Кыргыз тоолору. Кыргызстан

АДЫГИНЕТОО – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Лейлек ж-а Каравшин сууларынын аралыгында кеңдик багытта 30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 3200–3500 м, эң бийик жери 3952 м. Жону тайпак, айрым жерлеринин капталы тик, кыска кокту-колоттуу. Ортоңку карбондун кумдук, алевролит, акиташтуу конгломерат, сланец тектеринен турат. Кургак талаа (1600–1700 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а арчалуу токой (2600– 2700 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Кыргыз тоолору

БАЛЫКТЫ ТООСУ Ички Теңиртоодо, Соңкөл тоосунун батышында. Жумгал ж-а Соңкөл өрөөндөрүнүн аралыгынан орун алган. Жумгал р-нун аймагында. Уз. 24–25 км, туурасы 8– 10 км. Орт. бийикт. 2800–3000 м, эң бийик жери 3400 м. Жону тайпак түзөң. Чыгыш капталы кыска, Соңкөл өрөөнүнө акырындап жантаят, батышы узун, Жумгал өрөөнүн карай бир аз тигирээк түшүп, кокту-колот, майда капчыгайлар көп. Тоо ордовик ж-а карбондун кумдук, сланец, порфирит, туф, акиташ тектеринен түзүлгөн. Негизинен субальп, альп шалбаалуу талаа ж-а шалбаа ландшафтары басымдуу. Жайыт.

БАСБӨЛТӨК, Байтиктин Бас бөлтөгү, Боз бөлтөк – Кыргыз Алатоосунун этегиндеги бөксө тоо. Аларча суусунун тоодон чыга беришинде Бишкек ш-нан 3–6 км түш.батышта жайгашкан. Абс. бийикт. 950–2100 м. Түн. жагы жазы (5 км), түш. карай кыска, бирок жантайыңкы. Үстү жайык плато; түн. тарабы тектон. жаракалар ж-а жарлар м-н чектешет; чыгыш капталы тектирлүү. Тоонун үстүнкү кыртышы лёсстуу кумай топурак, асты неогендин чопо, шагыл-таштар, конгломераттарынан турат. Шы б а к -эфемерлүү жарым чөл (түн.), кылканактуу-түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу-талаа өсүмдүктөрү, коктуларда бадалдар өсөт. Түн. ж-а чыгыш капталдарына, тектирлерге бак-дарак (мисте, каражыгач, өрүк ж. б.) тигилген. Жайыт.

БАУК ТООСУ – Молдотоонун түш. тармагы. Куртка, Көлсуу, Бооралбас, Шорго, Аккөлсуу (Нарындын оң куймалары) сууларынын алабында кеңдик багытта ийилип жатат. Уз. 28 км, туурасы 8 км. Орт. бийикт. 3000 м, эң бийик жери 3388 м. Тоонун кыры түзөң, түн. капталы кыска, Куртка суусунун өрөөнүнө тик түшөт, түштүгү жазы, терең тилмеленип, жарлуу. Батыш бөлүгү Куртка суусуна тик түшүп, терең капчыгайды пайда кылат. Тоонун чыгыш бөлүгү Ачаташ тоосуна уланып кетет. Капталдарына кургак талаа, субальп талаасы ж-а альп шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Жайыт.

БЕЛИСЫНЫК ТООСУ Түш. Теңиртоодо, Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө. Кожобакырган суусунун чыгышында дого сымал кеңдик багытта 26 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 11 км. Орт. бийикт. 1100– 1300 м, эң бийик жери 1571 м. Кыры тайпак, Кожобакырган өрөөнү тарабынын батыш капталы тик ж-а кыска, түн. ж-а түш. беттери Фергана ж-а Ташрабат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Палеоген ж-а неогендин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, алевролит ж. б. тектеринен турат. Тоого чөл, жарым чөл, кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Капталдарына кайрак эгин айдалат; чабынды ж-а жайыт.

БЕЛКАМЫШ ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Өзгөн р-нун аймагында. Улуучат ж-а Карадөбө сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышты карай 26 кмге созулат. Туурасы 8 км. Орт. бийикт. 2500–2800 м, эң бийик жери 3753 м. Кыры тайпак, капталдары кыска, Улуучат ж-а Карадөбө капчыгайларына тик (40–50°) түшүп, көптөгөн кокту-колоттордон турат. Бийик түн.-чыгыш бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапыз түш.-батышы девондун кумдук, сланец тектеринен түзүлгөн. Көмүр кендери бар. Шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү, бийик чөптүү шалбаа аралаш өскөн бадалдуу токою басымдуу. Бийик тоолордо субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары кездешет. Токой чарбасы бар. Жайыт.

