Кирүү

Байыркы дуализм

Байыркы дуализм

Манихейчилик менен христианчылык экөө тең дүйнөдө эки көрүнүштүн — Жарык менен Караңгынын айкалышын тааныйт. Бирок манихейлер материяны жана айрыкча адам денесин "караңгылык" катары эсептешсе, христиандар материалдык дүйнөнү Кудайдын жараткан нерсеси катары карашат жана нике, көңүл ачуу, мекенди сүйүү өңдүү нагыз жыргалчылыктарга кеңири жол беришет. Эки көз караштын келишпестиктери көз көрүнө турат, алардын кармашы алиге уланып, аягына чыга элек.

Батыш манихейчилиги христианчылык менен III кылымдын аягынан бери тең тайлаша күрөшүп келе жатат жана Диөклетиандын мезгилинде христианчылык сыяктуу эле куугунтукка алынган. Бул куугунтукту христиан падышалары улантат. Манихей динин туткандарды Феодосий өлүм жазасына тартууну эрежеге айлантат. Манихейчиликти Гонорий падыша мамлекетке чыккынчылык катары эсептеген. Вандалдардын королу Гуннерих Түндүк Африкадагы манихейлерди тукум курут кылган; аман калгандары Италияга кире качышкан. VI кылымда Равенна манихейчиликтин борборуна айланат, анткени Ломбардияда жашаган ариандар Римге каршы күрөшүп жатышкандыктан аларга баш калкалоого уруксат беришкен. Натыйжада X кылымда манихейчилик Лангедоккө тарап, Болгариядагы ушуга окшош окуулар менен биригип кетет. Манихейчиликтин үгүтчү, насаатчылары Франциянын түштүгүндө жана Италияда да элди ушунчалык дүүлүктүрүп салгандыктан, жадегенде папа да оз чебинен сыртка чыгуудан, шаардын көчөлөрүндө кыжылдаган көпчүлүктүн шылдыңы менен мазагына туш болуудан корккон. Ал көпчүлүктүн арасында рыцарлар да бар эле, аларды тыюуга милдеттүү феодалдар да ал үгүткө алдангандыктан антүүдөн баш тартышкан.

XI кылымдын экинчи жарымында манихейчилик дини бүтүндөй Ломбардияны кучагына алат, анткени бул аймактагы жогорку дин кызматчылары ушунчалык бузулгандыктан элдин кыжырын кайнаткан. 1062- жылы Ариальд деген поп Миландагы жыйында дин кызматкерлеринин аял алышына каршы чыгат, бирок бул архиепископ Гвидого жакпагандыктан өлтүрүлгөн.

Күрөш улана берген, болгондо да архиепископту жана анын мураскерин жашыруун түрдө шайтанчылыкты туткан император Генрих IV колдоп турган, ал эми рефөрматорлорду папалар Александр II жана Григорий VII колдошкон. Кейпи, папалар менен императорлорду бул маселенин маңызы эмнеде экени кызыктырбаса керек, алар муну менен өз тарабына тарапкерлерди тартуунун жолун тапкан окшобойбу. Жолбашчылардын атаандашууларынын айынан 1075-жылкы кечөө согуштарында өрттөнүп кеткен Миландын калкы курмандыкка чалынган. XII кылымда Италияда патарендер деп аталган манихейлер Римге чейинки бардык шаарларга тарап, мында бул ересчиликке дыйкандар көбүрөөк ооп кетишкен, ал эми дворяндар менен поптор, т. а. ал мезгилдин эң пассионардуу бөлүгү андан да ашкан активдүү ересчилер болуп чыга келишкен.

