Кирүү

Кыргызстан. Геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары

Геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары

Кыргызстандын геол. түзүлүшү татаал. Ал палеозойдун Урал-Монгол-Охота ж-а мезозой-кайнозойдун Жерортолук деңиздик геосинклиналдык кырчоолордун тирешкен жеринен (Чоң Алай терең жаракасынын эки капталынан) орун алган. Палеозойдук кырчоо түштүккө, ал эми мезозой-кайнозойдук кырчоо түндүккө багытталган доголор аркылуу сүзүшүп турат. Көптөгөн катуу жер титирөөлөрдүн очоктору ушул кырчоолордун тирешкен жеринде жайгашкан. Бул жерден түштүгүрөөктө байыркы (палеозойго чейинки) Корей-Кытай платформасынын блоктору орун алган (Тарим массиви ж. б.). Теңиртоонун дагы бир өзгөчөлүгү – кайра жаралган (академик В.А.Обручев) же эпиплатформалык (орогендерге) тоолорго (А.Л. Яншин, В.Е. Хаин ж. б.) киргендигинде. Деңиз деңг. 401 мден 7439 мге чейинки бийиктиктерде (тепкичтерде) жаткан Кыргыз жергесинде бардык геол. замандардын катмарлары кездешет. Алардын геохронологиялык жашы байыркы организимдердин палеонтологиялык калдыктары аркылуу аныкталган. Ошондуктан Теңиртоонун геол. түзүлүшү Евразиянын 600 млн жылдан берки тарыхын чечмелегенге эталон катары каралат. Кыргызстан кеңдик багытта созулган 4 геол. аймакка (тилкеге) бөлүнөт: Түндүк, Ортоңку, Түш. Теңиртоо ж-а Түн. Памир. Түн. ж-а Ортоңку Теңиртоону Теңиртоонун негизги жаракасы бөлүп турат. Ортоңку ж-а Түш. Теңиртоону Чаткал-Нарын-Карасуу, Атбашы-Эңилчек, Түш.Фергана жаракалары ажыратат. Айрым изилдөөчүлөр (А.В. Пейве, 1945) мындай структуралар мантияга дейре жетип, жүздөгөн млн жылдар бою кыймыларакетте болуп келген терең тик жаракалар деп эсептешкен.

Кыргызстан. Кен байлыктар

Бишкек– Ош автомобиль жолунун кыйла бөлүгү катуу бүлүнгөн. Адепки күчтүү силкинүүдөн кийинки 3 сутка ичинде 266га чейин майда титирөө байкалып, андан кийин жарым жыл бою билинер-билинбес титирөөлөр болуп турган. 1997-жылдын январында дагы бир сейсмдик алаамат Акталаа р-нун элдерин жабыркаткан. Кыргызстандын аймагы к е н б а й л ы к т а р г а бай. Алар негизинен күйүүчү заттар, металлдар, металл эместер ж-а жер астындагы суулар м-н дары баткактардын кендери болуп бөлүнөт. К ү й ү ү ч ү з а т т а р д а н көмүр, күйүүчү сланец, чымкөң, газ ж-а мунайдын кендери табылган. Көмүрдүн геол. запасы б-ча Кыргызстан Орто Азияда алдыңкы орунду ээлейт. Көмүр кендери негизинен мезозой заманынын башталышында пайда болуп, бардыгы 30дан ашуун кен табылган. Алардын көбү Өзгөн таш көмүр бассейни м-н Кабак күрөң көмүр бассейнинде ж-а Түштүк Ысыккөл көмүрлүү аймагында топтолгон. Алар таш көмүр ж-а күрөң көмүр болуп эки түргө бөлүнөт. Таш көмүрдүн запасы көбүрөөк. Азыркы учурда Түш. Кыргызстанда Сүлүктү, Кызылкыя, Абшыр, Алмалык, Көкжаңгак, Ташкөмүр (Нарын) ж. б., Түн. Кыргызстанда Каракече, Жыргалаң, Сөгөттү, Миңкуш кендеринде көмүр казып алынып, Кыргызстанды, о. эле Орто Азиянын айрым өлкөлөрүн көмүр м-н камсыз кылууда. Кыргызстандагы көмүрдүн геол. жалпы запасы 28 317 млн т. О. эле к. Түштүк Фергана көмүрлүү аймагы, Алай көмүрлүү аймагы, Өзгөн таш көмүр бассейни, Түндүк Фергана таш көмүр бассейни, Кабак күрөң көмүр бассейни, Алабуга-Чатыркөл көмүрлүү аймагы, Түштүк Ысыккөл көмүрлүү аймагы макалаларын. Мунай ж-а газ кендери респ-нын түштүгүндө жайгашып, Фергана мунай-газ аймагына кирет. Алар мезозой-кайнозойдун чөкмө-тектеринде топтолгон. Мындагы Майлысуу, Чыгыш Избаскен, Чаңгырташ, Каражыгач мунай кендери, Кызылалма, Сузак, Сарыкамыш, Сарыташ газ кендери пайдаланууга берилген. Ошондой эле Избаскен, Майлысуу III, Майлысуу IV, Түн. Риштан мунай-газ кендери бар. Күйүүчү сланецтердин запасы бир гана Өзгөн таш көмүр бассейниндеги Каргаша кенинде белгилүү. Анын жалпы запасы 65 млн т, бирок азырынча казылбайт. Чымкөң жаткан жерлер Кыргызстандын аймагынын 0,02%ин ээлейт. Алар негизинен Нарын, Чүй, Талас, Жыргалаң суулары ж-а алардын куймаларынын жайылмаларындагы саздарга туура келет. Кендери майда; запасы 5 млн м3ге жеткен чымкөң жаткан жер Чүй өрөөнүндө (Токмок кени), 3 млн м3ге чейинкиси Ысыккөл ойдуңунда (Коңурөлөң кени) жайгашкан.

