Кирүү

Жанат түрүндөгү ит жанат түрүндөгү ит

Жанат түрүндөгү ит

Жанат түрүндөгү ит – (Уссурия жанаты) ит тукумундагы жырткыч айбан. Кашкулакка окшоп кетет. Бул айбандардан мөмөлүү жаңгак токоюуна биринчи жолу 1934-жылы кое берилген. Бул токойдо жанат түрүндөгү иттер жашай албай калды. Алардын бардыгы тең кыш ызгаардуу, кар калың түшүшүнө жана бул мезгилдерде тоюттун жетишсиздигине байланыштуу кырылып калышкан. Жанат түрүндөгү иттерди 1944-жылы Ысык-Көлдүн жээгине Семеновка селосуна кое берилген кезде, алар жашай башташты, алардын саны он беш эле. Жанат түрүндөгү иттер көлдүн жээгиндеги бадалдарга кирип кетишип, ошол бадалдардын арасында жашап жатышат. Азыркы кезде жанат түрүндөгү иттер көбүнчө Ысык-Көлдүн чыгыш жээктеринде, башкача айтканда, Түп суусунун жээктеринде кездешет. Булардын санынын тез өсүшүнө алар үчүн ыңгайлуу бадалдардын аз болушу тоскоолдук кылып жатат. Азыркы күндө бар болгону 200-300 жанат түрүндөгү ит бар. Алардын терилери анчалык баалуу болбогондуктан, кыргоолдорго жана башка аңчылык канаттууларына бир кыйла зыян келтире тургандыгынан буларды мындан ары өнүктүрүү иши шек туудуруп жатат.

Ой-пикирлер