Кирүү

Адамдүк

Адамдүк — мифологиялык кейипкер. "жомоктук образы Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири чагылдырылган. Эпостун "Дөө-пери жомогу" деген эпизодунда Кутубий адамдын алы жетпөөчү А-тү маңдайындагы жалгыз көзүнө атып өлтүрүп, ал туткундаган адамдарды бошотуп, байлыгын аларга бөлүп бергендиги баяндалат. А. тиричилик каражаттарын өндүрбөйт. Түрдүү өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер, жан-жаныбарлар менен азыктанат. Ошондой эле үңкүрлөрдө жашап, киши этин жейт. Акыл жөндөмү чектелген А. өзгөчө чоң көлөмгө, чексиз кара күчкө ээ. А-түн аң уулап барган адамдарды кармап алып, үңкүргө камап, шишкебек кылып жеши жөө жомоктук мотивдерге жатат. А-түн тоонун ээси болуудан башка байыркы адамдардын чектелген түшүнүгү менен шартталган дагы бир өзгөчө сапат белгиси бар, ал — оорунун, өлүм-житимдин ээси, духу. Бул белги анын киши этин жегендигинен, башкача айтканда өлүмгө себепчи болгондугунан айкын көрүнөт. Ушул белгиси аркылуу А. адамга, болгондо да бардык адамдарга жат тескери күчтөрдүн тибине жатат. Ошон үчүн баатырдык эпостордун алгачкы үлгүсүнүн туруктуу терс кейипкери болгон антропоморфтук типтеги жомоктук-фантастикалык жалгыз көздүү дөөлөр конкреттүү бир элдин душманы болбостон, жалпы адамзаттын эң коркунучтуу душманы катарында мүнөздөлөт. "Дөө-пери жомогунда" баяндалган А. мына ушундай типтин элеси. Анын мифтик образы түрк-моңгол элдеринин фольклорунда кеңири кездешет.

Ой-пикирлер