Кирүү

Жаман да болсо, өз улагыңды теке сал

"Жаман да болсо, өз улагыңды теке сал". Уюткулуу Кыргыз Атанын тукумдары уй малдарын боор эти менен тең көрөөрү бел-гилүүдүр. Бештүлүк - төө, жылкы, уй, кой, эчки. Анын бирөө эчки тукуму (Чычаң Ата). Мунун эркек улагы бир-бир айдан соң биттелет да, ылайыктуусун теке кылып калтырат. Ал алты айлыгында куутка жарап калат да, ургаачы улак - чебич чагында тууп коюуга мүмкүнчүлүк алат.

"Жаман да болсо, ез улагынды теке сал" - бул етме мааниде адамга карата айтылууда. Демек, "кызматка өз ага-туугандарыңан, жерге-жээктериңен, куда-сөөктөрүнөн, тайаке-тайындарыңан, кайын-журтуңан танда. Алар сени кыйбайт. Баркынды, баанды көтөрөт. Тирек болот, жакшылыгынды чыгарат. Жамандыгынды жашырат. Бири-би-риңерди колдошосуңар" - дегени.

Ой-пикирлер