Кирүү

Этникалык системалардын деңгээлдери жана типтери

Этникалык системалардын деңгээлдери жана типтери

Жогоруда биз кабыл алган изилдөө усулу этникалык классификацияны этникалык систематика менен алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Классификациялоо каалап алынган ар кандай белгилер: атап айтканда, тил, раса, дин, кесип, бул же тигил мамлекетке таандык болуу сыяктуу белгилер боюнча жүргүзүлүшү ыктымал. Бардык учурларда бул шарттуу гана бөлүштүрүү боло алат. Ал эми систематика болсо нерселердин табиятында камтылып тургандарды чагылдырат, адамзатты техникасы жана доместикаттары (үй айбанаттары жана багып өстүрүлүүчү өсүмдүктөрү) менен бирге изилдөөгө мүмкүндүк берет. Жалпы адамзаттан кийинки эң ири бир бүтүндүк (Жердин катмарларынын бири — антропочөйрөсү катарында) суперэтнос болуп саналат, т. а. бир региондо бир эле мезгилде жаралган жана тарыхта мозаикалуу бир бүтүндүктү түзгөн этностор тобу ээлейт. Дал ошолор түздөн-түз байкоого боло турган этникалык таксономдор болуп эсептелет. Этностор өз кезегинде субэтносторго бөлүнөт. Бул майда тайпалар этностун курамына кирип, анын ички биримдигин түзүп тургандыгынын аркасында гана жашап турат. Этноссуз алар чачырап бөлүнүп, кыйрап жок болуп кетет.

Таксономиянын тиги же бул бөлүгүнө таандык болуу адамдардын коёндой окшоштугу менен аныкталбайт, жаратылышта мындай окшоштуктар болбойт да, ал белгиленген деңгээлдеги белгилүү бир аспектидеги окшоштуктардын даражасы менен аныкталат. Суперэтностун деңгээлинде (мисалга Орто кылымды алалы) мусулмандар — арабдар, перстер, түркмөндөр, берберлер батыш христиан этносунун мүчөлөрүнө — "франктарга" (Батыш Европанын бардык католиктерин ушундайча аташкан) караганда бири-бирине жакын болушкан. Ал эми жалпы бир суперэтноско биригишкен франциялык, кастилиялык, шотландиялык адамдар мусулман, католик жана башка суперэтностордун мүчөлөрүнө карата алганда бири-бирине көбүрөөк жакын болушкан. Этностук деңгелде алганда француздар англиялыктарга караганда бири бирине жакын болгон. Бирок бул бургундуктарга биле туруп эле өз этносуна каршы чыгып, Генрих Уни колдоого жана Жанна д"Аркты туткундоого тоскоолдук кылган эмес. Этникалык биримдикти аңдап сезүү кээде гана адамдын жүрүш-турушун аныктоочу башкы фактор боло алганы менен, тарыхтын көптөгөн көрүнүштөрүн ага алып келип такай берүүнүн кажети жок. А бирок этникалык ылымсанашуу дайыма боло келген жана ал адам жаратылышында өзгөчө көрүнүш катары белгиленүүгө татыктуу. Башка сөз менен айтканда, этнос канча мозаикалуу болбосун жана анын түзүлүшү канчалык көп түрдүү болбосун ал белгилүү деңгелде бир бүтүндүк болуп саналат.

Баарынан кызыгы, тарыхчылар этностун бул касиетин иш жүзүндө тактоого жакындап калышты. Алар аргасыздан этносторду кээде "маданияттар", кээде "цивилизациялар", кээде "дүйнөлөр" деген түзүлүштөргө топтоштурушат. Айталы, мындай түшүнүктөр XII—XIII кылымдарда реалдуу жашап турган этностордун бир бүтүндүктөрүн туура эле белгилеген экен. Алсак, Рим папасынын идеологиялык башкаруусу астында турган, ошол эле учурда эгемендүү боло албаган герман императоруна үстүртөн гана баш ийимиш болгон Батыш Европа өзүн "Христиан дүйнөсү" деп атаган. Батыш европалыктар өздөрүн ал учурда Испания менен Палестинада согушуп жатышкан мусулмандарга гана каршы коюшпастан, православие дининдеги гректер менен орустарга, а түгүл, баарынан таң калаарлык нерсе, ирландиялык жана уэльстик кельттерге да каршы коюшкан. Мында алар диний жалпылыкты эмес, системалык бир бүтүндүктү эске алгандыгы айдан ачык болуп турат.

