Кирүү

Бүргө баатыр

"Ала-Тоо" журналына жарыяланган Касымбек Сейдакматов менен Кушубак Исан уулунун "Ак Шербет" деген макаласын окуп чыгып, ошол Ак Шербеттин атасы Бүргө баатыр жөнүндө азын-оолак сөз козгогум келди. Макалада Бүргө жөнүндө көп эле ойлор камтылган. Маселен, жаш чагынан баатыр аталышы, адамгерчилиги, калыстыгы даңаза болуп Кытайга чейин жеткени, акылман адам болуп элди эмгекке тартканы, кек сактабаган кенен болуп, сөздү таап сүйлөгөнү айтылыптыр.

Бүргөнүн аталары Казымамат, Куртка, Жантай, Каймазар, андан эки уул Түлеберди, Кенже. Кенжеден эки уул Козубек, Итим. Бүргө ошол Итимдин баласы. Козубектен Кан келди туулат экен. Ал эми Бүргөдөн Торутай, Сарытай, Калча, Төлө, Калыбай, Сатылган деген уулу болуп, Дилде, Набат, Шербет аттуу 3 кызы болгон. Бүргө атадан сегиз жашында жетим калат. "Болор уул богунан" дегендей, 12 жашка чыкканда кырк жолдош күтүп, алар менен торпок, тай, кунан чаап, күрөш, оодарыш, сайыш оюндарын ойноп, жеңгендерине эби-себиндей кылып байге уюш- туруп берип турат. Бүргө 14 жашында эки уруу элдин чабышына катышып, чоң эрдик көрсөтөт. Оозго алынып, баатырлыгы бааланат.

Адатынча чогулган кырк бала сүйлөшүп алып, Бүргө баатыр деп ат коюшуп, талаага казан асышып той жасашат. Ошондон тартып "баатыр" аты эл арасына тарап кетет. Бүргөнүн жүрүш-турушу, иштеген иштери аталаш тууганы Кан келди бийге жакпай калат экен. Анткени бийлигине коркунуч түшүп, эл Бүргө тарапка ооп калган болот. Бүргө өткөрүп жаткан тамашаларга аксакалдарга чейин барып карап турушчу экен. Кан келди бий да эл менен кошо барып көрүп жүргөн. Буга итатайы тутулуп, жаш баланын жүрөгүн калтырууну ойлойт. Ошентип жүрүп Бүргө 15 жашка чыкканда: — Жылкымдан туу бээ жоголду. Бүргөлөр союп алды, — деген жалган жалаа менен Бүргөнү карматып алып, көйнөк- ыштанча чечиндирип, чычырканакка бөлөтүп, жигиттерге сабаттырат. Бүргө ошондо бир жолу да чын дебей чыдап туруп берген дешет. Көйнөк-ыштаны дал-дал бөлүнүп, бүт денеси канга боёлот. Карап тургандардын боору ачыйт, Кан келди өзүнүн туура эмес иштегенин сезип, көргүсү келбей тетир карап басып кетет.

Бүргөнүн жолдоштору, жабыла карап турган эл: "Күнөөң болбосо эмне унчукпай турасың?!" дегенде, Бүргө "Мейли, улуу кишинин көздөгөн максатына жеткени оң" деп жооп берген Улууну урматтаганын айгинелеген. Ошондон кийин бир жолдошун ээрчитип Чүйгө барып, келип жүрөт. Жаз чыгып эл жайлоого көчөр мезгил келет. Канкелди бий кырк кулун байлатып, кымыз ичип Бөртартур деген жерде чалкып жаткан чагында бир түнү калың жылкысынан ажырап калат. Элин чогултуп сураштырганда, бир бала Бүргө жолдошу менен иңир талаш бир айылга түшкөнүн айтат. Канкелди жылкыны Бүргө айдап кеткен экен го деген бузук ойго түшөт. Жылкынын изин чалса, Таластын башын көздөй кеткени байкалат. Жыйналган жүз чамалуу колу менен Канкелди Үч-Кошойду бет алып жөнөп калат.

