Кирүү

Америкалык ач күсөн

Америкалык ач күсөн.Бул суусарлар тукумунан чыккан жырткыч айбан, денеси субагай келип, кулагы кыска болот. Ач күсөн кадимки күсөнгө окшош келет, бирок анын териси кара –күрөң тартып, моюн жагында ак чары болуп, баалуу келет. Ач күсөндүн таманы сүзүүгө ылайыкталган. Ошондуктан алар сууда жакшы сүзүшүп, балыкты кармап алууга жөндөмдүү келет. Ач күсөндөр чычкандарды келемиштерди ж.б. майда омурткалуу жаныбарларды кармап жейт.

Биринчи жолу 1956-жылы октябрь айында 94 ач күсөн кара алма чоң тамга менен өрөөнүндөгү мөмөлүү жаңгак токоюна, 1962-жылы дагы 100 ач күсөн Суусамырга кое берген. Ач күсөн жалаң гана жогорку сапаттуу териси менен бааланбастан, ал көп сандаган чычкандарды, келемиштерди ж.б. зыяндуу кемирүүчүлөрдү кармап жегендиги менен да бааланат. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын илимий кызматкери Бейшебаевдин байкоосуна караганда ач күсөндөр мөмөлүү жаңгак токоюнда негизинен келемиштер, чычкандар ж.б. зыяндуу кемирүүчүлөр менен азыктангандыгын байкаган. Бул жерлерде келемиштер көп сандаган жаңгактарды, мистелерди, алмаларды жана алмуруттарды жок кылат. Ач күсөндөр көбөйүшүп, мөмөлүү жаңгак токойлорунда, тоодогу суулардын жээктерине жайгашкан.

Ач күсөндөрдүн саны аябай көп болор эле. Бирок тилекке каршы биздин токойлордо мыйзамсыз түрдө буга окшогон баалуу айбандарды кармап жана атып алышат. Жакынкы жылдардын ичинде ач күсөнгө пландуу аңчылык кылуу иши ачылат.

Ой-пикирлер