БЕШКЕЖИГЕ ТООСУ – Академик Адышев атн. кырка тоонун бир тармагы. Түштүгү Талдык ашуусу ж-а Алай өрөөнү, түндүгү Сөгөт түздүгү, чыгышы Көксуу тоосу, батышы Арчалы, Акбосого (Гүлчөнүн алабы) түздүктөрү м-н чектешип меридиан багытында 30 кмдей созулуп жатат. Орт. бийикт. 2900 м, эң бийик жери 4243 м. Түштүктөн түндүктү карай жапыздайт. Б. т. бири-биринен терең ж-а кууш капчыгайлар м-н бөлүнгөн чакан беш тоодон (Катыр, Тулга, Кала, Өлбөс ж-а Көлкежиге) турат. Палеозойдун акиташ теги, бор мезгилинин кызыл түстөгү конгломераттуу аскалары, тоо этеги төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен турат. Тоонун батыш капталы тик, аскалуу, чыгышы жантайыңкы. Батышына токой (2700–3000 м), альп шалбаасы (3000–4300 м), чыгышына субальп ж-а альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

БИКИРТИК – Борб. Теңиртоодо бийик (3100–4800 м) тоолуу аймак. Какшаал тоо тизмегинин түн.-чыгышында. Анын өтө бийик Акзоо (батышта), Айрытөр (чыгышта), Бикиртик (түштүктө) ж. б. тоолорун кар мөңгү баскан. Бул аймакка аркайган асказоокалуу жылаңач тоолор, куюлган корум таштуу рельеф мүнөздүү. Айрым жерлерде (түш., түн.-чыгышта) тайпак пенеплендүү тоолор кезигет. Негизги морфоструктуралар ортоңку палеозойдун түрдүү түстөгү кристаллдашкан чөкмө тектеринен турат. Түндүктөгү жапыз (Чолоккапчыгайга жакын) жагы миоцен-плиоцендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, өтө бийик түш. бөлүгү девондун калыңдыгы 2300 мге жеткен кумдук, сланец, алевролит тектеринен түзүлгөн. Какшаалдын кырында Бикиртик бели (бийикт. 4358 м) жайгашкан. Бикиртик суусу (уз. 29 км) Чолоккапчыгайдын (Акшыйрактын алабы) оң куймасы; өтө кууш терең капчыгай м-н агат. Ага кар, мөңгүдөн башталган суусу мол бир катар суулар (чыгыштан Айрытөр, Майтөр, Ичкетөр, батыштан Карабел) куят. Тоолордун күнгөйүнө бийик тоолуу талаа, тескейине шалбаа, түндүктөгү жапыз жагына кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Топоним адабиятта, топогр. карталарда Бакирти, Бекертык, Бекирти, Бикиртти, Пикертык, Пиккертык деген аттар м-н башаламан берилип жүрөт. Үчтурпандыктар Бикиртик ашуусун – К ү к ү р т ү к деп аташат.

БОЗБУТОО Чаткал кырка тоосу м-н Нарын д-нын аралыгынан орун алган. Чыгыш жагындагы Атойнок тоосунан Карасуу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран ойдуңчасына өтөт. Уз. 30 км, туурасы 14 км, эң бийик жери–Шилби чокусу (2876 м). Тоонун негизин палеозой заманынын порфир, туф ж-а кумдук, акиташ тоо тектери түзөт, капталдарында мезозой чөкмөлөрү жатат. Түш. этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен турган адырлар ээлейт. Жарым чөл, кургак ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түш.-батыш этегинде (Майлысай) мунай кени бар.

БОЗЖАЛПАК ТООСУ Борколдой тоосунун түш.-чыгышында. Батышы м-н түндүгүнөн Борколдой, Баралбас өрөөндөрү, түштүгүнөн Бозжалпак ойдуңу м-н чектешет. Чыгышы Карабел (түш.) ж-а Миңтеке (түн.) өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 38 км, туурасы 6–12 км. Орт. бийикт. 4100 м, эң бийик чокусу 4447 м (Бозжалпак суусунун башталышында). Асимметриялык түзүлүштө: түш. капталы тик, кыска; түндүгү жантайыңкы. Эки капталында тең тепши сымал туюк өрөөндөр бар. Кыр бөлүгүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары кездешет. Төмөнкү ж-а ортоңку карбондун сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Тоонун түш. капталы каксоо; тик капталдуу аскалардын этегинде, эшилген шагыл кумдарда баялыш, чекенде, түн. капталында (3200–4000 м бийиктикте) кара-күрөң топуракта каракыяк, теңиртоо бетегеси, шыбактуу доңуз сырты, жылгын ж. б.; андан жогору (4000–4300 м) субальп ж-а альп өсүмдүктөрү (бетеге, теңиртоо чыйпылдагы, таракбаш, боз терескен, кылкандуу күдүү, айгыржыгар ж. б.) өсөт. Жайыт.

