Жалбыз (уламыш)
Илгери Улукман дарыгердин Жалбыз деген жалгыз баласы болуптур. Баласы абдан акьшдуу, зээндүү, өткүр болуп өсөт. Атасынын кубанычы койнуна батпай, баласына аябай ыраазы болот экен. Кундөрдүн биринде Улукман дарыгердин баласы ооруп калат. Оорусу күндөнкүнгө күчөйт. Улукман аке билген дарысынын барын берет, бардык билген чөптөн дары жа сап баласын дарьшайт. Бирок баланын оорусу айыкпастан кайра күчөйт. Байкуш ата күнү да, түнү да баласын кантип айыктырып, аман алып калсам деп ойлонот. Айласы кетет.
Ар кай жактан дарыгерлерди чакыртат. Баары тең бала ны көрүшүп эч бир жардам бере албасын айтышып, кайра жолго түшүшөт. Күндөр өтө берет. Баланын оорусу күчөп, акыры көз жумат. Атанын кайгысы жүрөгүнө батпай, жалгыз баласын жерге жашырат. Күндөрдүн биринде Улукман аке чапанын желбегей жа мынып, суунун жээгинде отуруптур. Жээктен бир чоочун чөптү көрүп, акырын маки менен чөптү кесип алып, жээк ке коюп, үстүнө макисин коюп коёт. Өзү колун жууп, жүзүн чайкап болуп, макисин алайын десе макисинин мизи кара рып, чөпкө тийген жери эрип кетиптир. Ошондо Улукман аке: Атандьш көрү ай, Жалбызым, Жалбызым, ушул чөптү Ай билгенде, аман калмак экенсиң ай, жалгызым, жалгызым, деп буркурап ыйлаган экен. Ошондон бери ошол чөптүн атын "Жалбыз" деп атап ка лышыптыр. Жалбыздан көп сандаган дарылар жасалып, көп ооруларга дары болуп, ооруган адамдарга пайдасы тийип келе жатат.