Германиянын королунун ачык эле колдоосу астында турган Лангедоктогу Альби шаары манихейлердин борборуна айланган, андыктан француздар аларды гректердин катарлар — "тазалар" деп аташканына кошумча альбигойлуктар деп аташты. Алардын жамааттары "көзү ачыктарга", "ишенимге берилгендерге" жана катардагы адамдарга бөлүнгөн. "Көзү ачыктар" никесиз жана орозо тутуп жашашкан жана алар "ишенимге берилгендерди" окутуп, өлүм алдында жаткандарга кеңеш берип, аларды өлөөрдүн алдында "көзү ачыктардын" катарына алууга, материалдык дүйнөнүн кишенинен кутулууга жардам көрсөтүүгө милдеттүү болушкан. Ал эми жамааттын катардагы калкы эски осуятты элдик тилге которушуп, аны баатырдыктын баяны катарында эсептешкендиктен рыцарлыктын идеалын, аны менен бирге өз окурмандарынын жүрүш-туруш көнүмүштөрүн да аз-аздан өзгөртүп отурган. Калганын провансалдыктардын француздарды бөтөн жана агрессивдүү этнос катары жек көрүүсү аягына чыгарды. 1176-жылдын алдында Лангедоктун дворяндары менен дин кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү катарлардын динин кабыл алышып, ал эми алардан калган азчылык бөлүгү жана дыйкандар ооз басып, каршы чыкпай жашоону туура көрүштү.

X кылымда кезектеги начарлоосун башынан кечирип жаткан диний идеалисттик философиянын (схоластиканын) мүмкүнчүлүктөрүнөн көңүлдөрү кайт бөлгөн орто кылымдардагы кудай издөөчүлөр маселенин оң чечилишин христиандык мектептерден сырткары жактан издеп киришти жана ага жоопту Чыгыштан (Балкан жарым аралынан) келген манихейлердин окуусунан табышты. Ал окуу төмөнкүчө болгон.

Жаманчылык — бул түбөлүктүү нерсе. Ал жаманчылык — дух аркылуу жан киргизилген материя жана ал дух материяны өзү менен чулгап турат. Бул дүйнөнүн жаманчылыгы — материянын торуна түшкөн жандын кыйналышы; андыктан, бардык материалдык нерселер — жаманчылыктын булагы. Мындай болгон соң, жаманчылык дегенибизге — бардык нерселер, анын катарына храмдар да, иконалар да, кресттер менен адамдардын денелери да кирет. Ошондуктан булардын баары жок кылынууга тийиш.

Мындай жаманчылыктан кутулуунун эң жөнөкөй жолу өзүн өзү өлтүрүү боло алмак, бирок манихейлер өз доктриналарына жандын көчүп жүрүшү жөнүндөгү окууну киргизишкен. Бул өзүн өзү өлтүргөн кишинин жаны кайра туулууга мажбурланат, анан ал кайрадан кыйналууга аргасыз болот дегенди түшүндүргөн. Андыктан жандын тазалыгын сактоо үчүн башка жол сунуш кылынган; ал дүйнөнүн жыргалчылыгынан безип, денени кыйноо, же дуулдаган, ээ-жаа бербеген зөөкүрдүк менен, же жамааттык бузукулук аркылуу материяны чарчатып, жанды өз чеңгелинен чыгарууга аны мажбурлоо керек делинген. Ушул багыттагы максатты гана манихейлер туура деп табышкан, ал эми пенделик жашоого байланыштуу адеп- ахлак көңүлгө да алынган эмес. Ырас материя — жаманчылык деп эсептелген соң, ал кандай гана жол менен жок кылынбасын — бул дүйнөнүн жыргалчылыгы болуп саналган, андыктан киши өлтүрүү болобу, жалган айтуу, чыккынчылык болобу... деги баары бирдей деңгелде эч нерсеге арзыбас көрүнүш делинген. Материалдык дүйнөнүн бардык нерселерин жок кылууга уруксат берилген.

Мындай кез караш орто кылымдардагы француздардын кыжырын кайнаткан. 1022-жылы Орлеанда өзүнүн ишенимдүү шакирттери менен кошо он катар өрттөлөт; алардын ичинде король Роберт 1нин аталыгы Этьен, схоластик Лизой жана капеллан Гериберт да болгон.

