Кирүү

Миңбай, жүзбай

Бар экең, жок экен, Миңбай менен Жүзбай деген болгон экен. Миңбайдын миң кою, бир баласы, Жүзбайдын жүз кою, бир баласы бар экен. Миңбайдын баласы бир күнү коюн талаага кайтарып чыгып уктап калса, карышкыр келип койду эртеден түшкө чейин кырат. Бала ойгонбостон уктап жата берет. Жүзбайдын баласы кой кайтарып жүрүп, Миңбайдын коюн карышкыр кырып жатканын көрүп, баласын ойготту:
-Кокуй, куураткыр, коюңду карышкыр кырып кетпедиби,-деди.
Миңбайдын баласы тура калып жаакка бир салат.
-Сен жүз коюң менен мага теңелгиң келеби? Менин миң коюм бар, эмне үчүн ойготосуң, эң кызык түш көрүп жаттым але, түшүмү таап бер,-деп урушту. Жүзбайдын баласы да карап турбастан экөө бешимден урушкан кечке чейин урушту. Акырында Жүзбайдын баласы:
-Эмне түш көрдүң, айтчы, каадалуу түшүңдү угайын?-деди. Миңбайдың баласы:
-Каадалуу түш дейт тура, башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жериме чолпон жылдыз чоң тууп жатыптыр, бул каадалуу түш эмегенде, карышкыр кырган кой каадалуу бекен?-деди. Жүзбайдын баласы:
-Сатасыңбы түшүңдү,-деди. Миңбайдын баласы:
-Сатамын, карышкыр канча коюмду кырса, ошончо кой берип алгын,-деп убадалашты.
Жүзбайдын баласы:
-Карышкыр канчалык коюңду кырды экен, батырак санагын,-деп санаттырды. Миңбайдын баласы коюн санаса туура жүз коюн кырыптыр.
-Жүз коюм өлүптүр, жүз коюңду берип аласыңбы?-дейт.
-Алдым, саттым береке,-деп кол алышып кечинде үйлөрүнө кайтып кетишет.
Жүзбайдын баласы эл жата үйүнө барды. Жүзбай тура калып:
-Кокуй балам, коюң кана?-деди. Баласы:
-Атаке, түшкө сатып жибердим,-деди. Жүзбай:
-Ал эмне болгон түш экен, жүз койдун баарын саттыңбы?-десе, баласы күлүп жиберип:
-Башыма күн тууп, аягыма ай тууп, орто жериме чолпон жылдыз тууган түшкө саттым, атаке,-деди. Атасы ордунан тура калып, жеткен жеринде келтек менен, жетпеген жеринде тезек менен уруп баласын кубалады.
-Эгер койду таппай үйгө келе турган болсоң, ичиңди жарып, башынды итке салбасам менин Жүзбай атым өчсүн - деп атасы ачууланып кала берди. Бала айлап, күндөп жүрүп олтурду. Башы таз болду, курсагы ач болду, ошондо асманда учуп бара жаткан каргага карап айтты:
-Карга аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп баратам, бир кайыр этиңиз,-деп колун каргага сунган убакта, карга айтат:
-Ошондой бол, таз балам! Коюңа салган чөптү жейин десем жата калып таш алып, тура калып баш алып уруучу элең, сага чала,-деп өтүп кетти.
Мындан кийин үстүнөн бир топ көгүчкөндөр өттү. Буга да:
-Көгүчкөн аке, ынтымакка келели, бир табактан жешели, ачкадан өлүп баратам, сен бир кылчы кайырды,-деп колун сунду.Көгүчкөн:
-Ошондой бол, таз балам, кар буркандап жамгыр жааганда, жем издеп кокус мен барсам, тузак тартып ата энемди, бала-чакамды кармап алгансың. Ата-энең кое бер, убал болот десе, убал болсо кудайым адал кылбай эле койбойбу деп, шишкебек кылуучу элең, ии ошону эми көргөнүң!-деп өтүп кетти.
