Кылым-кылдары. Актан

1902-жыл. Сентябрь айы. Нарындагы Туюк айылы. Атагы таш жарган айтыпуу адабият институтунун кол жазмалар фондусуна жазып тапшырган. Бирок, алардын көпчүлүгү алиге чейин жарык көрө элек. Ошоп себептен Актандын ар тараптуу жаркын шыгы, терең маңыздагы чыгармалары да илимийжактан изилдөөгө алына элек. Көрүнүктүү комузчуакын Актан Тыныбеков 1947-жылга чейин филармонияда иштеп, кадырлуу эс алууга чыгат. Ал өздүк репертуарын Муратаалынын, Кара-Молдонун, Чалагыздын, Асанаалынын, Ыбырайдын, Атайдын күүлөрү менен байытат. Ал эми Актандын күүлөрүн кесиптештери үйрөнөт. Актан замандаштары менен 1939-жылкы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун он күндүгүнө катышат. Өкмөт тарабынан эмгеги жогору бааланып, "Ардак белгиси" ордени менен сыйланат. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген наам берилет. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланат. Чалагыз Иманкуловдун мүнөздөмөсүнө караганда "Актан өтө сөзмөр, куудул, күлкүлүү кепти машы менен сүйлөгөн, сыпаа, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган, оор басырыктуу ак көңүл адам болгон". Ап 1951-жылдын 5ноябрында дүйнөдөн кайтат. Бирок, ал артына элибиз менен бирге түбөлүккө жашай турган жаркын терең мазмундуу чыгармаларды таштап кетти.

Дагы сунуштайбыз