Кирүү

Кыргызстан. ГЭС

Атбашы ГЭCи (Достук шаарчасы) 1964-ж. курулушу башталып, 1970-ж. ишке киргизилген. Атбашы суусунун Нарын д-на куйган жерине чукул курулган, тосмосунун бийикт. 79 м, уз. 50 м, жазылыгы 15 м. Бийик тоолуу эң арзан электр энергиясын берген ст-нын бири. Кубаттуулугу 40 Вт. Суу сактагычынын уз. 7 км, көлөмү 7600 миң м3 (долбоордогусу 9 миң м3). Өндүрүш процесси автоматташтырылган. 4 генератору толук кубаты м-н иштегенде 1 секда 17,5 м3 суу чыгымдалат. 1996-ж. 140 014 000 кВт/саат энергия иштеп чыккан. Түндүк системасына кошулган. Эл чарбасын энергия м-н камсыз кылат. Достук шаарчасына жылуулук да берет. ГЭСте 57 киши иштейт (1997).
Күрпcай ГЭCи Нарын д-нда, Токтогул ГЭCинин плотинасынан 40 км төмөн жайгашкан. 1982-ж. ишке киргизилген. Төрт агрегаты бар. Плотинасынын бийикт. 113 м. Cуу сактагычынын көлөмү 370 млн м3. Кубаттуулугу 800 МВт. Долбоор б-ча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясын көлөмү 2,63 млрд кВт/саат. 1999-ж. К. Г. 3352,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. Ишканада 112 адам иштейт (2001).

Ташкөмүр ГЭСи Нарын д-нда, Күрпсай гидротүйүнүнөн 18,5 км төмөн, Карасуунун (Нарындын оң куймасы) чатына чукул курулган. Станциянын долбоорун "Гидропроект" ин-ту түзгөн. Курулушту "Нарынгидрокурулуш" акционердик коому ишке ашырган. ГЭСтин 3 агрегаты бар; ар бир агрегаттын кубаттуулугу 150 МВт. Долбоордук жалпы кубаттуулугу 450 МВт. Биринчи агрегаты 1995-ж., экинчиси —1986-ж., үчүнчүсү —1987-ж. ишке киргизилген. Тосмосунун (плотинасынын) бийикт. 75 м, суу сактагычынын жалпы көлөмү 140 млн м3. Өндүрүлгөн электр энергиянын жылдык орт. өлчөмү 1555 млн КВт/саат. Ишканада 80 адам иштейт (2001).

Токтогул ГЭСи — Кырг-ндагы суу электр энергиясын өндүрүүчү ж-а ирригациялык эң ири ишкана. Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын д-нын нугунун кууш жеринде курулган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылдан иштейт. Төрт агрегаты бар. ГЭСтин кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор б-ча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат. Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3; плотинасынын бийиктиги 215 м. Иштегенден бери 96 млрд/саат электр энергиясын өндүргөн. ГЭСте 180 адам иштейт (2001).

Үчкоргон ГЭСи Нарын дарыясынын төмөнкү агымында. 1962-ж. ишке киргизилген. Плотинасынын бийикт. 30 м. Суу сактагычынын көлөмү 52,5 млн м3. Төрт агрегаттан турат. Кубаттуулугу 180 мВт. Долбоор б-ча жыл ичинде иштеп чыгарган электр энергиясы 0,9 млрд кВт·саат. Ишканада 64 адам иштейт (2001).

Шамалдысай ГЭСи Нарын дарыясында, Ташкөмүр ГЭСинен 14 км төмөнүрөөк жайгашкан. Долбоорун "Гидропроект" ин-ту түзгөн. Суу электр станциясы 3 агрегаттан турат. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 80 МВт. Долбоор б-ча кубаттуулугу 240 МВт. Биринчи агрегаты 1992-ж., экинчиси 1994-ж., үчүнчүсү 1996-ж. ишке киргизилген. Суу сактагычынын жалпы көлөмү 40,87 млн м3; пайдалуу көлөмү 5,47 млн м3. Электр энергия өндүрүүсүнөн жылдык орт. көлөмү 900 млн кВт/саат. Пайдаланууга берилгенден 2000-ж. чейин 3,75 млрд саат электр энергиясын өндүргөн.

Ой-пикирлер