Канаттуудан айла болбогондой кийин бала жүрүп олтуруп, бутун шилтей албай, каруусу калбаганда "өлсөм дагы адам жатпас дөбө деген дөбөгө жетип этимди карга, кузгун жесин" деп, башына таяк жасап, көзү чекчейип, бели бөкчөйүп, жатып үргүлөп уктап кетти. Таң агарып атканда бир адам келип: "Тур, атка мингин", деп мингизип алып жүрүп кетти. Түш болгондо баягы адам артын караса түрү суук бир таз бала атына минип келе жатканын көрүп, саадагын сууруп атайын деп, кайра ойлонуп: "Никем ушуга буюрган экен" деп тура калып башына дары сыйпап, жети күндө капкара кундуздай чач чыгарды. Бул адам Күлгакы деген сыйкырчы кемпирдин кызы экен. Сейит чал дегендин Өмүраалы деген уулуна тиймек болуп, убадасын берип, ушу түнү адам жатпас дөбөгө Өмүраалы келип, кызды алып кетмекчи болгон экен. Өмүраалы бир күн эсебинен жаңылып калып, ал күнү келбей калыптыр. Кыздын аты Айымсулуу экен. Ал буйрук экен деп баягы таз балага тийди. Баланын аты Чыныбек. Бир нече күндөн кийин Айымсулуу түш көрүп, эртең менен Чыныбекке:
-Түндө түшүмдө Өмүраалы кырк жигити менен Чыныбекти өлтүрүп, колуктумду таап аламын деп жолго чыгыптыр,-деди.Чыныбек:
-Анда эң жакшы түш, эмесе мен аны өлтүрөт экемин,-деп Өмүраалынын келе турган жолуна чоң ак үй болуп кубулуп, кырк кулактуу казан болуп, ичинде толтура эт болуп кайнап турду. Өмүраалы кырк жигити менен келип:
-Кокуй, Чыныбек таз ушул окшойт, сабагыла - десе, жигиттери:
-Адам баласы кантип үй, от болуп калсын, жолдогу бышып турган бейиштин тамагынан жебей кетсек жолубуз болбойт,-деп түшө калып казандын кырк кулагынан кармап чыгарайын дегенде, казан жарылып кетип, Өмүраалы баш болуп кырк жигити күйүп өлүп калышты. Чыныбек так үшүнтүп, айла менен өлтүргөнүн Айымсулууга айтып берди.
-Эми уулунун артынан Сейит чал келет,-деп Чыныбек таз Сейит чалдын келе турган жолун тосуп, ак тайлак болуп кубулуп жүрдү. Сейит чал көрөрү менен Чыныбек таз экенин билип, тайлакты кармап алып үйүнө алып барып чөгөрүп, темир казыкты еркөчүнө кагып:
-Келинимди таап, баламды тиргизип бергин,-деп боздотуп кыйнай баштады. Чыныбек тайлак болуп муңканып, эки көзүнүн жашын мончоктотуп төгүп, боздоп турду. Сейит чалдын Ашымкан, Кишимкан деген эки кызы келип:
-Айланайын аке, адам баласы кантип тайлак болуп жүрсүн, бекер жанын кыйнабасаң, бу деле кудайдын бир макулугу турбайбы,-дешти. Сейит чал:
-Кыздарым, баламдын түбүнө жеткен чунак ушу,-деп ансайын тайлакты ура баштады. Эки кызы:
-Атаке, тайлагыңызды бизге бериңиз, Ит-Ичпестин Ала-Көлүнө сугаралы, эгер суудан ичсе тайлак экени чын, ичпесе адам баласы - Чыныбек таздын нак өзү болот. Андан кийин эмне кылсаңыз өзүңүз билиңиз,-дешти.
Сейит чал тайлакты кыздарына бербей койду эле, эки кызы таарынып мойнуна аркан тагып "муунуп өлөбүз" дешип атасын коркутушту. "Баламдын үстүнө кыздарымдан айрылбайын", деп тайлакты кыздарга бере салды.
Кыздар жетелеп Ит-Ичпестин Ала-Көлүнө жетишти. Тайлакты сугармакчы болгондо Чыныбек акең коргошун болуп суунун түбүнө түшүп кетти. Эки кыз алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп, тилдерин жебиретип, атасына ыйлап келишти.