Так ушундай эле "Ислам дүйнөсү" да өзүн гректерге да, француздарга да, бутпарас түрктөргө да каршы койгон, бирок диний көз караштан алганда бирдиктүү болгон эмес. Шийиттердин (теистердин), карматтардын (атеисттердин) жана суфилердин (пантеистердин) окуулары, ишенимдери бири-биринен жана исламдын ордоксал доктринасы — суннизмден айырмаланып турган. Европалык христиандар деле бири бири менен пикирлери келишпей, бөлүнүп турушкан. Бирок, алар мусулмандар же бутпарастар менен кагылыша калганда оз ара жакындашып, жалпы тилге келе калышчу. Буга мындайча мисал келтирсе болот, венециялыктар менен генуялыктар өз ара салгылашып жаткан учурда мусулман арабдар же берберлер кол салып кирип келишсе, согушту дароо токтотушуп, кечээки душмандар бириге калышып, жалпы душманы — мусулмандарга каршы салгылашкан.

Көп учурда жакын туугандардын ортосунда ырайымсыз согуштардын болуп турганы тарыхта белгилүү. Анткени менен ал согуштар ири системалардын деңгээлиндеги согуштардан түп-тамырынан бери айырмаланат. Ири системалык деңгелдеги согуштарда душман жашоого жолтоо кылган, деги эле тукум курут жок кылынууга татыктуу болгон жат эл катары каралат. Ал эми жеке адамдарга мүнөздүү болгон кара мүртөздүк, жек көрүүчүлүк, көрө албастык жана д. у. с. мыкаачылыктын себеби боло албайт. Системалар бири экинчисинен канчалык алыс турса бирин бири салкын кандуулук менен кырып жок кылуу ошончолук күчтүү болот, бул коркунучтуу аңчылыкка окшошуп кетет. Ушундан соң жолборсту же крокодилди жырткыч деп кыжырланууга болобу? Тетирисинче, системанын өз ичиндеги салгылаштардын максаты каршысын кырып жок кылуу эмес, аны жеңүү гана болуп саналат. Себеби каршыдагы душман системанын курамынын бир бөлүгү болгондуктан, ал толук кырылып калса система ансыз жашай албай жок болот. Флоренциялык гиббелиндердин жолбашчысы Фарината дельи Уберти оз ата мекенинин душмандарынын жеңишке жетишине жардам көрсөткөн, бирок Флоренцияны талкалап, талап-тоноого жол берген эмес. "Мен бул шаарда жашоо үчүн шаардыктарга каршы согуштум!" — деген ал. Өзү душмандашкан — флоренциялык гвельфтердин каны Арбиянын таштарын кызыл түскө боёп, көчөлөрдө суудай аккандан кийин, өмүрү өткүчө ушул шаарда жашаган.

Төмөндө биз келтирчү мисалга салыштырмалуу бул мисал, деги эле шоона эшпес тейде калчудай. Атактуу гиббелин Эццелино да Романдын бир тууганы Альберригого венециялыктардын көрсөткон мыкаачылыгын эске алсак, төбө чачың тик турат. 1260-жылы ал Тревизого жакын жайгашкан өз сепилинин дарбазасын душмандарына ачып бергенде алар Аль- берригонун көзүнчө алты уулун өлтүрүп, өзүн мууздап, аялы менен эки кызын Тревизо шаарынын чоң аянтында, элдин көзүнчө өрттөп жиберишкен. Деги мындай мыкаачылыкты кайсы максат үчүн көрсөтүштү болду экен?

