Жаңы тигилген үйгө жүгүнүү
Жаңы тигилген үйгө жүгүнүү. Боз үй - ата-бабалардан бери кут түшкөн жай. Тигилип бүткөндөн кийин байбичелердин нускооло-ру менен келин-кезектер жүгүнүп, босогону аттаган. Аны карыялар алкаган. Батанын мазмуну: "Алдын бала, аркасын мал бассын, ак этек жүйүр болуп, орун-очок алсын" - дегени. Май, нан, ак алып кирип ооз тийишет. Мал мууздалып, акыры тойго айланат. Кутмандуу Кыргыз Атанын ушундай жышаандары аркылуу адеби, ыйманы, каадасы, салты, үрп-адаты, ырымы, жырымы, эм-домү өзүнүн ба-гыты боюнча өрчүп келген.
- Суу алуу
- "Тон жылуусун ээси билет"
- Жандай салып бастырса, жакшы атка жол жокпу
- Эки бакыр, бир тукур
- Жандыктын жилигин бөлүп тартуу
Ой-пикирлер