-Ырас эле куйту таз экен, суунун түбүнө коргошун болуп чөгүп кетти,-деди.
-Эчак эле айтпадым беле, чунак кыздар, чуулдап жүрүп ушуну кылмак элеңер, кайсы жерге түшкөнүн көрсөтүп бергиле,-деп эки кызын ээрчитип Сейит чал сууга келип, сууну ууртап коргошунду тиштеп алайын дегенде, Чыныбек жөргөмуш болуп, бир теректин башына жөргөлөп чыгып кетти. Сейит чал жылкычы чымчык болуп жөргөмүшту эми тиштеймин дегенде, Чыныбек асманга турумтай болуп учту. Жылкычы чымчыкты тырпыратып, кыздарын кыңшылатып, мээсин чукуп, көзүн оюп өлтүрүп таштады. Чыныбек турумтай болуп учуп кетти. Чыныбек Айымсулууга келип:
- Эми эл-журттуу жерге барып, оокат кылалы,-деп Кара хан дегендин жерине келишти.
Экөө чөп алачык кылып алып, айылдын четинде турушту. Бир күнү хан кырк жигитин ээрчитип, куш салууга чыкты. Хан кушун бир коёнго салса, албастан айланып учуп, Чыныбектин чөп алачыгына конуп олтуруп алды. Хан келип:
-Ой, үйдө адам болсо чыгып кушумду алып бергилечи,-деди. Айымсулуу Чыныбекти карап:
-Хан келди, батыраак чыгып кушун алып берчи,-деди. Чыныбек:
-Өзүң деле алып бере койбойсуңбу, хан жутуп коймок беле сени,- деп кекетип койду. Айымсулуу кушту алып бере коеюн деп, эшикке чыга калды. Хан Чыныбектин аялынын сулуулугуна эси ооп аттан кулап түштү.
Айымсулуу:
-Ушунча хан болуп туруп киши көрбөгөн экенсиз,-деп аттантып, колуна кушун кондуруп узатып жиберди.
Хан Айымсулууга ашык болуп, кандайча колго түшүрөрүн билбей, бир күнү Чыныбекти чакырып алып:
-Чыныбек баатыр, бир тамаша салайын деп жатамын, жалгыз жатып сен да эриккендирсиң, көптөн бери тим жатып мен да эриктим. Ат сайышып жашынмак ойнойлу,-деди. Чыныбек:
-Макул, нече күндөн жашыналы, кимден башталсын?-деди. Хан:
-Үч күндөн болсун, менден башталсын,-деди. Хан жашырынды, таз ары-бери күйпөлөңдөп чуркап жүргөнүн Айымсулуу көрүп:
-Эмне кылып жүрөсүң?-десе,
-Ханды карап жүрөмүн-деди.
-Кайдан карайсын?
-Кайдан карамак элем, ушулардан карап табамын да! Айымсулуу наараазылык сөз катты:
-Булардан таба албайсың, ат байланган сарайда чоң ак эркеч турат, ушуну сакалдан алып сабасаң, хан өзү туруп келет.
Айтканыңдай ал эчкини сабаса, "Чыныбек баатыр, мөрөй сеники" деп тура келди. Хан экинчи күнү жашынганда Чыныбек ары карап, бери карап, таба албай жүргөндө, Айымсулуу чакырып алып:
-Жардын түбүндөгү теректи өзөгүнө чейин кессең өзү туруп келет,-деди.
Чыныбек чуркап барып, өзөгүнө чейин теректи кессе, "мөрөй сеники Чыныбек баатыр" деп, хан ордунан туруп келди. Үчүнчү күнү хан жашынганда Айымсулуу Чыныбектен:
-Ханды кайдан табасың?- деп калат.
-Анын эмнесин сурайсың, сарайдагы ак эркечти сабап, жардын алдындагы теректи кессем өзү эле келбейби!-деди.
Айымсулуу:
-Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат. Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Үйдүн тегерегинен ханды алты жыл издесең да табалбайсың,-деди.