Мындай абалды түшүнүү үчүн "гвельфтер менен гиббелиндер — ар кандай мааниге ээ боло алуучу алгебралык белгилер"13 дегендин маңызын аңдап-билүү зарыл. Гиббелиндер — феодалдар, гвельфтер — шаардыктар (бюргерлер) болуп эсептелген, бирок көп шаарлардын жашоочулары кээде гиббелиндер тарабында боло калып турушкан, айрым гвельфтер бара-бара гиббеллиндерге айланып кетишкен, кээде тескерисинче да болгон. Ал эми кээде бул эки партия арабдар менен гректерге каршы күрөштөрдө бириге калышкан. Ушундай саясий сары эсептерден улам Генуя же Венеция өңдүү чоң шаарлардан түзүлгөн республикалар бир нече жолу колдон колго, бир тараптан экинчи тарапка өтүп турган14. Кан кандай максаттар үчүн төгүлүп турду экен?

Систаманын бир бүтүндүгүн сактоонун ыкмасы заманга байланыштуу болот, тагыраак айканда — этногенездин өнүгүү деңгелине жараша болот. Жаңыдан пайда болгон системалардын элементтеринин ортосундагы алака-байланыштар кээде кескин, өтө курч десе да болчудай маанайда жүрүп тургандыктан өз ара кагылышууларды пайда кылып турган. Көп учурлардагы кандуу кагылышуулар бир эле социалдык катмардын өз ичинде болуп, алар идеялык да, таптык да мааниге ээ болгон эмес. Мисалы, Англиядагы Кызыл жана Ак розалардын, Франциядагы арманьяктар менен бургундиялыктардын кандуу кармашуулары ушундай болгон. Бирок так ушуга окшогон өз ара кагылышуулар этникалык системанын жана мамлекеттин бүтүндүгүн жакшы сактай алган. Эл көңүл чөктү, кайдыгер маанайда турганда жашоо жеңил болгону менен этностор ыдырап, бир бүтүндүгүн жоготуп алат.

Биз мурда белгилеп өткөндөй, көп учурда этникалык системалар мамлекеттик түзүлүштүн эквиваленти бөлө албайт, анткени бир эле этнос бир нече мамлекеттерде же бир нече этнос бир мамлекетте жашашы мүмкүн. Андай бөлсө биз аларды система катары кандай мааниде түшүндүрө алабыз?

Системаны катаал жана корпускулярдуу, же дискреттүү деп так экиге бөлүү кабыл алынган. Катаал системада бардык бөлүктөр (элементтер) бири экинчисине тыгыз кыналып, кошулуп турат, ал бөлүктөрсүз система кадимкидей жашай албайт. Корпускулярдуу системаларда бөлүктөр ээн-эркин өз ара аракетте болуп турат, айрым бөлүктөрү башка окшош бөлүктөр менен алмаштырылып, ал эмес, кээде ал элементтердин бир бөлүгүн жоготуп салып, аны кайрадан калыбына келтирип, жашоосун уланта берет. Эгерде андай бөлбөсө, система жөнөкөйлөнүп, жоголуу коркунучу туулат.

Системаны башкача, ачык жана туюк деп бөлүүгө да болот. Энергияны үзгүлтүксүз алып, чөйрө менен оң жана терс антропияларды алмашып туруучу система ачык система деп, ал эми чөйрөнүн потенциалы менен өз потенциалынын тең салмакта болушуна жеткиче өзүнүн алгачкы кубатын жоготкон система туюк система деп аталат. Бул эки мүнөздөмөнү салыштыра отуруп системанын төрт башка вариантын байкайбыз: 1) катаал ачык; 2) катаал туюк; 3) корпускулярдуу ачык; 4) корпускулярдуу туюк.