Тай-Жоргого жеткенде Шумкар-Уя менен Бел-Арыктын ортосунан уюлгуган калың чаң асманга көтөрүлгөнүн байкаган Канкелди бий жанындагы эки жигитин бийикке чыгып чаңды байкагыла деп жумшайт. Эки жигит бийикке чыгып барып караса Бел-Арыктан жылкынын алды көрүнгөн экен. Ошондо: — Жылкылар келе жатат! — деп кыйкырык салышат. — Артында адам барбы? — деп сурайт бий. — Жылкынын арты көрүнбөйт, — деп жооп беришет беркилер. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алар кайра артында эки эле киши бар дешет. Ошондо Канкелди "алар ким болду экен?" деген ойго алаксый бергиче жигиттери: — Артындагылар Бүргө экен! — деп дагы кыйкырат. Муну укканда Канкелди бий өткөн ишке өкүнүп, өйдөлөп чыгып барат да, аттан түшүп, көчүгүн көк ташка коюп отурган болот. Жылкыны Тай-Жоргонун оюна токтотуу үчүн жигиттерди жумшап коюп отурганда, жылкынын арасындагы бир бээге союлдардын теңделгенин көрүп чын эле Бүргө экенине толук ишенет. Бүргө чыгып келип, агасы Канкелдиге жакындаганда атын жолдошуна кармата коюп, камчысын мойнуна салып, эки колун бооруна алып, сыңар тизелей таазим кылат.

Канкелди бий "Бактың ачылсын" деп гана бир ооз бата берет. Бүргө отурган бойдон эки колун жүзүнө сүртүп Канкелдинин батасын кабылдайт. Жигиттер бээни кармап, союлдарды бирден алып, жылкыны айдап жөнөшөт. Көрсө иштин жайы мындай болгон экен. Бүргө Чөңөр ашуусун ашып, атасы Итим кудалап койгон колуктусунун айлына иңир аралаш келип, аттарын аса байлап суутуп койгон түнү калың жылкынын дүбүртү дүңгүрөйт. Эшикке ыргып чыгып караса чын эле ошондой. Жолдошун ойготуп, аттарын токушуп жылкынын артынан жөнөшөт. Таңдын атышын күтүп жылкынын арткы караанын көрүп жүрүп отурушат. Шашканда жараксыз чыгышкан экен. Агышайдын оозуна барганда таң атып калган болот. Жол үстүнөн качанкы өлгөн төөнүн каржилигин эңип алып, ушу да болсо жарак деп мурутунан күлүп жылкынын артынан жете барат. Жолдошуна бошотулган аттарга көз болууну тапшырат да чоң кечүүдөн жылкыны кечирип коюп, кес-кесдеп турган алты ууруга алды менен беттешет. Алгач найза шилтеген уурунун найзасын каржилик менен кыйгай чаап, учун өткөрүп жиберип, найзасын сууруп алып, өзүн аттан түшүрөт.

Калган бешөөн карсылдатып кирет. Ошентип Сары-далаанын боюнда кырк ууруну аттан түшүрүп, жылкыларды токтотуп бир аз дем алат. Мезгил жетип уурулар топ-топ болуп жыйналып өздөрүнчө сүйлөшүп турган мезгилде бардыгын өзүнө чакырып алат да дөбөчөнүн этегине бар жарактарын таштатып, өзүлөрүн дөбөчөгө ээрчитип чыгат. Жылкыларга байырлап жүргөн аттарын чогулттурууга сөз козгогондо, арасынан сакалын ак аралап калган аксакалы үч жигитти аттарга жөнөтөт. Алар аттарды чогултуп келип имерип турганда баягы аксакал дагы үч жигитти жумшай турган болгондо, Бүргө аттарды кармап, тегиз байлаштырып коюп, тез кайра келгиле дейт. Баягы аксакал Бүргөгө "жигит, жай сурашалы" дегенде "сурашса сурашабыз" деп бир ооз гана жооп берип тим болгон. Жигиттер аттарды байлаштырып, дөбөчөгө чыгып келгенден кийин тегиз отургузуп алып, өзү найзаны таянып туруп, уурулардын жай-жапсарын сурай баштайт.

