Кирүү

Т. Садыков 80 жашта

Манас”, “Революциянын каармандарына”, “Жеңиш” жана башка көптөгөн айкелдик композициялары айлана-чөйрөгө өзгөчө көрк берип, элди өз тарыхы менен сыймыктандырышат. Борбор шаардын жашоочулары Т. Садыковдун айкелдик ансамблдарынын көркөмдүгүн баалашат жана аны үзгүлтүксүз билим берүү системасы бар Улуттук көркөм сүрөт Академиясынын негиздөөчүсү катары билишет. Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт Академиясы өзүнө баштапкы көркөм мектепти, колледжди, жогорку окуу жайын, аспирантураны камтып, алар библиотека, устаканалар, музей, областтык ачык асман алдындагы музелер, илим изилдөө, окуу-методикалык бөлүмдөр менен толукталган.
Мунун баары, жана Садыковдун айланасында айтылган талаш-тартыштар бул чебердин мындан ары дагы иштерин улантаарынын, дагы-дагы бизди укмуш идеялары, башкача долбоорлору менен таң калдыраарынын чыныгы белгилери болуп эсептелет.
Мындай эмгектеринин бири - 1984-жылы башталган ачык асман алдындагы музейин түзгөндүгүон. Он жылдын кийин эле ал Эл аралык ачык асман алдындагы музейдин статусун алган жалгыз музей болуп калды. Мындай музейлердин коомчулукту патриотизмге, туура жүрүм-турумгө тарбиялоодо, элдин эстетикалык сезимдерин ойготууга кошкон салымы айтпаса да белгилүү. Бул диалог формасы өзгөчө жеткиликтүү жана өзүнчө ыйык, себеби ал өзүңдү адамзаттын маданий руханий баалуулуктарына жакындатып, аларды жан дүйнөңө киргизе алат.
Ар башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн чыгармаларын чогулткан бул музей дүйнөнүн сулуулугун баарына түшүнүктүү тил менен айтып жаткандай.
Искусство ушундай. Ал жүрөктөн жүрөккө болгон эң кыска жол.
Кыргыз жеринин бул тилкелериндеги айкелдер айлампасы – бул меймандостуктун, ачык эшиктердин жана Түндүк менен Түштүктүн, Чыгыш менен Батыштын ортолорундагы чектердин кеңейишин тастыктаган көрүнүш. Кубанын, Коста-Рикинин, Испаниянын, Грециянын, Румыниянын, Польшанын, Чехославакиянын, Болгариянын, Венгриянын, Германиянын, Голландиянын, Вьетнамдын, Кытайдын жана КМШ өлкөлөрүнүн-Армениянын, Грузиянын, Азербайжандын, Россиянын, Өзбекстандын, Украинанын, Казахстандын айкелчилери кыргыз жергесинде иштешип, өзүлөрүнүн уникалдуу чыгармаларын калтырып кетишкен.
Жүз сүрөтчүлөрдүн үч жүздөн ашык айкелдик чыгармалары асман менен жердин, материалдык жана руханий дүйнөлөрдүн байланышын чагылдырышат. Бул музей Кыргызстандын ачык асманынын алдында тынчтыкты коргоонун, ар-кыл маданияттардын жакындашынын, таза экологиянын идеаларын адамзаттын улуулугун даңктап, ташка гимн жаратуу аркылуу айтып турат. Бул хордун дирижеру ошол эле Тургунбай Садыков.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Г. Токтосунова.

Ой-пикирлер