Кирүү

Кыргызстан. Кыргызстандын жаныбарлары

Кыргызстан. Кыргызстандын жаныбарлары.

Сүт - эмүүчүлөрдүн 86 түрү жашайт, а.и. курт-кумурска жечүлөрдүн 5, кош канаттуулардын 11, коён сымалдуулардын 4, кемирүүчүлөрдүн 33, жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн 22, ача-туяктуулардын 6 түрү бар. Кыргызстанда сейрек учуроочу жаныбарларга марал, аркар, сүлөөсүн, илбирс ж-а күрөң аюу кирет. Алар Теңиртоонун карагайлуу токойлорун ж-а бийик тоолуу Арпа, Аксай, Суусамыр өрөөндөрүн мекендейт. Бул жаныбарлар ыксыз аңчылык кылуунун негизинде көп аймактарда жоголуп кеткен, ошондуктан алар Кызыл китепке катталган. Кыргызстандын үңкүрлөрүндө жашоочу жарганаттар көбүнчө респ-нын мөмө-жемишке бай түш. аймактарында жашайт. Мындан бир нече жыл мурун эле жарганаттын көп түрү болгон, азыр анын айрым түрлөрү таптакыр жок болуп кеткен. Кан соргучтар м-н азыктанышып, алардын санын жөнгө салып турат. Кыргызстандын табигый байлыктарынын бири–кызыл, боз ж-а мензбир суурлары. Респ-нын түндүгүндө көбүнчө боз, түштүгүндө кызыл суур таралган. Чаткал кырка тоосунан кездешкен мензбир сууру теңиртоонун реликти болуп эсептелет. Карышкыр, түлкү, кашкулак, арыс – кеңири таралган жырткыч айбанаттар. Алар респ-нын бардык өрөөндөрү м-н тоолорунда кездешет. Качандыр бир убакта балык жашаган суулардын баарында кездешкен кундуз азыркы күндө дээрлик жоголуп кеткен. Аң терисин даярдоодо негизги орунду суур, түлкү, сары чычкан, ондатра (жылан куйрук), суусар ээлейт. Териси баалуу илбирс м-н сүлөөсүн да жолугат. Булардын баары Кызыл китепке катталган. Аң уулоочу айбанаттардын ичинен тоо эчки, доңуз, элик сан жагынан бир кыйла көп. Жаңы жерлерди өздөштүрүү суур м-н сары чычкандын таралуу аймагын тарытып жиберди, ошол эле себептен аң уулоочу жырткыч айбанаттар (төлкө, күзөн ж. б.) үчүн азык болгон кемирүүчүлөрдүн саны да азайды; көлмөлөрдүн жээктериндеги чөп чабуу, мал жаюу ондатранын тоют базасын кескин түрдө начарлатты. Республикада аң терилерин даярдоо б-ча айбанаттарды байырлаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Башка аймактардан айбанаттардын 10 түрү (ак коён, ондатра, тыйын чычкан, жанат сымал ит, америка суукүсөнү, зубр ж.б.) алынып келинген. Алардын ичинен ондатра жакшы байырлашкан. Тыйын чычкан м-н суу күсөндүн да жакшы байырланышы күтүлүүдө. Териси баалуу айбанаттарды капаста багуу өтө пайдалуу. Суу күсөн, ак, көгүлтүр ж-а кара түлкүлөрдү капаста багуудан алынган киреше аң терилерин даярдоодон алынган кирешеден алда канча жогору. Өрөөндөрдү өздөштүрүү, айыл-кыштак, шаарлардын көбөйүшү, өнөр жайдын кеңири кулач жайышы көп айбанаттардын азайып кетишине алып келди. Ушунун натыйжасында айрым айбанаттардын түрлөрүнүн популяциялары микропопуляцияларга бөлүнүшүп, кээ бир жерлерде жок болуп кетишүүдө. Ошол эле убакта айрым түрлөр мол азыктын эсебинен ыгы жок көбөйүп келүүдө. Жерди өздөштүрүү м-н малдын санын арбытуунун уруксатсыз аңчылык кылуунун натыйжасында жаныбарларды аёосуз жок кылуу кошумчаланган. Мис., жейрен (кыргыз жейрени, каракуйрук) мурда респ-нын көп аймактарында жашачу. Кийин алар Ысыккөлдүн батышында, Чүй, Кочкор өрөөндөрүндө гана калган. Бирок, азыр алардын калган бир азы Казакстандын аймагына ооп кетти.

Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору Ү. Асанов

Ой-пикирлер