БОЗКЫР КЫРКА ТООСУ – Какшаал тоо тизмегинин Сарыжаз капчыгайынан Меридиан кырка тоосуна чейинки чыгыш бөлүгү. Уз. 85 км, туурасы чыгышында 40– 50 км, батышында 15–20 км. Орт. бийикт. 5000–6000 м, эң бийик жери 7439 м (Жеңиш чокусу). Генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь. Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец ж-а мрамор тоо тектеринен турат. Тоонун чыгыш бөлүгү туташ жаткан кар ж-а мөңгүлөр м-н капталган. Эң ири мөңгүлөрү: Түш. Эңилчек ж-а анын сол тармактары – Жылдызча, Жапайы ж. б.; Кайыңды, Көйкап, Темирсуу (түш. капталында). Түн. капталында гляциалдык-нивалдык ландшафт басымдуу. Альп ж-а субальп шалбаа алкактары батышында гана бар. Түш. капталы чөлдүн гляциалдык-нивалдыкка чейинки алкактардан турат.

БООРАЛБАС КЫРКА ТООСУ, Ителги уя тоосу – Ички Теңиртоодогу кырка тоо. Соңкөл өрөөнүнүн түш. жагында батыштан чыгышка карай созулуп жатат. Уз. 70 км. Бирин бири далдалаган ж-а өзүнчө обочолонуп жаткан эки кырка тоодон турат (Бооралбас, Ителгиуя). Орт. бийикт. 3500 м. Эң бийик жери 3980 м (Ителгиуя чокусу). Девон м-н карбондун боз ж-а кызыл түстөгү карбонаттуу терриген тектеринен, айрым жерлери кембрий, ордовиктин көмүртектүү сланец ж-а карбонаттуу катмарларынан түзүлгөн. Түн. капталдары м-н кыр жагында астыңкы палеозойдун гранит интрузиялары басымдуулук кылат. Б. к. тнун. борб. бөлүгү өтө бийик келип, батышты ж-а чыгышты карай жапыздайт. Түш. капталдары тик, кемерлүү, түн. тарабы анча тик эмес, Соңкөлгө карай этек жагы жантайып кетет. Айрым жерлеринде байыркы денудациялык тегиздиктер кездешет. Таманы тегиз өрөөндөр ж-а аларды бөлүп турган жапыз жондор көлдү карай эңкейиштейт. Ителгиуянын күнгөй бети тик, тескейи жантайыңкы; кырларында айдөөш тегиздиктер даана байкалат. Б. к. т-нда байыркы мөңгүлөрдүн издери кеңири таралган; азыркы мөңгүлөр жок. Ландшафттары бийиктикке ж-а тоо капталдарынын экспозициясына жараша өзгөрөт. Тескей капталдарын 3150 м бийиктикке чейин түркүн чөптүү (шимүүр, каз таман, көбүргөн) субальп, андан жогору альп шалбаалары (түркүн гүлдүү чөптөр, доңуз сырт) ээлейт. Соңкөлгө такалган этегинде өлөң чөп, саздуу шалбаа басымдуу. Күнгөй беттерине бетегелүү (тоо сулу, казтаман, шимүүр ж. б.), түркүн чөптүү талаа (2500–3000 м), жапалак арча, бадалдар (төө куйрук, табылгы), бетеге, түркүн чөптөр аралаш өскөн субальп (3000–3500 м) ж-а альп шалбаалуу талаа (3500 мден жогору) зоналары мүнөздүү. Куртка өрөөнүндө тоонун Кажырты суусуна караган бетеринде карагай токоюнун массивдери бар. Жайлоо.

