Кирүү

Жалгыз үй отуруу

Жалгыз үй отуруу. Кыргыздын салтында айыл-айыл, койлору короолош, жылкылары желелеш, уйлары кермелеш отуруучу. Бири-нин үйүнон бири от алуучу, туз алуучу, уютку суроочу. Отун-суу алып келип берүүчү. Ич ара бардыкжагынан колмо-колдоп туруучу. Айыл отуруу аркылуу адамдардын ынтымагы ширелүүчү. Бала-бакыралар-ды тияк-биякка жумшачу. Конок-аякты бир күтүнчү. Чүйлүү табак конокко тартылат. Калгандары айыл-апанын, бала-бакыранын оозу-на кармалат.

Эми жалгыз үй отуруучулар да болгон. Булар сараң байлар, битирлер, тамак-аш корунгандар, кирди-чыктыны сүйбогондор. Айыл ичинде жашоого конбогондор. "Чычкан мурунун канатпай", малынын туягын санагандар. Конок алууну каалабагандар. "Капырай, чечек чыккансып отурушат", - деп эл-журтка жаман керүнгондор. Арийне, бул - терс адат, оз башы менен озү кетүүчүлор.

Ой-пикирлер