Башкасы үн катпай баягы сакалчан киши сөз баштайт. Көрсө алар Суусамырлык Садыр баатырдын казактан жылкы алып келүү үчүн аттандырган жигиттери экен. Алар 15 күн мурун айлынан аттанып, Ашмараны бойлоп жүрүп отуруп, азыркы Меркеден өтүп, үч күнү аңдып жатып казактын калың жылкысын түндөп айдап жөнөшөт. Чөңөр ашуусун таянып калганда артынан куугун түшүп, мылтыктан ок чыгара баштаганда, айласыздан жылкыларды таштай качышып кутулушат. Чөңөр ашуусунан ашып түшүп, эки күнү бекинип жатып, Канкелдинин жылкылары кайтаруусуз жатканын билишип, түндөп айдап жөнөшүптүр. Ушинтип Бүргөнүн карамагында туткун болуп турганын сакалчан төкпөй- чачпай айтып өткөрөт. Бүргө сөз сүйлөгөн ак- сакалдын аты-жөнүн сураса Омор экен. Бүргө да өз жайын айтып түшүндүрөт. Таластык кушчу, Каймазар, уруусунан, аты Бүргө экенин, 16 жашка чыкканын айтып келип, жылкылар агасы Канкелди бийдики экенин түшүндүрөт. — Канкелдинин да силерге окшош 40 жигити бар, алардын бирөөн да ала чыкканым жок.

Урушаарга жоо таппай кутуруп турган немелер кандап жибереби деп аядым, — деп келип, — Омор аке! Кийин туура эмес сөз чыкпасын. Улуусу да, сөзмөрү да, билгичи да сиз көрүнөсүз. Ошондуктан сиздин чындыкты айтып беришиңиз үчүн бир ооз мусулмандык жосун боюнча оозуңузга каргыш алып коюңуз, — дейт. Ошондо Омор башын жерге салып, ойлоно калып: — Эмне деп каргыш алайын, — деп кайра Бүргөгө караганда, ал: — Жалган айтсам кыргыздын, жети атамдын арбагы урсун деп коюңуз, — дейт. Омор Бүргөнүн сөзүн кайталап "жалган айтсам кыргызымдын, анын ичинде жети атамдын арбагы урсун" деп каргыш алат. — Эми болду, — дейт Бүргө күлүп. — Союлдарыңарды бербеймин. Алар мага олжо, ат-тонуңарга тийбеймин. Ал менден силерге олжо. Баатырыңарга түз сөз айтып баргыла, болгонду болгондой айткыла, — деп кадимкидей кол кармашып аттандырып жиберет экен. (Ошол дөбө азыр да "Бүргө дөбө" деп аталат.) Алар жөнөөр менен бир жоош бээни кармап алып, ичмегинин бирин, көрпөчөсүн белине тартып жыйналган 27 союлду теңдеп кое берип, жылкыны Кетиктин белин ашырып, Шумкар-Уя аркылуу айдап жөнөп калат. Ошентип келип Канкелдиге жолугат. Бүргө жылкы айдагандар менен кошо кетет. Канкелдилер жеткенче 40 кулунду желеге байлап коюшуп, бийлердин келишин күтүп турушат. Алар келип, аттан түшүп, эшиги ачылган алты канат ак үйгө киришери менен Бүргөнү чакыртып алышат. Бүргө улага жактан орун алат.

Канкелдинин байбичеси катары менен орнотулган эки сабанын өйдөңкүсүн бышып-бышып, чоң сыр аякка толтура куюп, кайра оозун байлап, аякты эки колдоп кармап туруп: "Катар сабаларым капшыттан кете турган болгондо, кайра калыбына келтирген уул ичсин" — деп аяктагы акты биринчи Бүргөгө сунган экен. Бүргө ордунан туруп, аякты алып барып кош колдоп Канкелдиге сунат. Бүргөнүн эрдиги менен адамкерчилигие ыраазы болуп олтургандар гүлдөп кымыз ичүүгө киришет. Кымыз ичилип бүткөндөн кийин Канкелди "Бүргө иним, туруп бата сурачы" деп үн катат. Бүргө тура калып бата сурайт. Канкелди бий "Артыңдан куубасын, алдыңдан тоспосун, душманың сенден озбосун, эгер эл макул десе бийлигимди сага ыйгардым. Эки тизгин, бир чылбырды колуңа бердим, элиңди асырап ал!" — дегенде олтургандар дуу көтөрүлүп бата берип жиберишет экен. Канкелди бийлигин Бүргөгө бериптир деген сөз эл ичине шамалдай тарайт. Канкелди ак боз бээ союп той берип, Бүргөгө баарын тапшырып жатып калат экен. Бүргө акылман, кара кылды как жарган калыс, эл-журтка абдан кайрымдуу болот. Ага кошумча чексиз баатыр болгон.