Чыныбек он эки четин таяк, он эки кайың таяк кыйып алып, аралда жаткан кара буураны бакылдатып жыйырма төрт таягы сынганча сабаганда:
-Чыныбек баатыр, мөрөй сеники,-деп ордунан туруп келди. Хан:
-Эми Чыныбек баатыр сен жашынган,-деди.
Чыныбек кап менен кементайды көтөрүп алып чуркаган бойдон Айымсулууга келди да:
-Мен алачыктын артына жашынайын, сен ханга айтпагын,-деди. Анда Айымсулуу:
-Кокуй, сен кууратканы жүргөн турбайсыңбы?-деп, Чыныбекти оймок кылып сөөмөйүнө салынып, көйнөгүнүн этегин кайып олтуруп алды. Хан ары карап, бери карап таба албай, айласы кеткенде:
-Чыныбек баатыр, мөрөй сеники, бери кел,-деп чакырды. Чыныбек колдон түшүп, хандын жанына келди. Экинчи күнү жашынганда Чыныбекти Айымсулуу колундагы ийнесинин саптаган жиби учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды. Хан ары-бери карап таба албай, айласы кетти.
Чыныбек баатыр, мөрөй сеники,-деп чакырды. Чыныбек: Жаныңызда олтурсам көрбөйсүз,-деп тура келди. Үчүнчү жашынганда Айымсулуу ийне кылып Чыныбекти жакасына сайып койду Хан ары-бери карап, таба албай айласы кеткен соң:
- Мөрөй сеники, Чыныбек баатыр, кел,-деди. Чыныбек дагы оодунан туруп келди. Хан эми өзү жашынганын да таптырып, Чыныбек жашынганда таба албай, аялын уттуруп ичи күйүп, хандыгына таянып аялын бербей койду. Хан бир күнү эли-журтун жыйнап:
-Ким Чыныбектин аялын алып берет?-деп жар чакырды. Ошондо оозунда тиши жок, алтымыш жаштагы бир кемпир:
-Таксыр, ханым, мени он беш жаштагы балага алып берсеңиз, мен алып берейин, аны "Ит-Ичпестин Ала Көлүнөн суу алып кел, хан ооруп жатат, дарысы ошол суу экен,-десек барат,- үч күндөн калбай келгин, кала турган болсоң, аялың хандыкы дейбиз. Ал сууга барган соң үч күн эмес, үч жылда да келбейт,-деди.
Хан бул ойду туура көрүп, Чыныбекти чакырып, бир көнөк берип:
- Ит-Ичпестин Ала-Көлүнөн ушуну менен бир суу алып кел, үч күндөн калба, үч күндөн калсаң, аялың меники болот,-деп буюрду. Чыныбек макул болуп көнөктү алып, үйүнө келип, Айымсулуу менен акылдашып, үч күнгө чейин көнөккө толтура малдын заарын жыйып, күнү бүткөндө ханга алып-барып берди. Хан Ит-ичпестин Ала-Көлүнүн суусу деп ичип, соо жанын оорутуп алды.
Кан төшөктө жатып, элдин тынчын алып күндө жыйын, күндө той кылып жар салды.
- Ким Чыныбектин аялын алып берсе, ошону тилегине жеткизем,-деди. Анда бир чал:
- Каным, мага он бештеги кызды алып берсеңиз мен алып беремин. Чыныбекти жаян балыкты өлтүрүп, бир жак кабыргасын алтын уук кылып, жети күндө кел, жети күндө келбесең аялың хандыкы болот дейбиз. Жаян балыкка жети күндө эмес, жети жылда да жетпейт. Жетсе да, жаян балык жутуп коёт,-деди.
Хан тазды чакыртып алып:
-Жаян балыктын бир жак кабыргасын алтын уук кылып кел, жети күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, аялың биздики болот,-деди.
