Кирүү

Дос тандоо жөнүндө

Дос тандоо жөнүндө

Ар дайым эсиңде болсун уулум! Тирүү адам доссуз болбойт. Адамдын доссуз болгонунан көрөкчө жолдошсуз болгону ийги. Бир даанышмандан: "Дос жакшыбы, же жолдош жакшыбы?" — деп сураганда ал "дос жакшы" — деп жооп берген экен. Ошондуктан достуктун жолу жөнүндө ойлонгун, аларга белектер жөнөтүп, ар дайым адамкерчилик кылгын. Анткени, ким өз досун эстебесе, досу дагы аны түк эстебейт. Ал адам түбөлүк доосуз калат. Ар дайым дос күтүүнү адатка айландырган. Себеби, Кимдин досу көп болсо, анын айыптары да ашкере болбойт. Кадырбаркың жогорулайт. Арийне, жаңы дос тапканыңда, эски достон кол үзбөгүн. Алардан жүзүңдү үйүрбөгүн, Дайыма досуң көп болсун. Элде: "Мыкты дос — адамга чоң дөөлөт" — деген сөз бар. Адамдар тууралуу ойлоп көрсөң, алар сени менен достук мамиледе болушат. Алгач жарым дос болушат. Ушундайлар менен жакшы мамиледе болгун. Алар менен ар кандай жакшы жана жаман кырдаалда достошкун. Ошентип алар сенин көп жакшылыктарыңды көрсө, кийинчерээк акырындык менен ынтымактуу дос болот. Дагы эсиңде болсун, досуңдун достору дагы сенин досуң болуп эсептелет. Алардын сенин досуңа болгон достугу сенин достугуңдан дагы көбүрөөк болуусу ыктымал. Эгер досуң сенин душманыңды жакшы көрсө, андай достон этиет болгун. Досуң сага себепсиз күнөө кылса, анын достугуна таңданбагын. Дүйнөдө андан айыптуураак жана андан дагы жаманыраак адам жок. Түшүнгүн, дүйнөдө эч бир айыпсыз адам болбойт. Сен дайым ак көңүл, боорукер болгун. Адатта ак көңүл, боорукер адамдардын айыбы азыраак болот. Адамкерчиликсиз, кадырбарксыз адамдарды дос санабагын. Мындай адамдардын касиети болбойт. Мындай антташкан достордун тобуна кийирбегин. Анткени, алар тек гана убактылуу "Жарма достор", арнамыс тутуп достошпойт.

Жакшы менен жаманды ажырата тааный билгин. Экөөнө тең достук мамиле жаса. Жакшыларга чын дилиңден, жамандарга тил учунда достук мамиле жасагын. Ошону менен эки жамаат тең достук мамиле жасашат. Анткени, ар дайым эле өз досуна адамдын күнү түшүп турбайт. Айрым бир учурда зарылдыктын кесепетинен жамандарга да ишиң түшүп калат. Ошол себептүү эки жамаатка тең бирдей достук мамиледе болушуң кажет нерсе. Акылсыз адамдар менен эч убакта дос болбогун. Акылсыз дос акылдуу душмандан жаман. Акылсыз достун жасаган айрым бир ишин, акылдуу душман да жасабайт. Асылзаада, адамкерчиликтүү, илимдүү, ишенимдүү адамдар менен достошкун. Эч качан досторуңдун акысын жеп кетпегин.

"Кабуснамэден"

Ой-пикирлер



2020-04-11
Зумрадхан Ахмедова
Дос бул дүйнөдөлемес акыреттеда далилдөөчү күбө боло алаткен!