Кирүү

Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Саада

Кадийча өмүрдөн өткөндөн бир нече айдан кийин, 619-жылдын акырында Мукамбет Саадага үйлондү. Ал Эфиопияга качып барып кез жумган мусулмандын 30 жаштагы жесири эле. Сааданын такыбалыктан өзгө артыкчылыгы жок. болуучу. Анчалык жаш да, сулуу да эмес эле. Анан калса, жакырлык жармашып, белдүү төркүн-төшүнөн ажыраган бечералардан болчу. Жесир Саада жан сактоого дуйнө- мулксүз, канатына калкалап, суук сөздүү, жаман көздүүлөрдөн, кысым- кыянатчылыктардан сактай турган кишисиз калган. Мекеде өкүм сүргөн тартип боюнча, эми ал кайрадан бай күйөгө тийсе гана журт катарына кошула алмак. Саадага үйлөнүшү Мукамбеттин өзү жүргүзгөн ишинин, чыныгы мусулмандар бутбарастардай болбой абийирсиздик менен өзүмчүлдүктөн боюн алыс кармап, жакындарын жан боорундай көрүп, ага тилектеш болушу керектиги жөнүндөгү үгүт- насаатынын өрнөгүнө айланды.

Пайгамбардын бул ийги иши, калыбы, динчилдердин эт жүрөгүн элжиретип, аны сараңдыктан оолак, акчанын артынан томолонбогон, дүйнөнүн жыргалына умтулбаган киши катары көрсөтүп, даңкын арттырган окшойт. Саадага үйлөнүшү Мукамбет үчүн майнаптуу болбоду. Аны сүйбөгөндүктөн экө бири-бирине жат кишилер бойдон калышты. Ал тургай, жанына жолоо да Мукамбет үчүн азапка айлангандыгы ушунчалык, бул жагдайды Сааданын өзү да байкабай койбоду. Ошого карабастан, пайгамбардын, Алланын элчисинин жубайы болуу таалайына жеткендигине ыраазы эле. Андыктан, ак никесин кастарлоочу.

Мукамбет, арадан бир нече жыл өткөндө, Саадага бардар турмушта жашаарлык дүйнө-мүлк алып, ажырашуусун сунуш кылганда, ал өтүнүчтү четке кагып, Мукамбеттин ыгына көчүп, жубайлык шыбагасынан баш тартып, бирок Алланын жана журттун кез алдында пайгамбардын аялы катары калтырууну суранган.

Ой-пикирлер