Кирүү

Жаңылануу

Бир чал жаштардын кылык-жоругуна кейиди: "Азыркы жаштарьщ улуудан ийменбейт. Көчөдө өбүшчү болду. Са-ламы жок, мурду менен бир тиет. Биздин убактагы далай сонун жорук-жосундар жоголду..."
Мамбеталы оңдоно берип, муну айткан экен:
— Жан жаныбар жылыга түлөйт, түнөгүн жаңылайт. Бак-дарак жылыга жаңы барик байлайт. Адам да түлөп, сырт кийимин улам которуп турат. Анын бир артыкчылы-гы түшүнүгү байып, акылы жаңыланат, көз карашы өзгө-рөт. Ошого жараша жаңы жорук-жосун күтүлөт. Жакшы улаң-кыз акылы жетилген сайын мөмөдөй салбырайт, аби-йир табат. Акылы жетилбеген сырт кебетесине күчүн чы-гарып, эл көзүнө женилет.
Жаныланып, утуру акылы байып турбаганды карыды, алжыды деп коёт. Ал чөөт сууга тең. Каерде акыл тайыз-даса, ыкшоолук басса, мококтук күч алса, ошол жерде карылык бар. Ал эми карылык, жаштын улгайганы эмес, жаш туруп карыгандар да болот. Кайтып, улам терең ка-рыган сайын шайдооттонуп, жаштын деми менен элге ар-касы тийгендер бар, алар күнүнө өзүн-өзү жаңырткан адамдар.
Ал эми карыган сайын, акылы тайыздаса, ал бактысыз карылык. Ошондуктан, жашынан карылыкты жеңе билиш-тин жолун ойлогула да, жашыңдан абийирдүү карыштын камын көргүлө...

Ой-пикирлер