Мындай бөлүү шарттуу түрдөгү бөлүү болуп саналат, анткени жашап турган ар бир система өзүндө эки типтин тең белгилерин камтып турат, бирок ал система бул же тигил уюлга жакын тургандыктан, системаны элементтеринин бири экинчисине баш ийгендигинин даражасына жараша классификациялоого мүмкүнчүлүк түзгөндүктөн, ушундайча бөлүш- түрүү иш жүзүндө өзүн актайт.

Мамлекеттин болобу, этностун болобу тарыхын изилдөөдө жогорудагы сүрөттөлүп жазылган типтеги системалардын ар түркүн градацияларын учуратабыз, буга жалаң катаал же жалаң дискреттүү системалар кирбейт, анткени тигиниси да, мунусу да жашоого жөндөмсүз келет. Катаал системалар ичтен бузулса кайра калыбына келүүгө, дискреттүүлөр сырттан урулган соккуга туруштук берүүгө жарамсыз келишет. Ошондуктан биз турмушта катаалдыгы ар түрдүү даражада болгон системаларды учуратабыз. Ал системага адамдардын эмгегинен жаралгандар канчалык көп киргизилсе ал ар түрдүүлүк ошончолук көп болот да, системанын жаралышына аны түзүп турган элементтерди өзгөртүп туруучу жаратылыш процесстери азыраак таасир берсе, ал ар түрдүүлүк ошончолук аз болот. Акырында бул техночөйрө менен биочөйрөнү карама-каршы коюуга алып келет.

Эгерде адамдын организмин табияттын бир бөлүкчөсү десек, анда биочөйрө менен техночөйрөнүн чегин кантип аныктай алабыз? Калыбы, социо(техно) чөйрө менен биочөйрөнүн чектери адамдын денесинен сырткары жакта жана анын ичинде жатса керек. Бирок мындан алардын айырмачылыгы жок болуп кетпейт. Тескерисинче, биз мында социалдык жана биологиялык көрүнүштөрдүн эриш-аркак аракетинин реалдуу учурун баамдап-байкай алдык. Табияттагы мына ушундай өз алдынча турган көрүнүш баарыбызга жакшы белгилүү — этнос болуп саналат.

Этнос чындыгында корпускулярдуу система. Ошондуктан этностор сырткы душмандардан талкаланып жок болуп кетпеш үчүн аны түзүп турган адамдар кошумча катаал системалар болгон түзүлүштөрдү иштеп чыгат же башкалардан кабыл алып өздөштүрүп алат. Айталы, уруу башчыларынын бийлиги, аң улоодо же жортуулда жолбашчылык кылуу, үй- бүлө алдындагы милдет, жана да мамлекет мына ушундай түзүлүштөр болуп саналат. Ошентип катаал системалар дегенибиз — бул саясий- социалдык түзүлүштөр: мамлекеттер, уруулар бирлиги, кландар, кошуундар ж. б. Эки типтеги системалардын, т. а. этнос менен мамлекеттин же уруулар бирлигинин дал келиши милдеттүү эмес. Ар кайсы этносторду бириктирген байыркы улуу империяларды же Орто кылымдарда этностордун феодалдык бытырандылыгын эске түшүрүп көрөлүчү. Дегиңкисин айтканда, эриш-аркактуулуктун жана дал келүүлөрдүн ойку-кайкылары, акыры келип эле кадимки табигый көрүнүш окшобойбу. Эки типтеги системалар тең динамикалуу келет, т. а. тарыхый мезгил ичинде жаралып жана кайра жок болуп турат. Баса, өзгөрүүсү сырткы таасирлерге гана байланыштуу болгон гомеостатикалык этникалык системалар буларга кирбейт. Анткени менен гомеостаз — өтө чымырканган өсүп- өнүгүүдөн кийин, системаны түзгөн жана кыймылдатып турган күчтөр жоголуп бүткөндө пайда болорун унутууга болбойт. Андыктан статиканы күүлөнүүдөн кийинки инерциялык жай кыймыл катары кабыл алуу керек. Ал кыймыл акыры токтоп калышы толук ыктымал. Булак: bizdin.kg

Ой-пикирлер