Аларды адам катары аяп кетесиң. Алар ак дилдүү, чынчыл жана көп нерсеге кызыккан адамдар болушкан. Католицизм эң кыйын кризиске туш болгон мезгилдерде уяттан кеткен зөөкүр прелаттар феодалдар лендерди ээлегендей кафедраларды ээлей баштаганда сабаттуулугу чектелүү дин кызматкерлери чиркөөгө келген элге христиандык пейил күтүүнүн эң жөнөкөй негиздерин түшүндүрүүгө чамалары жетпей турган чакта бул адамдар чыныгы жашоо алдыга койгон эң татаал маселелерин логикалуу чечүү үчүн карама-каршы жакта жаткан суроолорго жооп издешти. Алар тарабынан жасалган жыйынтыктар кынтыксыз, бирок табигыйлыкка каршы жыйынтык эле. Ошону үчүн орто кылымдык француздардын таза зиректүү туюм-сезимдери бул логикага каршы көтөрүлдү. Жогорулоо фазасынан акматикалык фазага өтүү мезгилинде турган система антисистема менен кагылышып кетти да, натыйжада Жер бетине өрттөп өлтүрүлгөн адамдардын күлү додо болуп үйүлгөн.

Манихейчиликке бардык учурда жана бардык жерде мына ушуга окшош мамиле жасалды. Ошону үчүн I миң жылдыкта манихей жамааттары жашыруун жашаган, мунун себебинен калп айтуучулук алардын жүрүш- турушунун көнүмүш адатына айланган. Италия менен Францияга келген манихей үгүтчүлөрү шаардан шаарга тоскоолсуз көчүп, өз диндерин жайылтууга ың тайлуу шарт түзүүнү көздөшүп, өздөрүн "кездеме токуучулар" деп аташкан. Чындыгында алар масондор кандай "кыш кын оочулар" болушса манихейлер да ошондой "кездеме токуучулар" болушкан.

Ал аңгыча бул жалган кесипчилик мындан кабары жок, бардык жерден тап күрөшүн көрүүгө жулунган адамдарды жаңылыштыкка түртүп келди жана түртүүдө. Өзүнүн "Роза жана Крест" деген пьесасында акын А. А. Блок альбигойлуктарды дал ушундайча мүнөздөйт. Муну үчүн аны күнөөлөөнүн деле кереги жок.

Чындыгында альбигой согушу Жакерия согушуна окшош эмес эле, анан да ал Тулуза менен Париждин феодалдарынын жаңжалы да, провансалдыктардын француздарга каршы ачкан улуттук согушу да эмес эле. Анын себеби мында. Чиркөөгө каршы багытталган көптөгөн патриархалдык жана плебейлик кыймылдардан айырмаланып, катарлар социалдык жактан ар түрдүү болушкан. Бул болсо алардын социалдык жана этникалык тар чөйрөгө камалбай, өз динин ийгиликтүү таратууга кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн.

Дыйкандар менен шаардыктардын үстөмдүк жүргүзүп турган феодалдарга каршы таптык күрөшү эч качан токтоп калган эмес. Анткени менен ал бири бирине байланышкан эки багытта уланган. Крепостной дыйкандар барондордун зомбулугуна кыжырданышкан. Бирок алар өз программасында: "Биздин ак көңүл сеньорубуз бизди арамза душмандардан жана кара санатай бузукулардан коргойт" деген так тыянакка таянган. Жүйөлүү тыянак, бирок анын бардык материалдык нерселер — дүйнөлүк жаманчылыктын көрүнүшү, андыктан алардын баары жок кылынышы парз деген диний көз караш менен эч кандай жалпылыгы да, жакындыгы да жок. Тескерисинче, дыйкандардын таптык табияты аларды эркиндикке жана укукка ээ болууга, жер иштетип, үй курууга, балдарды тарбиялап, байлык жыйноого умтулткан. Ушулардын баарын миң ирет жөндүү болуп көрүнгөнсүгөн кайсы бир куру кыялдын таасиринен улам таштап салуу алардын үч уктаса түшүнө да кирген эмес. Экинчи багыт — шаардык коомдоштуктардын (коммуналар) королдук бийлик менен биримдикте герцогдор менен графтарга каршы күрөшү болгон. Мында деле жаңыдан пайда боло баштаган буржуазия дүйнөдөн кечип кетүүгө жана жакырчылыкта жашоого эмес, байлыкка, жыргал турмушка, бийликке умтулду. Батышта шаарлар бирде папаны, бирде императорду, Чыгышта — сунналык халифти колдоп турушту, Византияда алар православиенин тирегине айланды, анткени шаардыктардын жакшы турмуш жайы тиги дүйнөнүн түшүнүп болбос, жат идеалы үчүн жашоону жок кылууга эмес, дүйнөдө бекем тартиптин орношуна көбүрөөк байланыштуу болгон.