БООРАЛБАС ТООСУ – Алайкуу кырка тоосунун бир тармагы. Теректоодон Ойбала түздүгү ж-а Жарыкбел ашуусу аркылуу бөлүнүп, түш.-чыгыштан түн.-батышты карай 20 кмдей созулуп жатат. Орт. бийикт. 3700 м, эң бийик жери 5200 м (Жарыкбел чокусу). Палеозойдун акиташ теги, сланец, гнейс, мрамор ж-а гранит тоо тектеринен турат. Тоо кыры түн.-батыштан түш.-чыгышты карай бийиктеп, өз алдынча бир нече тоо массивдерине (Бекетай, Кичи Бооралбас, Чоң Бооралбас, Жолжылга ж. б.) бөлүнөт. Капталдары тик, кокту-колот, капчыгайлуу, аскалуу; муз доорунда тегизделген тайпак кырлуу рельеф мүнөздүү. Жарыкбел, Кызылагын ж. б. мөңгүлөрү бар. Тоонун ландшафты бийиктик б-ча каптал экспозицияларына жараша түндүктөн түштүккө карай өзгөрөт. Негизинен токойлуу талаа (2500–2700 м бийиктикте), токой (2700– 3200 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3200– 3900 м), кар-мөңгүлүү ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

БОРДУТОО – Тескей Алатоонун түш. тармагы. Борду, Ээрташ, Караколтөр ж-а Көөлү сууларынын аралыгында дого сымал түштүктөн түн.-батышка 25 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 4300–4600 м, эң бийик жери 4849 м. Кыры мөңгүлөр м-н капталган, жалама аска-зоолор бар. Капталдары тик, терең капчыгайлуу. Үстүнкү протерозойдун калыңдыгы 2400– 3000 м келген мраморлуу ж-а доломиттүү акиташ теги, сланец, кварцит тектеринен турат. Этегиндеги субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафты 3300 мден жогору субнивалдык талаага ж-а гляциалдыкнивалдык алкакка өтөт.

Кыргыз тоолору

БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ Борб. ж-а Ички Теңиртоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыркорум, Үзөңгүкууштуюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоң Үзөңгүкууш, Кичи Үзөңгүкууш, Бозжалпак сууларынын Өрөөндөрү м-н чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Бозжалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеңдик багытында созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөңгүсүнүн төрүндө 5170 м, орт. бийикт. 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой (4000 м), Ашуусуу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун ж-а астыңкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектон. жарака б-ча көтөрүлүп, кеңдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түн. капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы ж-а азыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөңгүлөр ээлейт. Ортоңку ярусу – неоген м-н төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектон. кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир ж-а аларды бөлүп турган кашаттар. Төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден ж-а V формасындагы терең, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөңгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл ж-а кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800– 4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарабаш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыржыгар ж.б.), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраң, доңуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Д. Исаев

БОСОГОАКТАШ ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Карабел, Кулун ж-а Тар сууларынын алабында кеңдик багытта жатат. Уз. 20 км, туурасы 6–7 км, орт. бийикт. 3300 м, эң бийик жери 3983 м. Кыры аскалуу, туш тарапка тармактанып кетет. Капталдары майда кокту-колоттуу, тик. Этек бөлүгү шагылдуу. Кургак талаа (2400 мге чейин), талаа ж-а бадал аралаш шалбаалуу талаа (2400–2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3400 м) ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

БОТОМОЙНОК – Какшаал тоо тизмегине кирген, Аксай өрөөнүнүн түш.-чыгышта, Көккыя м-н Корумду сууларынын баш жагында жайгашкан кырка тоо, ашуу, суу. Ортоңку палеозойдун (девондун аягы, таш көмүр мезгилинин башы) кумдук, конгломерат, сланец, мергель, акиташ теги ж.б. турган бийик тоолуу аймак. Рельефине тайпак, пенеплендешкен формалар мүнөздүү. Айрым чокулары 4200–4300 мге чейин көтөрүлөт. Талаа, шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Жайытка, аңчылыкка ылайык. Б-тун белинен (4020 м) илгери кербен жол өткөн.

БӨРҮБАШ ДӨҢСӨӨСҮ Ысыккөл өрөөнүнүн түш.-чыгышында. Каракол м-н Ырдык сууларынын төм. агымдарынын аралыгында Ысыккөлдүн Жыргалаң булуңунун түштүгүн жээктей 6 кмге созулуп жатат. Бийикт. 1812 м. Плиоцендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин мергель, чопо, кумдук, о. эле борпоң чөкмө тектеринен турат. Жону тайпак, балык жондонуп, батышты көздөй акырындык м-н жапыздайт. Асимметриялык түзүлүштөгү дөңсөө: түн. капталы кыска ж-а жапыз, түштүгү тик ж-а узун, айдөш. Капталдарында кургак сайлар ж-а аңдар көп кездешет. Жарым чөл-кургак талаа ландшафты мүнөздүү. Кыштоо; чабынды жерлери да бар. Дөңсөөгө жакын Н. М. Пржевальскийдин мемориал музейи, Х.К. Карасаевдин бейити жайгашкан.