"Бүргө баатыр" аталып кеткени ошондон. Сабырдуу болууну, адамдын баарын бирдей көрүүнү, адамга жамандык кылбоону жолдошторуна үйрөтүп, аз сүйлөп, көп иште деп акыл берген. Өзү баш болуп тоодон арык чыгарып, бир өзөндүн суусун экинчи өзөнгө куйдуруп, дыйканчылыкка үгүттөп эл камын жеген. Ошол арыгы ушун күнгө чейин "Бүргө тогон" деп аталып турат. Бүргөнү "ат качырбас ала айгыр" деп да аташкан. Анын себеби журтту чогултуп, өзүнө эл кылып, алардын кемчилигине кенен кайрылышкан. Бүргө бир чапканын экинчи чаппаган, бирок өлтүрө чаппаган деп айтылат. Мисалы, кырк ууруну колго түшүргөндө эч бирөөн өлүмгө учуратпаганы далил. Кийинки жылы жайында Бүргөнү Суусамырдагы Садыр баатыр чакыртат. Эмне үчүн чакыртканын келген жигиттери да жөндөп билбейт экен. Аларды кондуруп коноктоп, өзү барып каларын айтып жөнөтүп жиберет. Садыр баатырдын чакыртканын айыл аксакалдарына айтканда Канкелди баш болуп Бүргөнү барбагын дешет. Айыл үстүлүк кылып кордоп коет го, же майып кылып салат го деп чочулашат. Бүргө аксакалдарына түшүндүрүп айтып, барып келерин билдирет. Суусамырдын Муз-Төр жайлоосунан жанына мыкты 8 жолдош алып, Садырдын айлын беттеп жөнөп калат. Ара конуп жетип барышат. Садыр өтө эле супсак кабыл алып, ээн турган бир боз үйгө тогузун тең кийрип коет. Чай да убагында берилбейт, тамак да тартылбайт. Ошентип мейман туткун болуп жата беришет.

Үч күн өткөнчө эки тараптан тең сөз чыкпайт. Төртүнчү күнү чай ичилип бүткөндөн кийин "Садыр баатыр чакырып жатат" — деп эки жигит ээрчитип кетет. Учурашып отургандан кийин Садыр каардуу үн менен: "Бүргө балаңар кимиңер?", деп сурайт. Бүргө тура калып, кол куушуруп "менмин, баатыр", деп жооп берет. Ошондо Садыр Бүргөгө карап "Таласта шагың сынган го дейм" дегенде, "жок баатыр, шагым сынган жок. Улуулугуңузга баш ийип жатам, урмат кылып жатам" — дейт ал. Ошентип сөздүн ачкычы ачылып, эмне жөнүндө чакыртканын үйү толо элдин көзүнчө төмөнкүчө айта баштайт: — Өткөн жазда биздин жигиттер казактан жылкы алып, Чөңөр деген ашууну ашырып келип Таласка түшүп өрүүлөп жаткан жеринен айыл үстүлүк кылып, жылкыларды, жарактарын алып калып, өзүлөрүн мылтыктап айдап жиберипсиң. Аның аз келгенсип "Кара атым алдымда, кайкы кылычым колумда болсо катын саяктын бирин эмес, миңин кырар элем" депсиң. Кана эми, күч салышып көрөлүчү.

Сөзүмө күбө болсун деп , бул отурган аксакалдарды, беттештирейин деп жигиттерди жыйнаттым. Эми качып кутула албайсың, — дейт. Эми үйдө сүйлөшүүгө болбойт деп, отургандарды эшикке чыгарып, айыл четиндеги дөбөчөгө эл жабыла толот. Бүргө тегерете караса, баягы уурулар элдин бир чекесинде отурушканын байкайт, сүткө тийген күчүктөй болуп жер тиктешет. Оморду көзүнө чалдыктыра албайт. Эл тегиз жай алып отурган кезде Садыр баатыр: "Эми сөз сенде", деп Бүргөгө карайт. Бүргө сөздү узартпай, жигиттердин арасындагы аксакалы Омор деген бар эле, ошол кишиге жолуксам сөз ачылат, ансыз сөз ачыкка акыйкаттыкка чыкпайт дейт. Чынында ал топто Омор жок болуп чыгат. Мурун жиберген жигитин чакырып алып сураганда ал Омордун айылга кетип жок экенин, үйүнө айтып келгенин баяндайт. Кайра барып алып келүүгө буйрат. Ал келгенче элге кымыз берилип, тамак тартылат. Түш оой жиберилген жигит Оморду ээрчитип келип калат. Омор эки аяк кымыз ичкеден кийин Садыр баатыр Оморго карап "Сөз сенде калды. Бүргө бала сөз сенсиз ачылбайт деп отурат. Болгон ишти болгондой чындыгын айт", деп Омордун оозуна сөз салат. — Кудайды кантейин, кыркыбыз тең жалгыз Бүргө баладан аттан түшкөнбүз,- дейт ал болгон ишти болгондой жашырбай. Алгач найзаны Бүргөгө мен өзүм сундум, качырганым кара чаар жолборс болуп көзүмө көрүнүп, көзүмдү караңгы- улатып, найзамдан ажырап, аттан түшүп калыпмын.