Анан да жакырдык жаманчылыктан сактап калат деген үгүт-насыятты канткенде социалдык программа деп эсептөөгө болсун. Анан да дин кыз- маткерлеринин жакыр жашоосуна христиан кечилдери жана мусулман дербиштери менен суфийлер гана үгүттөшкөн. Епископтордун шаан-шөкөттүү жашашын, непотизм менен симөнияны папалар менен Соборлор айыпташканы менен, алардын мунусу ересчилик деп эч ким күмөн санаган эмес. Кээде өтө эле ашкере айгак-айып коюучуларды артынан аңдытып өлтүрүп же ойдон чыгарылган күнөө коюп дарга асып, отко өрттөп жатышты. Ансыз да ал каардуу замандарда өлүм жазасына оңой эле тартылып калуу мүмкүн болгон, айрыкча өз идеясын ишке ашырууну көздөп алабармандаган адам бийлиги барлардын көңүлүнө жакпай калышы ыктымал эле. Идеологиялык себеби жок деле жазаланып, баштар кыйылып турган. Дегиңкисин айтканда, деле ишке ашпас кыялга чулганган аракет канткенде таптык мүнөзгө ээ бөлө алмак? Бул үчүн ал эң кур дегенде жалпынын дитин бирдей тарта алган идея болууга тийиш эле, бирок анда анын башка жетекчи принциби — жашыруун антташуу жана кыңк этпей баш ийүү салты жокко чыгарылмак. Ал эми ошол еретиктердин өздөрүнүн кылык-жоруктары кандай эле? Алар бейпил жашоону дегеле каалашкан эмес. Албетте, алар феодалдарды да өлтүрүп турушкан, бирок көбүн эсе дыйкандар менен шаардыктарды талкалап, мал- мүлкүн талап алып, катын-балдарын кулдукка сатып турушкан. Манихейлердин жана ысмайылчылардын коомдорунун социалдык катарын өтө ар түрдүү кесиптегилер түзгөн. Алар поптор, жакыр усталар, дыйкандар жана бай соодагерлер, кайырчылар, тентимиштер — кызык окуяларды издеп ойго-тоого урунгандар жана акырында кесипкер жоокерлер, т. а.

феодалдар эле, баса, ал мезгилдерде узакка созулган жана ийгиликтүү аяктоочу согуштар жоокер-феодалдарсыз башталмак да, уланмак да эмес. Аскер кошуундарында жоокерлерди катарга тизип, оңутуу жер таап, чабуулга өткөрүп, сепилдерди курчап, согуш жүргүзүүнү билген адамдар болууга тийиш да. X—XIII кылымдарда минтүүнү феодалдар гана билишкен.

Катарларга (альбигойлуктарга) караганда католиктер дурусураак, ак көңүл, акыйкатчыл, намыскөй болушкан дегендей жалган ой пайда болушу мүмкүн. Бул ой да, анын тескериси да туура эмес. Адеп-ахлакты, пейилди өзгөртүү боюнча кандай гана үгүт-насыят жүргүзүлбөсүн, адамдар өз билгенин уланта берет. Анан да, кетирген күнөөнү акча берип актоо, кресттик жүрүштөргө садага берилген каражаттар кантип эле, материалдык дүйнө менен күрөшүүгө чакырган үгүттөн жакшыраак деп айта алабыз. Эгер эле бир дин таалими экинчисинен жакшы делишсе, анысы ким үчүн жакшы болгон? Андыктан буга сапаттык баа берүү жөнүндө суроо салуу маанисиз жана илимге сыйбас иш, айталы, кислота жакшыбы же щелочь жакшыбы дегендей кеп. Экөө тең терини күйгүзөт!