БУРАКАН ТООСУ – Тескей Алатоонун түн. тармагы, Аксуу ж-а Жергес сууларынын аралыгында. Түн.түн.-чыгыштан түш.түш.-батышка 23–25 кмге дого сымал созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3500–4000 м, эң бийик жери 4716 м (Таштанбектөрбашы чокусу). Тоонун кыры асказоокалуу, ири мөңгүлөр бар. Капталдары тик, терең капчыгайлар ж-а кокту-колоттор көп. Тоонун түш. (бийик) бөлүгү төмөнкү рифейдин габбро-диорит, түн. (жапыз) бөлүгү ордовиктин гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа (1200–2300 м бийиктикте), бийик чөптүү шалбаалуу карагай токою (2300– 3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа (3000–3300 м), андан жогору субнивалдык ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт. ДАУДТОО – Түркстан кырка тоосунун түн. тармагы. Каравшин ж-а Жиптик сууларынын аралыгында кеңдик багытта дого сымал 23 кмдей созулуп жатат. Туурасы 6–8 км. Орт. бийикт. 3400–3600 м, эң бийик жери 4149 м. Кыры тайпак, аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Силурдун аягында пайда болгон конгломерат, кумдук, сланец, акиташ тектеринен турат. Талаа (1600–1800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а арча токою (1800– 2900 м), субальп ж-а альп шалбаалуу талаасы (2900–3200 м), талаа (3200–3400 м), корум таштуу ж-а жылаңач аскалуу нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт. ДОҢУЗТОО – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Доңузсуу ж-а Зындансуу сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында. Түн.чыгыштан түш.-батышка 28 кмге созулат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 2100–2200 м, эң бийик жери 2354 м. Кыры тайпак, түш.батышты карай жапыздайт. Капталдары жантайыңкы. Бийик түн.чыгыш бөлүгү юра мезгилинин алевролит, конгломерат, гравелит, аргиллит, жапыз түш.батыш бөлүгү бор ж-а палеоген мезгилдеринин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, чопо, мергель тектеринен түзүлгөн. Көмүр кендери бар. Талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа м-н шалбаалуу жаңгак токой массивдери басымдуу. Жайыт; токойлуу, чабынды жерлери бар.

ДӨДӨМӨЛ ТООСУ – Молдотоонун түш. тармагы. Чамынды ж-а Кайыңды Нарын сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышка 20 кмге созулуп жатат. Акталаа р-нун аймагында. Туурасы 5 кмдей. Орт. бийикт. 1700– 2100 м, эң бийик жери 2767 м (Караларча чокусу). Жону тайпак, Нарын капчыгайына караган түш.чыгыш капталы кыска ж-а тик (60–80°), ал эми түн.-батыш капталы узун. Чамынды өрөөнүнө карай жантайыңкы. Тоонун бийик түн.-чыгыш бөлүгү карбондун кумдук, сланец, алевролит, конгломерат, кремний, жапыз түш.-батыш бөлүгү неогендин конгломерат, кумдук, мергель тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа ж-а талаа (1400–1500 мге чейин), шалбаалуу талаа (карагай токою бар) ландшафт алкактары басымдуу. Чабынды, жайыт катары пайдаланылат. ЖАМАНТОО, к. Арпанын Алатоосу макаласын

ЖАҢЫЖЕР ТООСУ Ички Теңиртоодогу, Жаңыжер м-н Мүдүрүм өрөөндөрүнүн аралыгында.Борколдой тоосунун батыш уландысы. Уз. 104 км; туурасы 17 км. Көбүргөндүбел м-н Келинтайгак өрөөнүнөн батышка Кынды ашуусу м-н Үйүрмө өрөөнүнө чейин созулат. Орт. бийикт. 4000 м, эң бийик жери 4844 м. Тоонун аймагы девон ж-а карбон мезгилдеринин сланец, кумдук, акиташ тектеринен түзүлгөн. Түш. капталында, адырларда палеогендин кызыл конгломераттары чыгып турат. Рельефи альп тибинде. Батышка карай жапыздайт, капталдары өрөөндөр (Кеңсуу, Кашкасуу, Акбайтал ж. б.) м-н тилмеленген. Байыркы муз каптоолордун издери көп. Азыр да түн. беттеринде (Аютөр, Суусартөр) мөңгүлөрү бар. Бийик тоолуу талаа (3300–3600 м), субальп (3600–3900 м), альп шалбаалуу талаа ж-а субнивалдык (3900–4200 м) ландшафттары мүнөздүү. Түн. бетинде ж-а өрөөндөрдө сейрек арча өсөт.

Дагы сунуштайбыз