде бир тунгусту итине чана коштуруп, жолдош кылып ээрчитип жөнөдүм, баруучу жерим Түндүк уюл деңизи. Түндүк деңизинин муздарынын арасына катып калган мамонттордун калдыгын табамбы деген ой менен жүрүп отурдум.

Иттери таскактап, жолдошум экөөбүздү сүйрөп олтурду. Арийне, иттердин таскактап чуркашы да эп эле, себеби, эки кишиге күчтүү иттерден онду чегип алгандан кийин, чуркабай койчу беле. Ошондой болсо да, бир кара ала тайган чабалактап жүрбөй калды. Мунун жүрбөй калганына эмне себеп болду. Албетте, мунун жүрбөй калгандыгына дагы бир топ толуп жаткан себептер бар болуп чыкты. Мен аны жанымдагы жолдошум — иттердин ээсинен сурадым. — Мунун жүрбөй калган себеби эмне болду экен? — дедим. Жолдошум анын жүрбөй калган себебин толугу менен айтып берди. Көрсө ал кара ала тайганды мурунку күнү да чанага чегип суутпай койгон экен. Ошондуктан, ысык кетип калып, ал күнү жүрбөй калганынын себеби ошол болуп чыкты. Кара ала тайганды чанадан чыгарып, чананын үстүнө жаткызып алып, бет алып бара жаткан узун жолубузду узарта бердик. Бир маалда түндүк уюл деңизине токтоосуз жетип барган экенбиз. Ошентип, түндүк деңиздин чет жагына чанабызды токтотуп, жүгүбүздү түшүрдүк да, өзүбүз мамонт калдыгын издөөгө кирише баштадык. Бир маалда тоодой болуп сүзүп жүргөн муздун арасынан эле жолдошум "таптым эле, таптым" — деп, кыйкырып калды. Мен да анын "таптым" деген кыйкырыгына кубанып, бала болуп чоңойгондон бери бир каткырып күлбөгөн ачуу кыйкырык менен: "Ай, айланайын абаке" — деп, кыйкырып жиберген экенмин. Ошентип, анын таптым деген тоодой музунун төбөсүнө чыгып барып, жолдошум таптым деген муздун арасын карасам, алдынкы артылып чыккан тишинин бирөө муздан чыгып калган экен. Тиши менен буулап музду казып, тоңуп калган мамонтту муздан сууруп алдык. Акырында тоо муздун башынан жылдырып олтуруп, кабагына түшүрдүк да, чанага салып алып, жолдошумдун үйүн көздөй кайттык. Мамонтту жолдошумдун үйүмө алып келип, тышка отту чоң жактырып коюп, мамонттун музун эритүү үчүн ар жак, бер жагын отко кактай бердим. Бир маалда дем алгансып, бир дабыш мамонттон пайда боло баштады. Жана бир аздан кийин ички мүчөлөрүнүн музу эригенде, чыны менен эле дем алып, башын ары-бери көтөрүп, көзүн ача-жума берди.

Мен мунун тирилип, мал болорун билип, эң кубанычтык менен сүйүнүп кеткен экемин. Жолдошум менин кайсы эрадагы мамонттун тоңуп калгандыгын билгендигиме ал дагы мага ошончолук кубанды. Бир аздан кийин мамонт башын чулгуп тура баштады. Бирок, мындан эчен кылым бою мурун тоңсо да, ички организми жана тышкы организмдери бузулбаган экен. Ошол бойдон аман-эсен гана тоңуп жата бериптир. Бирок, менин тирилткеними билбестен чоочуркап: "кайдан келгенсиң" — дегенсип, олурайып карап да коёт. Кийинчерээк акырын-акырындан үйүр боло баштады. Мен ал мамонтко курсагын тойгузуу үчүн түрлүү тамактар да алып келип бере бердим. Менин алып келген тамагымды чоочуркабай эле кызыгып жей берди. Бир капча убакыттан кийин, артынан тезегин чыгара баштады. Мага анын тезегин текшерүүгө туура келди. Себеби, ошол мамонт музга катканда кандай чөп жеп жатканын билүүгө тийишмин. Мамонттун тезегин текшерип олтурсам, папоротник жана ийне жалбырактуу чөптөрдүн кээ бирлери учурайт. Мен ал мамонтту алып, үй жакка жол тартуума туура келди. Бир күнү жолдошум менен коштошуп, мамонтту минип алып, үйдү көздөй жөнөдүм.

Ой-пикирлер