Металлдардан Кыргызстанднын аймагында негизинен темир, жез, коргошун, цинк, молибден, боксит, висмут, сымап, сурьма, алтын ж-а калайдын кендери бар. Алардын ичинен полиметалл, сейрек металлдардын, о. эле сымап, сурьма, калай ж-а баалуу металлдардын кендери ө. ж-лык мааниге ээ. Нарын д-нын баш жагындагы Жетим кырка тоосунда темир кенинин эң чоң кору жайгашкан (Жетим темир кени). Жез рудалары респ-нын аймагында скарн, гидротерм ж-а стратиформ жолдору м-н пайда болгон миңдей майда кендерде кезигет. Алар аймактын дээрлик бардык жеринде учурайт. Айрыкча, Ортоңку Теңиртоонун Чаткал– Курама бүктөлүү аймагында (Боземчек ж. б.) ж-а Чаткал зонасына (Курутегерек, Суулутегерек ж. б.) топтолгон. Коргошун-цинк рудалары Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде ж-а ар кандай тоо тектерде кезигет. Алар генезистик жактан гидротерм ж-а стратиформ болуп эки түргө бөлүнөт. Гидротерм тарам түрүндөгү коргошун-цинк кендери өзгөчө Түн. Кыргызстанда кеңири таралган (Коргон, Борду, Чолоктерек, Темирторбулак, Аккөл, Арсы ж. б.). Статиформ тобундагыларына Чаткал кырка тоосундагы Сумсар, Карүңкүр, Акбашат ж. б., Ысыккөлдүн чыгышындагы Экичат, Чааркудук, Каркыра ж. б. кендери кирет. Алар негизинен карбонат тоо тектеринде кездешет. Молибден-ванадий рудалары Теңиртоонун ортоңку ж-а түн. зоналарында таралган. Алар негизинен кембрий-ордовик мезгилдеринде пайда болгон көмүрлүү ж-а көмүрлүү-чопо-кремнийлүү сланецтердин катмарларында топтолгон. Бардыгы 200дөй майда кен белгилүү (Бүркүт, Сарыжаз ж. б.). Бокситтин майда кенчелери Түш. Ферганадан (Акшагыл, Катыраңбашы, Зарделек, Айдаркен, Чабай ж. б.), Майлысуу, Кызылкыя ж-а Ташкөмүр кендеринин аймагынан табылган. Висмут рудалары Кастек тоосунда, Талас Алатоосунда жез-висмут формациялар түрүндө кездешет (Миронов, Чырганак ж. б.). Сымап рудалары негизинен Түш. Кыргызстандын аймагында таралган. Алардын ичинен карбонат тоо тектеринде топтолгон гидротерм тобундагы кендер негизги ө. ж-лык мааниге ээ (Айдаркен, Чоңкой, Чабай ж. б.). Сурьма рудаларынын ө. ж-лык маанидеги кендери Түш. Кыргызстанда жайгашкан (Кадамжай, Терексай ж. б.). Алар негизинен карбондун сланец ж-а карбонат тектеринин кошулган жерлериндеги брекчия зоналарында кезигет. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө сурьма казып алуу б-ча негизги аймактардын бири. Анын кендеринен бөлүп алынган сурьма сапаты б-ча дүйнөлүк эталон катары эсептелет. Алтын кендери негизинен скарн ж-а гидротерм жолдору м-н пайда болуп, магма тоотектери м-н байланыштуу. Кыргызстандын аймагында алтын кендери байыркы мезгилден бери белгилүү болгон. Байыркы мезгилдеги казуу иштеринин издери Боземчек, Кичи Сандык, Курутегерек, Акташ, Кумбел, Куранжайлоо сыяктуу чулу кендерден ж-а Касан, Чаткал, Чандалаш, Кумбел, Нарын д-нын жээктериндеги чачынды кендерден байкалат. Кийинки иликтөөлөрдүн негизинде Кыргызстандын кен байлыктарынын ичинен алтын алдыңкы орунда экени айкын болду.

