Кирүү

Кыргыз, өзбек эзелтеден бир болгон

Өзбекстандан чыга турган "Фергана" гезитинин 2002 жылы 7-14-майдагы санында "Кошуна-Ашина" рубрикасынын алдында "Кыргыз, Өзбек эзелтеден бир болгон" (кыргыз тилинде) деген көлөмдүү макала жарыяланган. Анда "Эл тамыры - терең" аттуу сөз башында ардагер Токтасин Моминов өзбек улутунан: Бирок эки элдин ортосунда, очогунда кайнаган кеменгер киши. ал эки элдин достугу, карым-катыш мамилелерин көрүп тарбияланды. Эми да эки элдин мындай жакшы жөрөлгөлөрүнүн күчөшүнө күйөрман. биз анын ушул багыттагы асыл ойлорунун таасири биздин учурга орчундуу деп эсептеп, окурмандарга анын достук, туугандык, ынтымактык ой баяндарын сунуш кылууну эп көрдүк" - деп жазылыптыр.

Токтасин - мезгилинде Жалал-Абад аймагында белгилүү кадырман Момунаминдин (амин-миң башы) үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын бүткөн. Кийин Жалал-Абадда обкомкомсомолдун секретары катары көп жылдар эмгектенди. Илимдин кандидаты, доцент. Ташкендеги Беруни атындагы (16 миң студенти, 2 миңге чамалаш мугалим-профессорлор бар) политехникалык институтунда кафедра башкарган. Коомдук илимдерди өстүрүүдө жана пропагандалоодо чыйыры бар инсан.

... Мен педокуу жайына директор болуп иштеген жылдары, профкомдун төрагасы жана мугалим болуп Карабаев Насыржан эмгектенген. Момунаминдин жардамчысы Карабай акенин үйүндө мейманда болгомун, я.п киши менен жекеме-жеке көп аңгемелешкенбиз.

Менин атам Рысалы Солтонбеков, Моминамин экөө кандайча дос болгонунун толук тарыхын ошол кишиден уккамын. Карабай аке жай айларында Моминаминдин кербенин баштап Тянь-Шандын элдерине көп каттаган, соода сатык-иш жүргүзчү экен. Маталарды артынып, жердиги кымбат, түр түшүргөн баалуу көшөгөлөрдү, таза баркытка саймаланган туш кийиздерди, жазалгаланган анжиян ээрлерди, күмүш жалатып кооздолгон үзөнгү-куюшкан жүгөндөрдү ташып, аларды малга алмаштырып кетишчү экен. Карабай акенин айтуусунда Жалал-Абаддан Көк-Арт белин ашып Тогуз-Торо тарапка түшүп, азыркы Каармандан ылдый батыш тарабында (Тогуз-Торо-тогуз кечмелик) кечмеликтен өтүп Сон-Көлдө болгонун Солтонбектин үйүндө конгомун дегени эсимде. Сон-Көлдүн бардык аймактарында пулун соодалап бүткөндө малдарды топтоп кайра жөнөгөндө Рысалынын эр жүрөк жигиттери кербенчилерди келген жолуна салып, суудан кечиришип, Көк-Артка келип калдык эми коркбостон кете беребиз деп белчемдүү жерге жеткенде, кайыр-кош айтышып, коштогон жигиттер кайра тартчу экен.

Кийин Насыржан чоңоюп бой тартканда Моминаминдин кичи кызына үйлөнгөн. Насыржан райкомдун чакыруусу боюнча Сузак районунда колхозго башкарма болуп үзүрлүү эмгектенди.

... Мени менен педокуу жайында бирге иштеген, сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы, тарых мугалими Махамбетжан Шамсутдиновге кыргыз өзбектин досчулугун изилде, - деп кыргыз тарыхчы окумуштууларынын китептерин тизмелеп берсем, илимге ынтызар жигит макул болуп, бул эки элдин карым катнаш тарыхын изилдеп кандидаттыгын, анан докторлугун жактаган. Анжиян пединститутунда алдыңкы профессорлорунан, кыргыз өзбек элинин досчулугу тарыхы боюнча көрүнүктүү адис катары белгилүү инсан. Ал өзүнүн студенттерине кыргыз-өзбек досчулугу темасында илимий докладды көп жаздырган. Солтонбеков Моминаминдин досчулугун изилдешкен. Бул инсан менен акыркы жылдары байланышыбыз үзүлүп атат.

Токтасин Моминовдун "Атамын кыргыз досу Рысалы Султанбеков" деген макаласын өзгөртбөстөн топугу менен берилди:

"1921-22-жылдарда Карабай аке соодагерлик иши менен Аркага барганда Жумгалдык Рысалы Султанбеков деген киши "Жалал-Абадда" эң бай кадыр-барктуу ким бар?" деп сурайт. Карабай аке "көрүнүктүү Моминамин деген киши бар" деп жооп берет. Анда Рысалы "мен ошол Моминамин менен дос болуу нээтим бар. Нэзтимди ишке ашырууга сен жардам бер" деп калат.

Карабай бул сөздү Моминаминге жеткирет. Ал сунушту ыраазычылык менен кабыл алып, Рысалыны конокко чакырат. Бирок, Рысалы ооруп калып, өзү келе албаса да, досуна жакшы ат тартуулап жиберет. Моминамин атам, элге той кылып, досу Рысалы жөнүндө жарыя кылат. Карабай аркылуу Рысалы досуна куш тартуулайт. Эзелки досчулук бири-бирине тартуу, белек берүү менен ашкереленип келген.

20-30 жылдардагы катаал мезгил, саясат (Репрессия) экөөнүн жолугушуусуна тоскоолдук кылат. 40-жылдарда согуш башталып кетти, экөөнүн жолугушуусу ого бетер татаалдашат. Бирок бири-бирине болгон ишеничи өчпөйт.

Атам 1944-жылы дүйнөдөн кайтты. Рысалынын уулу Бирлик Солтонбеков Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына директор болуп келгенде, Рысалы келип, досумду таап бер дейт. Сураштырып, Моминаминдин өтүп кеткенин угуп, үйгө келип, достук, инсандык парзды өтөйт.

Ал кезде мен Москва мамлекеттик университетинде окуйт элем. Рысалы аяш атам уулу Бирлик экөө мага кат жазышыптыр. "Балам Токтасин, мен сенин атаң Моминамин менен өмүрлүк дос болдук Өкүнүчтүүсү, биз бири-бирибизди көрүшө албадык- Сен, Бирлик менен дос болуп, биздин достугубузду уланткын" дептир.

Мен келгенде Бирлик шаардык комитеттин экинчи секретары болуп иштеп атыптыр. Ал үй-бүлөсү менен кой союп тосуп алды. Атасы Рысалы Жумгалда экен.

Бирлик экөөбүздүн достугубуз уланып жатат. Азыр карып калдык. 70 жашка чыктым. Жакын арада Жумгалга барып досумдун атасы, атамдын досу Рысалы Султанбековдун арбагына куран түшүрүп, бата кылып, эли-журтуна таазим кылып келүү нээтим, максатым бар"

Токтасин Моминов, Насыржан Карабаев, Мухаммеджан Шамсудиновдерге, алардын бала-чакасына укум-тукумдарына өзбек жоролорума кыргыз менин эшигим ачык, дасторконум мурункудай эле жайылуу, төрүмдө көлдөлөңдөр салынуу. Өзбөктер менен досчулугубуз укум-тукумубузга улана бермекчи.

Ой-пикирлер