Кирүү

Византия жөнүндө

Византия жөнүндө. Баяндалып жаткан, эрте христиандык деп атоого мүмкүн болгон, же шарттуу түрдө византиялык (саясатсыз эле, "маданий" мааниде алганда) аталган бул багыт демейки тарыхта XI кылымдын орто ченинде, т.а. чиркөө тарыхындагыга караганда 150 жылча кеч катталган. Так ушул учурда рим философтору менен христиан динин жактоочу Юстиндин айтылуу талашы болуп өттү. Бул талашта жеңип чыккан Юстинди, андагы мөрөйү үчүн кыйнап өлтүрүштү. Эгерде эсепти ушул датадан бери карай жүргүзө келсек, анда бул дата эч кандай шектенүү жана талаш- тартыш жаратпайт. Ой-пикирдеги мындай жаңы багыт IV кылымдын аягында (Юлиан баш тарткандан кийин) Рим империясынын бардык аймактарына гана эмес, андан тышкары жерлерде да таркаган. Ал бара- бара батышта — Ирландияда, түштүктө — Эфиопияда, чыгышта — Орто Азияда, түндүктө Россияда, туурараак айтканда, Днепрдин бойлорундагы готтордо да бутактап жайылып кеткен.

Маданияттын башкы түркүгү болгон Византия империясы менен саясий жактан байланышпаган, чет-жакалардагы христиандык маданияттар өз алдынча бир бүтүндүктү түзгөнсүштү. Мындай бир бүтүндүктөр Иранда, грек-рим дүйнөсүндө, кийинчерээк батыш европалык Сhretiente"де пайда болгонун биз мурда айтып кетпедикпи. Бирок ошол эле убакта Евфрат дарыясынын ары жагындагы Азияда несторианчылык, ал эми Сирияда, Арменияда жана Африкада монофизитчилик өкүмчүлүк кылып турган.

Византия маданияты да өз башынан: мамлекеттик башкаруудан латын тилин грек тили сүрүп чыгарган мезгилде (император Маврикийдин убагында) байыркы эллиндик "Кайра жаралууну": иконага каршы күрөштө — Реформацияны; Македондордун династиясынын учурунда — Агартуучулукту кечирди. Анан бул маданияттын борборлору бир эле учурда бузулуп, жок болду. XIII кылымда Ирландия кулады, борбордук азиялык несториандар талкаланды, Константинопол бир катар мезгилге кресттүү жырткычтардын колуна өтүп кетти, ал эми Абиссиния болсо ислам динине өтүшкөн сомалиликтер, галластар тарабынан курчалып турган тоо чебине айланды. Өз бийлигин сактап калуу үчүн Никей империясынын жанталашкан аракети бул кыйрап жок болууну жүз жылга созду, бирок XIV кылымдын орто ченинде Палеологдор уния кабыл алууга аргасыз болушту. Бул болсо Батышка толук баш ийгендикти, т. а. Улуу Карлдын каратып алууларынын натыйжасында жаралган жаңы түзүлүп жаткан маданий бир бүтүндүккө кошулгандыкты түшүндүргөн. Европа тарыхында так ушул бир бүтүндүк античный маданияттын уландысы катары каралып, ал гана эмес мектеп окуу китептеринде да чагылдырылган экен. Бирок "Античный дүйнө" анын "Кайра жаралуусунан" миң жылдык мезгил бөлүп турганын эске алсак, аны өткөөл мезгил эмес, тарыхый маданияттын өз алдынча турган бөлүгү катары караган оң болор беле деп ойлойбуз. Анткени католик рыцарлар жана прелаттар (дин башчылары) Византия маданиятынын грециялык жана ирландиялык үлгүлөрүн мурастап сактап калуунун ордуна, аны күлдөй сапырып жиберишкен.

Эгер ушундай болсо анда Европадагы Кайра жаралууну да ага чейинки кресттүүлөрдүн жүрүштөрүнөн, андан кийинки колониялык басып алуулар сыяктуу окуялардын багытындагы мыйзам ченемдүүлүктөр менен ырааттуулуктарга таандык кылууга болот.

Өзүнүн жаралган күнүнөн баштап батыш европалык маданият кеңейүүгө аракет жасады. Улуу Карлдын барондорунун тукуму батыш славяндарды, англосакстарды, келттерди баш ийдирди, арабдарды Пиреней жарым аралынан сүрүп чыкты, мусулмандарга каршы согушту Инди океанынын жээк- теринде улантты. Орто кылымдардагы бюргерлердин тукуму Американы, Австралияны жана Түштүк Африканы басып алышты. Анысы да, мунусу да Индияны, Тропиктик Африканы, Түштүк Американы, Полинезияны ж. б. жерлерди каратып алышты. Бул мейкиндиктеги кеңейүү эле. Ал эми гуманисттер кандайча умтулушту?.. Алар деле ээлеп, басып алууга умтулушту. Бирок алардын баскынчылыгы мезгил жагында өнүктү. Алар өткөн мезгилди, болгондо да бөтөн элдин өткөндөгүсүн басып алууну максат кылышты. Алар максаттарына жетишти. Алардын аракетинин натыйжасында филологиялык негиздеги Бүткүл дүйнөлүк тарых жаралды. Мындай көрүнүш маданияттын башка тармактарында дегеле болгон эмес. Ал эми тарых дегенибиз, эреже катарында, өз ата-бабаңдын тарыхын жазуу, т. а. абсолютташтырылган генеалогия болуп саналат эмеспи. Эгер ушундай болсо, анда "Кытайдын Кайра жаралуусу" Европанын Кайра жаралуусунан принципиалдуу түрдө айырмаланып турушу керек, ал эми алардын айрым окшоштуктары кокустук катары эсептелсе болот. Н. И. Конрад буга карама-каршы көз карашты тутат. Бул өтө маанилүү маселени чечүү үчүн Чыгыш Азиянын тарыхына кайрылуубуз зарыл.

Ой-пикирлер