Ири кендери: Кумтөр, Макмал, Жерүй, Солтонсары, Талдыбулак, Куранжайлоо, Терек-Кан, Терек, Курутегерек ж. б. Күмүш респ-дагы дээрлик бардык алтын ж-а полиметалл кендеринин курамында кездешет. Күмүштүн накта кени–Күмүштак. Калай рудалары Кыргызстандын аймагында да кеңири тараган. Калайдын түрдүү генезистик типтеги (скарн, грейзен, гидротерм ж. б.) майда көптөгөн (100дөн ашуун) кени Кыргыз Алатоосунун батыш, Күнгөй Алатоонун ортоңку бөлүктөрүндө, Чаткал–Курама тоолорунда кездешет. Өнөр жайлык маанидеги кендер негизинен Сарыжаз ж-а Акшыйрак кырка тоолорунда бар (Ташкороо, Атжайлоо, Үчкошкон, Сарыбулак ж. б.). Респ-нын аймагында, о. эле марганец, хром, титан, ванадий, вольфрам, мышьяк, кобальт, тантал, ниобий, стронций, германий ж. б-дын майда кенчелери да белгилүү. Кыргызстанда уран кендери, эндогендик ж-а экзодиагендик болуп эки типке бөлүнөт. Эндогендик кендер өз ичинен–пегматиттер, нагыз уран кендери, уранторий кендери болуп 3 типке бөлүнөт. Пегматиттеги уран кендери негизинен Талас Алатоосунда, Жумгалтоодо, Үтүрөң массивинде кездешет. Нагыз уран кендерине Көкмойнок, Үтөртуюк, Капчыгай, уранторий кендерине–Котуртөбө кендери кирет. Урандын диагенездик кендерине көмүрлүү, карбонаттуу чөкмөлөрдөгү, терриген чөкмөлөрүндөгү инфильтрациялык, көмүртек-кремнийлүү сланецтердеги, аллювий чөкмөлөрүндөгү кендер кирет. Республикадагы уран кендеринин ичинен уран-көмүр тибиндегиси маанилүү (Тууракабак кендеринин тобу, Кажысайдагы Жел кени казылып алынган). Карбонат катмарындагы Майлысуу, Шакафтар ж. б. кендери да казылган. Терриген чөкмөлөрүндөгү инфильтрациялык уран кендерине Чүй облусундагы Серафимовка кенчелер тобу (Желдисуу, Норус, Сарыжыгач ж. б.) кирет. Кыргызстандын аймагы металл эмес кендерге да өтө бай. Аларга кооздук таштар–акиташ теги, мрамор, гранит, сиенит, гипс ж-а табигый курулуш материалдар– чопо, кум, шагыл, о. эле туз, слюда, барит, тальк, күкүрттүү колчедан ж. б. кирет. Кыргнда таш туздун Кочкор (Чоңтуз), Желдисуу, Шамшыкал, Тунуктуз сыяктуу бир нече кени бар. Алардын баланстык запасы 6315,0 миң т. Слюданын (мусковиттин) 2 кенине– Карасуу–Каравшин ж-а Кыркбулак кендерине геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Бариттин 43 кени м-н кенчеси белгилүү. Алардын көбү барит-флюорит ж-а барит-кварц тарамдары түрүндө кезигет. Запасы б-ча ирилери: Молдотоодогу Табылгыты кени (запасы 394,2 миң т), Алай кырка тоосундагы Белөрүк кени (11,6 миң т). Күкүрттүү колчедан Талас Алатоосундагы Ачыкташта (баланстык запасы 4477 миң т), о. эле Фергана өрөөнүнүн түш. четиндеги палеогендин чөкмө тектеринен табылган. Чаңгырташ кенинин ө. ж-лык мааниси бар. Ал нукура күкүрттөн турат.

