Кирүү

Коргоого алынган коруктар жана айбанаттар

Коргоого алынган коруктар жана айбанаттар

1975-жылы дүйнөдө 1350 дөн ашуун корголуучу аймак болгон. Алардын көпчүлүгү АКШда, Австрияда, Японияда жана Канадада жайгашкан. Бүгүнкү күндө жаратылыштын аймактык гана эмес, ошондой эле 150 дөн ашык аквалдык комплектер да корукка айландырылган.

Коргоого алынган аймактар өз милдетине, корголуу режиминин өзгөчөлүктөрүн жана аянтынын өлчөмүнө жараша бир нече типке (коруктарга, жаратылыш ревезваттарына, заказниктерге) бөлүнөт. Бирок коргоого алынган аймактардын бирдей эле типтери ар кайсы өкүлдөрү ар түрдүү мазмунга ээ болушу мүмкүн. Кыргызстанда коргоого алынган аймактар эки категорияга – коруктар менен заказниктерге бөлүнөт.

Коруктар – бул чарбалык пайдаланууга биротоло тыюу салынган жана бардык жаратылыш компоненттери жана алардын мыйзам ченемдүү айкалыштары – жаратылыш комплекстери мүмкүн болушунча табигый абалында толук сакталып турган аймактардын же акваторийлердин участогу.

Коруктарда токойлорду кыюуга, козу карын, жемиш, өсүмдүк минералдарды жана тоо тектерин жыйноого, суу обьектилерин белгилүү бир максаттар үчүн пайдаланууга тыюу салынат. Кайсы бир себептерге байланыштуу коруктардын жаратылыш комплекстериндеги тең салмакттуулук бузулган өзгөчө учурларда гана аны калыбына келтирүү үчүн адамдын кийлигишүүсүнө уруксат берилет (мисалы, токойлорду санитардык кыюу, кээ бир жаныбарлар кескин көбөйүп кеткенде аларды атуу ж.б).

Азыркы мезгилде Кыргызстанда көптөгөн коруктар бар. Алардын көпчүлүгү Улуу Октябрь революциясынан кийин түзүлгөн. Азыркы мезгилде коруктар бири – биринен аянты боюнча (бир нече жүз миң гектарга чейин) бир топ айырмаланып турушат. Өлкөдөгү эң ири коруктар Короноц, Алтай, Печера – Илыч коруктары болуп саналат.

Корголуучу негизги обьектисине жараша коруктар комплекстүү жана атайын болуп бөлүнөт. Биздин өлкөдөгү коруктардын көпчүлүгү комплекстүү коруктар.

Ой-пикирлер