Кирүү

Эне тил жөнүндө сөз

Жаш кезде адам өтө таасирленгич болот. Менин тилди сүйүп, тил жагына ооп кетишиме көп нерсе таасир кылды. Биринчи эле балага таасир кыла турган, анын акылэсин өстүрө турган атаэне да. Энем ыраматылык өтө сөзмөр, куудул чалым сүйлөгөн адам эле. Ал киши өзүнүн абысындары менен сүйлөшкөндө бардыгын күлдүрүп отурчу. Укмуштуу макал, накыл сөздөрдү көп колдоно турган. Мен дайыма ээрчип жанында жүрөр элем. Анын үстүнө аябаган уз киши болчу. Сайган саймасынын, чийген оймосунун аттарын да мага айтып бере турган. Атам болсо көп деле сүйлөбөгөн адам эле. Бирок, кайда казелчи, кайда жомокчу бар десе, ошолорду ээрчитип келип, үйүнө кондуруп, ошолордун казелин, жомогун укканды жакшы көрчү. "Балам, баамдап отур!" деп мени балдар менен да көп ойнотчу эмес. Ошентип, менин сөз байлыгымдын артышына биринчи таасир кылган ата-энем болду. Молдодон окуп, сабатым ачылгандан кийин, илгерки казелдерди элге көп окууга туура келди.

Атам кайсы жерде молдолордун казели бар экен десе, ошого барып кой, акча берип атып, казелди көчүртүп келе турган. Ошол казелдерди эле күндө окуй берүүнүн натыйжасында, менде сөз байлыгы артты. Ошол казелдердин көбүн азыр да жатка билем. Илгери казак акындары толгон өлөң китептерди чыгарышкан. Казак акындарынын "Кыз Жибек", "МуңдукЗарлык", "Шакир, Шакирет", "Боз жигит", "Атантай жоомарт", "Касым жоомарт", "Биржан менен Сара кыздын айтышканы" сыяктуу толгон өлөң китептерин көп окудум. Ал кезде кыргыз элинин жан суусунун кандырган жогорку айтылган казелдер менен казак тилиндеги өлөң китептер боло турган. Эл уккандан жадачу эмес, мен окугандан жадачу эмесмин. Мына ошентип, менин тилге болгон кызыгуумду күчөткөн — жогорку өлөң китептер да болду. Улуу октябрь революциясы Россияда жашаган элдерге боштондук алып келди. Ошол элдер менен катар кыргыз эли да ойгонду. Жаңы заман, эркиндик заман туулуп, жаңы турмуш башталды. Ошол жаңы турмуштун өзү эле тилге да жаңы сөздөрдү киргизди. 1921—1922-жылы өз кыштагында маданий агартуучу болуп иштедим. Дайыма Алматыда чыккан "Тилчи" газетасы келе турган. Ошол "Тилчи" газетасын элге окуп берчүмүн. Толгон буйрукжарлыктар өзбек тилинде да, казак тилинде да келе турган. Аларды элге окуй берчү менин милдетиме кирер эле.

Анткени, айылда сабаттуу адам жокко эсе. Мына ушулар да менин тил байлыгымды арттырды. 1922—1923 - -жылы КеңСуу селревкомунун орунбасары болуп иштедим. Эл башкарууда колдонулган сөздөрдү билдим. Адам айланачөйрөнүн кулу да, мен да ошол чөйрөгө карата өстүм, толгон таасирлер алдым. 1923-жылы Ташкенттеги кыргызказак таалимтарбия институтуна барып кирдим. Ал шаарда казак, өзбек, түркмөн, татар жаштары менен тааныштым. Алардын тилин үйрөндүм. Анткени, кыргыз тилинде чыккан эч китеп жок. Ошондуктан жогорку тилдерде чыккан китептерди окууга мажбур болдук. Окуу жайынан аз да болсо улуу орус элинин тилин үйрөндүм. Кусейин Карасаев

Ой-пикирлер