Ошентип баарыбызды аттан түшүрдү. Союлдарыбызды дөбөнүн түбүнө жыйдырып, өзүбүздү дөбөгө чыгарып барып, тегерете бир карап алып, жай-жапсарыбызды сурады. Мен баардыгын айттым. Ошондо Бүргө менин атымды сурап алып "Омор аке,- деп туруп сөз баштады. — Кийин туура эмес сөз чыкпасын, улуусу да, билгири да, сөзмөрү да сиз көрүнөсүз, чындыкты бузбай айтып беришиңиз үчүн бир ооз мусулмандык каргыш алып коюңуз" дегенде айласыздан "Эгер жалган айтсам кыргызымдын, анын ичинде жети атамдын арбагы уруп кетсин" деп каргыш алганым чын эле, — дегенде отурган эл дуу көтөрүлүп кетет.

Чындыкка эми көзү жеткен Садыр баатыр Бүргөнү чакырып алып, чагым менен мейман туткун кылганына кечирим сурап, кимдер чагым жасаганын өзү тартипке саларын айтып, келген элге ыраазычылыгын билдирип аттандырып жиберип, Бүргөлөрдү өз үйүнө кийрип, үч күнү коноктоп, жөнөтөрдө тогузуна бирден токулгалуу ат мингизип, бирден чепкен жаап "канатташ элбиз, бири- бирибизге көз сала жүрөлү" деп, узатып кала берген экен. Бүргөлөр кайра айлына келгенче, айылдагылар ар түрлүү ойго түшүшүп, барып билип келүү үчүн эки мыкты жигитти жөнөтмөкчү болуп турганда, олжо-буйласы менен Бүргөлөр келип калат. Кийинки жылы күзүндө Бүргө жыйган эл-журт баш кошуп биригип, чоң курултай куруп Бүргөнү 17 жашында хандыкка көтөргөн деген сөз бар. Ошонд тартып "каранын ханы хан Бүргө" деп аталып калган дешет. Бир аты "кара кулак" деп аталган. Бүргөнү колдогон жолборс болгон деп айтылат.

Садыр баатыр Бүргөнү айлынан узатар алдында "Мындан ары сени, бала баатыр деп жүрөйүн" дегенде, Бүргө: "Атымдан эле айтсаңыз болот, дайыма эле бала бойдон турбасмын" — деген экен. Сөздөн жыгылган Садыр эмесе "Бүргө баатыр деп жүрөйүн" дейт тура. Бүргөнүн ким экенин кызы Ак Шербеттин кошогунан эле билүүгө болот:

Эрдигине төп келип,
Кек сактабас эр болгон.
Калын кыргыз журтуна,
Акылы менен тең болгон.
Элди баккан энедей,
Дайрадан да кен болгон.
Атакем барда кыргыз ток,
Аларга болгон чеп коргон.
Анда кими тең эле,
Атакеме он-солдон...
Кытайдан кызыл таш алган,
Кыйын баатыр аталган.
Кыйыгына тийбе деп,
Кытайдын ханы жалтанган.
Букардан булум мата алган,
Бүргө баатыр атанган.
Бурмалап кантип айтайын,
Букардын беги жалтанган.
Кокондун бийин козгогон,
Тагынан кетип боздогон.
Салык төлөп саргайып,
Экинчи жолун тоспогон.
Казак менен катташкан,
Кыяматтык антташкан.
Сыпатай менен сырдашкан,
Бирин-бири сыйпашкан.
Сыпаттайдын эл-журтун,
Көчүртүп келген кыйбастан.
Арыгын мыктап чаптырган,
Элине аштык бактырган.
Кенен Мерке талаасын,
Керемет кылып ачтырган.
Өрүшүнө мал толгон,
Өрөөнүнө дан толгон.
Мындай ишти козгогон,
Атамдан башка ким болгон.

Ой-пикирлер