Кирүү

Жээн эл болбойт, желке тон болбойт

"Жээн эл болбойт, желке тон болбойт". Жээн - кыздын ба­ласы. Ал тайата, тайэне үчүн небере болуп саналат. Анткени чык­кан кыз чийден сырткары. Ошондуктан, кызды бирөөлөрдүн бүлөсү -дейбиз. Демек, андан туулган баланын эл-жери башка. Жээнди тайаке-тайыны баккан учурлары да бар. Тайатага, тайэнеге жээн-небере - өзүнүн уулунун балдарындай эле сүймөнчүлүккө эгедер. Ошондой көрүшөт, ойдогудай мамиле кылышат. Бирок эркек бала эл-жерин, кыз бала өз төркүнүн таппай койбойт. Себеп дегенде, каны башка, жаны башка. Кыргызда "тентиген, тербиген" "бироонун элин-де кул" өңдүү сездер менен урук, уруулар кошо акарат катары ай-тылган учурлары бар. Мисалы, "тентиген саяк", "сарбагыштын кулу", "элиң-жериң солтону тап" сымал ачуу кептер эртели-кеч эл ичинен айтылышы ыктымал. Буга улуу эпостогу Семетейдин Бу-карга тайаке-тайынына барышы, ал жакта чоңоюшу, ойноп жургон жеринде ыза болушу, акыры Таласка кыргыз элин таап келиши ай-кын далил боло алат.

Теринин жалаң желкесин кесип алып, челдеп, өңдөп, боеп эч ким тон бычкан эмес. Натыйжада, ал "моңолдорго жээн", "Тыным-сейиттин жээнинен торолген бала", "жээнибиз келди, жээн аяк кар-майт" өңдүү ой-максаттар нарктуу да, салттуу да туюлат. Ошондук­тан, "жээн келди - жети беру келди" - дейбиз. Ал ала да, жула да билет. Анткени ал эненин кадыры. Жээн энесинин төркүн тарабын алыс-жакынына карабай, жаштарына карата тайата, тайэне, тайэже,

тайаке, тайжезде, тайжеңе деп айтат. Анын бир гана түшүнүгү бар. Энесинин төркүндөрү эркелетет. Ал келгенде ез жагдайына ага бир-деме энчилешип турушат. Анын ата башы тай ээнчилейт. Ошондон улам "тайаке-тайын" дейт. Демек: "Тай энчиленген жерим, тай мин-гизген элим", - деп турушат. Деле бирөөлөргө тай энчилое так ошол жээндерге берүүдөн калыптыр. Т.а. кыз төркүнү үчүн кандай кымбат болсо, анын балдары ошондой баркталат, ардакталат. Улуулардан уккандарга Караганда неберелерине деле бирдеме энчилее кыргыз-дарга таандык мыкты салт экени талашсыз.

Ой-пикирлер