Кирүү

Сабактарды жана бөлүмдөрдү пландаштыруу

Насаатчынын өзү жана студент-практикант жалпы максаттарды иштеп чыгуу жана окутуу, күтүлүүчү натыйжаларды, бөлүмдү окутуу усулдарын, окуучулардын билимин баалоо стратегияларын жана аларды чечүүнүн ыкмаларын, болжолдуу көйгөйлөрдү аныктоону талкуулаган сабак өтөт. Насаатчы окуу бөлүмү жана сабакты пландаштырууга тийиштүү өзүнүн идеялары менен жигердүү бөлүшүү аркылуу студент-практикантка дем берүүгө милдеттүү. Бөлүмдөгү өзү өтүүнү каалаган сабакты тандоого мүмкүндүк берип студент-практикантты жигердентүүгө болот. Өзүнүн практикасын өтөөдө жетекчиликке ала турган жана аны натыйжалуу, бир багыттуу кыла турган аракеттердин планын иштеп чыгууга студент-практикантты насаатчы жигердентүүсү зарыл.
Студент-практикант өзүнүн ой толгоолорун насаатчы менен эркин жана ачык бөлүшүп, үйрөнө ала тургандай пландаштыруу боюнча мындай сабактар ишенимдүү атмосферада өткөрүлүшү зарыл.

Булак: USAID. Cтуденттик педагогикалык практика боюнча насаатчыга колдонмо

Ой-пикирлер