Чыныбек бул сөздү дагы аялы менен акылдашты. Айымсулуу жаян балыктын аксак тору атын семиртүү үчүн алган экен, ошол атты Чыныбекке миңгизип:
-Чолок кара кылычты, алтын сепкен жоолукту, алтын коңгуроону, алтын шакекти алып бар,-деди. Чыныбек макул деп айткандарынын баарын алды. Айымсулуу асман менен түн ичинде учуруп жиберди. Чыныбек барса, жаян балык суунун түбүндө ойноп жүргөн экен. Жеткенде алтын коңгуроонун үнү чыкканда жаян балык тору атымды аламын деп, суудан башын чыгарганда, кылычты кынынан чыгарса, жети кулач болуп узарды. Кылыч менен жаян балыктын башын жара чапты. Бир жак өрөөнүн торуатка кырк бүктөп салып, асман менен учуп, сегизинчи күндө үйүнө келип түштү. Жети күндөн ашкандан кийин:
- Айымсулууну аламын,-деп хан калкын жыйнап нике кыймакчы болуп жатканда, Айымсулуу жети катар темир үй болуп, жатып калган экен. Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай акыры от менен чыгар деп, тегерете карагайды үйүп, темирди ысытып жатканда, Чыныбек келип коңгуроосунун үнүн чыгарды. Айымсулуу угуп, сыйкыры менен жаккан отту хандын үйүнө көчүрүп, өзү Чыныбектин жанына бирге отуруп калды. Бүткүл эл журт таң калып, эси кетип коркушту.
Мындан эки-үч күн өткөндөн кийин дагы хан калкына жар салды, анда бирөө:
-"Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар, ошону алып кел", деп жиберсек, Чыныбек сөзсүз өлөт, жолдо ажыдаарлар көп,-деди.
Чыныбектин аялы алардын сөзүн угуп, күйөөсүнө айтты:
-"Хан канча күндө келесиң" десе, "күнү-түнү он күндө келемин" деп, жылкынын артында сүйрөлгөн бир кунан бар, ошону ал,-деди. Эртеси эле хан Чыныбекти дагы жумшады.
-Ушу жакта көчүгү күмүш, көкүрөгү алтын элик бар экен, ошону алып келгин, сенден башка жарай турган киши жок, канча күндө келесиң?-деп сурады. Чыныбек баатыр:
Күнү-түнү он күндө келейин,-деп баягы жылкынын артындагы жаман кунанды алды. Ал тулпар экен, кунанын аялына алып кедди. Аялы багып тулпар алына келтирип:
-Кечинде жатып эртең менен мойнуңа куруңду салынып баргын, ал элик чынар теректин түбүндө жуушап жатат. Арканыңды үч тегеретип ыргытып, өзүң көрүнбөй келе берсең, элик өзү барпаңдап алдыңан чыгат,-деди.
Баатыр тулпарын минип кетти. Тулпар күчүнө келип, ар тоонун башын бир аттап басып отуруп жетти. Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү. Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди. Бир убакта барпаңдап энтигип элик алдынан чыкты. Эликти ээрчитип алып, үйүн көздөй жолго салды. Чыныбектин келерине бир күн калганда, хандын бир вазири келип Айымсулууга:
-Жүрүңүз, баатырдын ашын берели,-деди.
Эртеси баатыр эликти жетелеп келип хандын колуна берди.
Хан айласы кетип, оорумуш болуп төшөккө жатып, Чыныбекти чакырып, Гүлгаакынын гүлүн алып келүүгө жиберди. Айымсулуу бир кат жазып! Чыныбекке берди:
-Жолуңан бир кемпир жолугуп туякка айран куюп берет. Оң колуң менен айранды алгын, сол колуң менен катты бер,-деп айтты. Бир нече күндүк жолдон кийин кемпирге жолугуп, оң колу менен айранын алып, сол колу менен катты берди. Кемпир окуп:
-Менин үч кызым бар эле, бербеске ылаажым жок, сенин албаска ылаажың жок экен,-деди.
-Эми мен кыздарымды чакырам,-деп бир кудуктун жанын көрсөттү.
-Ушу жерге менин үч кызым учуп келет, кичүүсү кийин келет, кичүүсүн өн кийиминен таанып алсаң болгону,-деди.
Кемпир ышкырып кыздарын чакырды. Үч көгүчкөн учуп өттү. Кичүүсү артынан келди, Чыныбек кичүүсүнүн кийимин жаасы менен түшүрө атты. Кыз Чыныбектин жанына учуп келип, кийимин сурады эле Чыныбек бербеди.
