Кирүү

Жез таңдай

Илгери кыргыз жери ырдын жери болуп келген. Таң булбулу окшоп таңшыган канча бир акындар өтпөдү. Көбүнүн аты-жөнү белгисиз бойдон калды. Көбүн биз билебиз, бирок алардын да ырлары үзүлүпбөлүнүп, бул күндөргө араң жетип олтурат. Кантсе да алардын баары — биз үчүн асыл мурас. Аларды биз бөтөнчө камдуулук менен этиеттеп жыйнап, өзүбүз жана бизден кийинкилер үчүн пайдаланууга тийишпиз. Алардын үнүн угуп отурсаң, биздин бабалар өлүмгө денелерин эле берип, ырларын эртеңки муундар үчүн деп атайын сактап калган сыяктуу. Ал ырлар адам жанынан бүткөн сыйкырДУУ сүрөттөр окшоп, ошол доордогу, андагы тиричиликти көз алдыга тартып турат.
Алар ошонусу менен бизге кымбат. Мен мисалы, өз ырыма алымсынбай тытсам тытып салышым мүмкүн, бирок бабалардын мурастарына жоопкерчилик менен ыйык кароого милдеттүмүн.

Элдин өткөндөрү, көркөм аң-сезими, дүйнөнү түшүнүүсү жана баалоосу да ошол ырларда сакталып калган. Адам баласынын табиятынын дагы бир купуя сырын далилдеген ырчылык, төкмөлүк өнөр жөнүндө мындай же андай деп түшүндүрүштүн өзү да кыйын. Бийик искусство ар кандай түшүнүктөн жогору эмеспи. Ооз ачылар менен ойлор сөзгө, болгондо да көркөм сөздөргө, анан ыргактарга, анан куюлушкан уйкаштарга суудай агып жүрүп олтуруунун өзү эмне деген керемет, эмне деген сыйкырдуулук!

Бүткүл дене эрип, ырга айланып кеткендей. Башка элдерде мындай өзгөчөлүк жок. Ал бизде бар. Ошо барына шүгүрчүлүк. Анткени, ал элдин табигый шыгы, ыр кумардуулугу жана ыр жандуулугу менен байланышкан. Биз жогоруда белгилеп өткөндөй жерибиз ырчылардын жери окшобойбу. Бул чындык. Бир түнү Жеңижоктун үйүнө айыл эли жыйналып, көпкө олтурушат. Көксулуу эчак уктап калган болот. Эл Жеңижоктун дагы бир нерсе айтып беришин күтүшөт. Ошондо Жеңижок бала жөнүндө ыр баштап, аны таң аппак агарганча бүтпөй калган экен. Жеңижокто бала болбоптур. Көксулуу апабыз такыр төрөбөгөн окшойт. Ошону арман кылып, "балам жок" деп муңканып ырдаганда Жеңижоктун сакалынан ылдый мөндүрлөп жаш куюлуп турган дешет. Уккандардын алтымыш эки тамыры бүлкүлдөп жибип, ырдагы кайгынын күчүнө чыдабай, уялгандан тышка чыга чуркап, эчкирипэчкирип алып, ана кайра келип олтурушуп, түндүн кандай өткөнүн да билбей калышкан. "Акын болсоң ушундай бол, адам баласынан экинчи мындай ырчы чыкпас" деген аңыз кепти биздин айылдыктар азыркыга чейин ооздорунан түшүрбөй айтып жүрүшөт. Жеңижок тубаса жаралган жез таңдай акын болгон.

Сүйүнбай Эралиев

Ой-пикирлер