Кирүү

Шовинизм

Шовинизм (фр. chauvinisme) - улуттук артыкчылыкты үгүттөгөн, улуттук касташууну, жек көрүүчүлүктү тутандырууга, бир этностун экинчи бир этносту күч колдонуп басмырлоосуна багытталган улутчулдуктун ашынган жана бир кыйла агресивдүү формадагы көрүнүшү. Бул термин наполеондук согуштардын катышуучусу, Наполеондун басып алуучулук согуштарын мактап-жактаган, бир улуттун экинчи бир улут үстүнөн аскердик үстөмдүккө жетишүү идеясын жар салган француз капралы Н.Шовендин атына байланыштуу. Термин катары 1831-ж.

Францияда бир тууган Коньярлардын "Үч түстүү кокарда" аттуу комедиясы коюлгандан кийин колдонула баштаган. Комедиянын каармандарынын бири "Улуу Франция" идеясына берилген, күжүрмөн жаңы аскер Шовен болгон. Мындай маанай "улуу армиянын" ветерандарынын арасында кеңири тараган эле. Кийинчерээк "шовинизм" термини кандайдыр бир улуттун же мамлекеттин аскердик үстөмдүк идеясына берилгенине карата колдонулган. Шовинизм өз элинин же мамлекетинин башкалардын үстүнөн зордук жолдор, анын ичинде аскердик талкалоо, аймагын жеңип алуу менен болсо да, үстөмдүккө жетишүүгө умтулуудан көрүнөт. Шовинизм идеологиясы башка элдердин укугун, эркиндиктерин чектөөгө чакырган ураандардан тартып аларды жер жүзүнөн жок кылууга чейинки чакырыктарды практикалык ишке ашыруунун кеңири спектрин камтыйт. Бул аны фашизм жана расизм менен жакындатат. Шовинизм экономикалык экспансияны, саясий кысымды, маданий басмырлоону ж.б. аздектөө менен кыйла кылдат формаларга ээ болушу да мүмкүн. Англис тилдүү өлкөлөрдө шовинизмдин синоними "джингоизм" термини болуп саналат.

Ой-пикирлер