А эгер мындайча болсо, буларга неге ушунчалык зор көңүл бурулуп, ошол эле мезгилде күчөп чыккан феодалдар табы менен крепостнойлукка айландырылган дыйкандардын социалдык кагылышуулары өсүп, күч алып бараткан королдуктардын территориялар үчүн жана шаарлардын соода рыноктору үчүн атаандаштыктары эмне үчүн көмүскөлөнүп отурат? Бул согуштардан биз талдоонун башталыш чекити катары пайдаланып отурган тымызын жүргүзүлгөн согуштар эмнеси менен айырмаланат?

Бир чоң этносоциалдык системанын ичинде саясий үстөмдүк үчүн күрөштөн, ал эмес ар бөлөк маданий-системалык бир бүтүндүктөрдүн кармаштарынан айырмаланып, бул жерде тукум курут кылып кырып салууну максат кылган согуш жүргөн. Бир аймакта француз манихейлери менен француз католиктери дегеле жашай алышмак эмес, анткени алар карама-каршы багыттагы системаларды өнүктүрүүнү көздөгөн. Кагылыша келгенде Кудай жараткан дегенди танып, дүйнөлүк жаманчылык аталган материянын аннигиляциясын пайда кылышкан. Алар бардык жерде ушинтишти. Алар Византияда, Иранда, Борбордук Азияда, жадегенде башка динге чыдамдуу мамиле жасаган Кытайда да ушундай иштешти. Ошондуктан аларды бардык жерде куугунтукка алышты, ал эми алардын каршылык көрсөтүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан Орто кылымдардын алгачкы мезгилдеринин тарыхындагы мамлекеттердин кагылышууларына жана этностордун калыптанышынын жүрүшүнө өзүнчө бир түс берип турду. Жүрүш-туруш адаттары жана психологиялык кулк-мүнөзү сыйышпас эки системанын кагылышуулары ал кездерде глобалдуу көрүнүш болгон. Ошонун айынан ал доордогу искусство эстеликтери өтө аз сакталган.

Ал эми манихейлердин XIV кылымдын аягы ченде Жер бетинен жок болуп кетиши тан калтырбайт, анткени, алар өздөрү да ошого умтулушкан. Материалдык дүйнөнү жана анын кубанычтарын жек көрүү менен

алар жашоону да жек көрүүгө тийиш болушкан; буга байланыштуу алар өлүмдү да колдобошу керек эмес эле, себеби өлүм дегенибиз — абалдын өзгөрүшүнүн бир гана ирмеми эмеспи, демек, алар жашоо жана дүйнө дегендин таптакыр болбошун каалашкан. Кайра жаралуу дооруна жол бошотуп беришип, өздөрү ошол жок дүйнөгө кетип тынышты. Алардын жаңылыштыгы бардык элди, ыктыярдуу да, ыктыяры жок да кыйноого салып Жер жүзүнөн жок кыла албагандыгында болгон. Алар ошентүүгө кандай гана аракеттенишпеди! Ал эми адамдын жашоону улантуучулук улуу милдети алардын чабуулуна майышып койбогону, элдердин тарыхы өз нугунда агымын токтотпой жүрө бергени, албетте, алардын күнөөсү эмес!