Кыргызстандын аймагынан, о. эле асбестин (Үкөк, Алабаш ж. б.), тальктын (Шамалтал, Талказы, Туктукырбулак ж. б.), графиттин (Кызылбулак, Топон, Тепши ж. б.) көптөгөн майда кенчелери табылган. Имараттарды ж. б. курулуштарды кооздоп каптоо үчүн кеңири колдонулуучу кооз таштар – акиташ теги, мрамор, доломит, үлүлдүү акиташ теги, гранит, сиенит ж. б. тоотектер Кыргызстандын бардык жеринде кезигет. Алардын ири кендери: Кыртабылгы гранит кени (запасы 4,7 млн м3), Акөлөң кени (1,4 млн м3), Сарыташ кени (17 млн м3), Кайыңды кени (9,0 млн м3), Арым кени (1,3 млн м3) ж. б. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында майда кооз буюмдарды, эстеликтерди даярдоого жарактуу өтө кооз таштардын (мрамор оникси, озокерит, флюорит, тоо хрусталы, исланд шпаты, амазонит, яшма, роговик, родонит, нефрит, лиственнит, агальматолит, глиеж ж. б.) көптөгөн кендери белгилүү. Чопо м-н кум топурактын геол. чалгындалган 30дан ашуун кени бар. Алардын баланстагы жалпы запасы 104 млн м3 ден ашат. Эң ирилери Орок, Ленинполь, Покровка, Мырзаке, Ош, Нарын, Кызылкыя, Жалалабат ж. б. кендери. Кыргызстандын аймагында кеңири таралган кум-шагылдын 20дан ашуун кенинде геол. чалгындоо жүргүзүлүп, жалпы запасы (117,2 млн м3) аныкталган. Ири кендери: Балыкчы, Ысыката, Бешташ, Кожояр, Актерек ж. б. Респ-да, о. эле кумдун 10дон ашуун кени бар. Алардын ичинде Ивановка кум кенинен жылына 209 миң м3 кум казып алынат. Керамзит ж-а аглопорит сырьёлору катары колдонулуучу чополуу сланецтин 2, кум-топурактын 3 кени казылып, керамзит м-н аглопорит өндүрүшүндө пайдаланылууда. Алардын жалпы запасы 15 млн м3. Жылуулук өткөрбөөчү материал катары ж-а минералдык таш буласын алууда керектелүүчү базальттын респ-дагы жалпы запасы 5,5 млн м3 (Суулутерек ж. б.). Гипстин баланстык жалпы запасы 7 млн м3 болгон 6 кенинде (Бактерек, Жыргалаң, Ордошах, Ноокат ж. б.) геол. ч алгындоо жүргүзүлгөн. Цемент сырьёсунун (акиташ теги, чопо) жалпы запасы 260 млн. т болгон 4 кени казып алынууда. Аксай, Агалаташ, Күрмөнтү, Исфайрам кендеринин запасы мол. Цемент сырьёсу Кант, Кубасай, Күрмөнтү цемент з-ддорунда пайдаланылат. Имараттарды акилөөчү акиташ алынган акиташ тегинин ири кендери (Ленинполь, Карагайлыбулак, Чаңгырташ ж. б.) казылып, ө. ж-да пайдаланылууда. Кыргызстан жер астындагы тузсуз таза сууга бай. Ал чарбада кеңири пайдаланууда. Ошондой эле дээрлик бардык типтеги минералдуу суулардын түрлөрү бар, дары баткак чыккан жерлер да көп. Кыргызстан аймагында 50дөн ашуун минералдуу жылуу ж-а ысык суу чыккан жер белгилүү.

Алардын арасында иод-бромдуу (Избаскен, Кочкората ж. б.), радондуу (Жетөгүз, Керегеташ ж. б.), аз минералдашкан кремнийлүү (Ысыката, Аксуу ж. б.) жылуу суулар да бар. Респ-дагы жылуу суулардын табигый ресурсу 200 л/сек. Андагы 10 жылуу суу булактарынын базасында курорттор м-н бальнеологиялык дарылоо мекемелери (Ысыката, Жалалабат, Жетөгүз, Аксуу, Жыргалаң ж. б.) иштейт. Респнын аймагында көмүркычкыл суу чыккан 25тен ашык булак белгилүү. Алар негизинен Фергана тоо тизмеги м-н Борб. Теңиртоодо. Суу ресурсунун дебити 100 л/секга жетет. Суусун катары ичилүүчү Аксуу, Чатыркөл, Бешбелчир-Арашан суулары, дарыланууга ж-а суусунга керектелүүчү Карашоро, Жалалабат суулары геол. жактан чалгындалып, кеңири пайдаланылууда. Сульфиддүү суулар респ-нын түштүгүндө, негизинен мунай-газ кендерине жакын жерден чыгат (10дон ашуун булагы бар). Дары баткактар негизинен Ысыккөл аймагында (Карой, Жыргалаң ж. б.), Чүй өрөөнүндө (Камышановка ж. б.), о. эле Фергана өрөөнүндө (Жалалабат ж. б.) бар. Алардын жалпы запасы 5 млн м3 ден ашуун. Респ-нын бальнеол. мекемелеринде кеңири пайдаланылат. К. С. Сагындыков

Ой-пикирлер