-Эгер сен мага тийсең беремин, тийбесең бербеймин,-деп Чыныбек туруп алды. Айласы кеткенде кыз макул болду. Кемпир төрт шакекти төрт жагына ыргытты эле, тиги жактан, бу жактан тегереги тең жактан "той болот" деп чуулдашып көп кишилер келди. Той берип, элди ыраазы кылып, батасын алып, калкына күйөөсүнүн даңкын жайып Гүлгаакынын гүлүн берип узатмакчы болду. Узатаарында кыз энесине:
-Төрт шакегимди бермейинче барбаймын,-деп, ордунан турбай жатып алды. Айласы кеткенде кыйылып туруп, кемпир ары карап ыйлап, бери карап күлүп, кызын бир карап, күйөөсүн бир карап туруп араң берди. Кызы алгандан кийин Чыныбек менен жолго түштү. Үйүнө жетерге бир күн калганда кандын вазири Чыныбектин Айымсулуусуна келип:
-Жүрүңүз, Чыныбек баатырдын ашын берели,-деди. Айымсулуу:
-Эртең келбесе, өзүм барып берейин,-деди.
Эртеси Чыныбек баатыр колуктусун алып келип калды. Гүлгаакынын гүлүн ханга берди. Хан Чыныбектин колуктусун көрүп андан бетер эси кетип, оорусу чынга айланды. Колуктусу алып келген төрт шакегин төрт бурчка ыргытты. Эл батпай баягыдай чогулду, келген кишилерди хан көрүп "бу кайдагы эл" деп чочуду. Чыныбек баатырдын колуктусу ханга:
-Сиздин элиңизге эл, журтуңузга журт коштук, зыяны болбос,-деди. Хан элди көрүп:
-Эми ушуларымды өлгөн атам көрсө, эч болбогондо өз кулагы менен укса, менин ушунчалык көп элимдин бар экенин жана хан экенимди билдирейин,-деп Чыныбек баатырды жибермек болду.
-Чыныбек баатырым, сен элден-журттан ашкан баатыр болдуң, мен белгилүү, акылдуу ханың болдум. Бул дүйнө жүзү бизди билет. Эми тиги дүйнөдөгү элдер дагы бизди билсин, сен менин өлгөн атама барып, менин хан болуп турганымды, элимдин көптүгүн айтып атамын өзүнүн колунан кат жаздырып алып кел,- деди.
Чыныбек:
-Бир дөңгөч, он аркан даярдап бериңиз, күнү-түнү менен барып келем,-деди. Үйүнө келип өзүнүн сүрөтүн тартып дөңгөчкө байлап, ай батып, жылдыз толуп турганда аркан менен дөңгөчтү учуруп жиберди. Убагы бүткөнчө хандын атасынын жазуусундай кылып Айымсулуу менен кийинки колуктусу үчөөлөп катты жазып, ханга алып барып берди.
Хан катты окуп ыйлап:
-Мени атам келип кет дептир. Чыныбек өзүңдөй кылып мени учургун,-деп кыйнады. Чыныбек элинен кыл аркан жыйып, ханды кабыргасынан кан тамганча катуу таңып, тоонун башынан ылдый карай учурду. Бир күн-эки күн өткөн соң Чыныбек баатыр хандын аялына барып:
-Жүрүңүз хандын ашын берели,-деди. Аялы Чыныбек баатырдын Айымсулуусун туурап:
-Эртең келбесе, өзүм барып берейин,-деди.
Ханы тоодон учуп коктуга түшүп, атасынын барган жерине барып өлгөн соң, элине кайтпады. Чыныбек ханга аш берип, аялын алып, эли-журтун жыйып, баягы Жүзбай атасынын алдына барып жүз койго алган түшүн айтты.
-Башыма күн, аягыма ай, орто жериме чолпон жылдыз чоң тууган түш,-деп айтып берип, ата-энеси менен жыргап ушул убакка чейин дүйнөнүн түбүндө, жер жүзүнүн үстүндө жашап жатышкан экен.

Ой-пикирлер