Кирүү

Кыргыз шаркыратмалары

Арстанбап шаркыратмалары – Бабашата кырка тоосундагы Арстанбап (Карүңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Арстанбап кыш-на жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки (Чоң ж-а Кичи Арстанбап) шаркыратма бар. Чоң шаркыратманын жалпы бийикт. 200 мдей, үч баскычтан турат. Суу аскада эки жак бети жалама зоолуу кууш каньонду пайда кылат. Кооздугу жагынан Кичи шаркыратма айрыкча көңүлдү бурат; бийикт. 20 мдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көкжеле пайда кылат. Аскалардын бети жашыл эңилчектер м-н капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун (мөмөжемиш токою ж. б.) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча кичинеси динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып калды.

БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ – Ысыккөл өрөөнүндөгү кооз шаркыратма. Барскон суусунун алабында. Барскон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы карбондун сланец тегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, диаметри 10–15 мге чейин фонтан сымал чачырайт. Айланасында карагай токою, чытырман бадалдар (четин, тал, итмурун, шилби, сары жыгач ж. б.), жапалак арча өсөт. Бийикт. 24 м. Чоң шаркыратмадан 150 м төмөн, бийикт. 12 м келген кашатта экинчи шаркыратма пайда болгон. Б. ш. туристтер эс алуучу жай. Анда 1962-ж. дүйнөнүн туңгуч космонавты Ю. А. Гагарин болгон.

КЕГЕТИ ШАРКЫРАТМАСЫ Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы. Кегети суусунун сол куймасынын капчыгайы негизги өрөөнгө кошулган жердеги акиташтуу тик кашаттан кулап түшөт. Бийикт. 18–20 м. Өрөөн аркылуу өткөн кара жолго жакын болгондуктан туристтердин эс алуусуна ыңгайлуу.

ТЕГЕРЕК ШАРКЫРАТМАСЫ – Базаркоргон р-нун аймагындагы табият эстелиги. Карүңкүр суусунун жогорку агымында, палеозойдун акиташ тегинде пайда болгон шаркыратма. Айланасын жапайы жаңгак-жемиш токою ээлейт. 1975-жылдан геол. заказник.

Ой-пикирлер