Кирүү

Жаңгак токою

Жаңгак токою

Дүйнө боюнча эң ири жаңгак токойлору Кыргызстанда. Кыргызстандын түштүк райондорунда жапайы жаңгак токойлору бар. Жаңгак дарагы сөңгөгү жоон, бутактары барпайып, бийик болуп өсөт. Кыргызстанда жаңгак токойлору Арсланбап, Көгарт, Аксы жана Өзгөн аймагында кезигет. Алардын жалпы аянты 276 миң гектарга жетет.

Жапайы жаңгак ошондой эле Кичиазияда, Балкан жарым аралдарында, Иран жана Кытайда да жолугат.

Жаңгак абдан көп жыл жашаган дарак. Жер жүзүндө бирибиринен мөмөсү менен айырмаланган 900 түрү бар. Жаңгактын жалбырактары жазы, жыттуу келип, кеч ачы лат. Жаңгак дарагы 78 жылдан кийин түшүм бере баштайт. Ал нымды жана жылуулукту сүйөт. Ным жетиштүү жерде бийик, көркөмдүү болуп өсөт. Данегинин 4570 пайызы май, 821 пайызы белоктон турат.

Токойдо жаңгак менен жапайы жандыктар доңуз, кирпи, кашкулак жана башкалар азыктанышат.

Ой-пикирлер