Кирүү

Ата-энени урматтоо туралуу

Уулум! Баамчыл болуп, ата-эненин ызатын, урматсыйын моюнга алышың парз. Ошондуктан перзенттин тиреги ата-эне да. Эмне үчүн мен ата-энемди урматтап жатам деп көңүлүңө күдүк нерсе кетпесин. Сезгин! Алар сен үчүн өлүмгө да даяр экендигин. Эгер ар бир перзент баамчыл жана зирек болсо, ата-эненин мээршыбагасына карк болуп, алардын айтканын аткаруудан баш тартпайт. ата-эненин милдети сени бөпөлөп өстүрүү жана сага жакшылык кылуу.
Уулум! Эсиңде болсун! ата-эненин көңүлүнө азар бербе жана алардын жүрөгүн кайгы менен азапка кириптер кылбагын. Сен ата-энени дин жолунда ызаттап сыйлоону, урматтоону каалабасаң дагы, аларды адамкерчилик менен аздыркөптүр жайдары мүнөз көрсөтүп ызаттагын. ата-эне сени жандили менен алпештеп, бапестээрин эсиңе тут. Эгерде сен алардын көңүлүн оорутуп, кайгыга
дуушар кылсаң, анда сен эч убакта сыйга татыктуу болбойсуң. Адатта ар кандай адам ата-эненин жакшылыгын билбесе, бирөөнүн жакшылыгын баалай албайт. Сен өз перзентиңден урматсый көрүүгө үмүткөр болсоң, өзүң дагы ата-энеңди урматтай билгин. Арийне, сен ата-энеңе кандай ызаат көрсөтсөң, перзентиң да сага дал ошондой урмат көрсөтөт. Перзентмөмөгө, ата-эне даракка окшош. Даракты жакшы баксаң, мөмөсү даамдуу, таттуу болот. Ошол сыяктуу эле ата-энеңе көбүрөөк урматсый көрсөтсөң, алар да сага деген ак батасын аяшпайт. Мурас алып калуу үчүн ач көздүк менен ата-энеңин өлүмүн тилебегин. Малың жок караманча тамаяк болсоң дагы, акыл жагынан бай болууга аракеттенгин. Мал топтоп дөөлөттүү болгондон көрөкчө акыл топтоп аброюңду көтөргүн. Арийне, акыл менен мал топтоого болот, а мал менен акыл топтоого болбойт. Түркөй бачым жакырданат. Эсиңде болсун, акыл ушунчалык баалуу нерсе, аны ууру дагы алып кете албайт. Акыл отко күйбөйт, сууга чөкпөйт. Эгерде акылың жетик болсо өнөр үйрөн. Анткени, өнөрсүз акылкейпи кеткен жылаңач дене шекилдүү. Байыркы бабалардын: "Акыл кутубилим" — деген сөзүн эсиңден чыгарба.
"Кабуснамэден"

Ой-пикирлер