Мына ушундай кырдаалда испан кечили Доминикан тарабынан негизделген жана катар-еретиктерге же альбигойлуктарга каршы багытталган алгачкы инкивизиция пайда болду. Албетте, күноосүн далилдебей туруп, жеке өзүнүн мойнуна алганы боюнча гана жазалоочу инквизициянын принцибин ким эле колдосун. Кыйнап отуруп моюнга алдырса болот, чагым салуу — жалгандык, соттор — калыстыгы жок жана өздөрүн өздөрү билген немелер, андыктан мындай сот системасынын эмне максатта түзүлгөнү айдан ачык. Инквизиторлор өз тыңчыларын XIII кылым- да италиялык жана франциялык коомдордун бардык катмарларына кийирип, катарлардын өч алышынан коркушуп, аларды өтө этият пайдаланышкан. Согуш Лангедокто эле жүргүзүлбөдү. Ал падыша сарайларында, ишканаларда, чиркөө жамааттарында, жадегенде базарларда да тынбай жүрүп турду. Аёо билбеген бул кан төгүүнүн катаалдыгынан өздү да, өзгөнү да аябагындыгы, анын чеңгелине катарлар жана инквизициянын тыңчылары тарабынан жалган жалаа жабылган күнөөсүз адамдардын курмандыкка чалынышы күчөйт. Катарлар өз дини уруксат берген материя менен кармашта чыккынчылык жасоо, жалган айтуу укугун эң сонун пайдаланып кетишти. "Католицизмге өтө качкан мурдагы катарлар — Робер Ле Бугр, Верондук Петр, Райнир Саккони XIII кылымдагы эң катаал инквизиторлор эле. Алардын оз колу менен жүздөгөн катарлар менен валденстер отко жагылган6. Алардын катарында жалган жалаа жабылган көптөгөн католиктер да курмандыкка чалынган. Миланда 20 жыл бою катарлардын коомунун мүчөсү болуп, бул сектанын кылык-жоругун эң сонун билген Робер Ле Бугр 1233-жылы папа Григорий IX тарабынан инквизитор болуп дайындалган соң, өзү билген жашыруун сырларды катарларга каршы өтө уятсыздык менен пайдаланган. Мисалы, 1239-жылы Марнедеги Шалондун жанындагы Монт-Эме кыштагында 182 катарды отко өрттөттүрүп жиберет. Кийин да ушундай иштер уланган: 1214-жылы Парижде өрттөп өлтүрүлгөн катардын небереси канцлер Гильом Ногаре тарабынан жүргүзүлгөн сот процессинде тамплиерлердин орденинин гроссмейстери Жак Моле жана башка рыцарлар отко өрттөлгөн. Жашыруун сот — эки миздүү куралга окшош.

Өлүп бараткан дуализм кайра тирилүү жолун таап, бул саам монисттик концепцияны көтөрүп чыкты. Антисистемалар үчүн принципти катуу сактоо өңдүү майда-чүйдө нерселер олуттуу мааниге ээ эмес, алар үчүн башкы нерсе — материяны жана денени жок кылуу болуп саналат. Дуализм эми оз ишмердүүлүк жолун манихейлердин жашыруун коомунун мүчөсү катары баштап, кийин Гиппон (Африка) шаарынын епискобу болуп иштеп, өлгөндөн кийин чиркөөнүн атасы катары таанылган, V кылымдын таланттуу ойчулу Такыбаа Августиндин окуусу менен куралданды. Бул ойчул схоластиканын үч багытынын биринин — адамдардын тиги дүйнөдө бейишке же тозокко туш келишинин себептери жөнүндөгү окуунун автору эле. Албетте, айрым чегинүүлөр болгон, бирок кеп анда эмес.

Такыбаа Августин Адам ата биринчи күнөөкөр, ал өз тукумуна "алгачкы күнөөнү" генетикалык түрдө өткөрүп берген дейт. Андыктан бардык адамдар каргышка татыктуу, аларга тозоктон башка орун жок. Кудай баарын көрүп турат жана ал айрым адамдарды сактап калгысы бар, ал эми калганы өлмөктөн доңуз копсун, баары бир. Күнөөлүү адамдар кандай гана эмгек кылбасын, эрдик көрсөтпөсүн мааниге ээ болбойт, анысы эске алынбайт. Мындай системада шайтанга орун жок, анткени баарын бир Кудай өзү билет.

Августиндин окуусун ал кездеги дин аалымдары кабыл алышкан жок. Августиндин көз карашын жактоочулар жазага тартылган, мисалы, кечил Готшалк мандайга алдын ала жазылган күнөө жөнүндөгү идеяны, т. а. адамдардын күнөөсү үчүн Кудайдын жоопкерчилиги жөнүндө кеп тараткандыгы үчүн өмүр бою абакка отургузулган.

Ошентип, Орто кылымдар да артта калып, Реформация башталганда, Августиндин идеясын Жан Кальвин кайра тирилтип, ортого койду. Экинчи инквизициянын теориясы дал ошол идеяга негизделген болуучу. Кудай менен Шайтанды жараштыруу Европанын бардык кара ниеттеринин көңүлүнө толгон.

Ой-пикирлер