Кирүү

Касым Тыныстанов

Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көлдүн кылаасындагы Чырпыкты кыштагында кедей үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тыныстан араб тамгасында анчамынча окуп катсабаты жоюлган адам болгондуктан Касым жети жашка чыкканча эле ага араб тамгасында окуужазууну үйрөтүп койгон. Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьево) сарт мектебинде үчтөрт жылы окуйт да, 1912-жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус тузем мектебине орноштурат. 1916-жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт. Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын укту. 1918-жыл. Ак падыша тагынан кулап, көлдө жаңы турмуш орноптур деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге Көлгө кайтып келет. Көл башындагы таякелеринде — Тепкеде бир жылы туруп калып, 1919-жылдын жазында таякелеринин буурусун сокосун кармайт.

1919-жылы Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казаккыргыз институтуна кирет. 1919-жылдан баштап АлмаАта шаарында казак тилинде чыгып турган "Ак жол", "Учкун", "Тилчи", "Өрүм" аттуу газеталарга казак тилинде ырларын жарыялайт. 1925-жылы Москвада алгачкы жыйнагы "Касым ырларынын жыйнагы" деген ат менен басылып чыгат. Алгачкы "Окуу китебин" (эне тилин) жазган. Касым Тыныстанов 1925-жылдын август, сентябрь айларында "Эркин Тоо" газетасына редактор болот. Ошол эле жылы күзүндө областтык эл агартуу бөлүмүнүн илимий комиссиясынын башчылыгына дайындалат, Кыргыз автономиялуу республикасы уюшулган күндөн баштап, ал Кыргыз республикасынын эл агартуу комиссары болот. 1928-жылдын май айында "Жаңы маданият жолунда" аттуу журналдын биринчи саны жарык көрөт. Журналдын жооптуу редактору Касым Тыныстанов болот. Касым өз жанын аябай иштеген илимпоз эле. Менин оюмча бир суткада 24 саат болсо, ошонун 18-саатын эмгектенүү менен өткөзчү. Касым Тыныстанов 1930—31-жылдарда иштеп жүрүп Кыргыз драма театрына бир аз мезгил директор да болуп калат. Манасты орус тилине которуп чыгаруунун демилгечиси да Касым болгон. Манастын чоң казатын орусча чыгаруу үчүн анын тексттерин 5 киши (Касым, Карасай, Узакбай Абдукаимов, Саманчин Тазабектер) сапмасап котормосун иштешет. Ал котормону көркөмдүк жагынан кооздоп иштеп чыгыш үчүн Касым Москвадан үч котормочу (С. Липкин, Тарловский, Пенковскийлерди) чакырат. Ал китеп кийин 1946-жылда басылып чыгат. Сөздүн кыскасын айтканда Касым Тыныстанов кыргыз элинин тунгуч жазуучусу, тунгуч эл комиссары, кыргыз тилинин грамматикасын негиздеген профессор жана кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир эткен мамлекеттик ишмер эле.
Зияш БЕКТЕНОВ

Ой-пикирлер