Кирүү

Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Хин да

Мукамбет Бедир өрөөнундө мекелик бутбарастарды жеңген согушта жесир калган Капсага үйлөнгөндүгун баяндап өттүк. Ал эми жоо өч алууну көздөп, дагы келип, Окот тоосунда беттешкнде мусулмандар жеңилип калат. Согушта женилгенден кийин Мукамбеттин шериктери кайрадан тойлошту — пайгамбар бул жолу эзелки жоосу Абу Сопиандын алыс карындашы, асыл зат максум тукумунан чыккан Хинда деген.жесирге үйлөндү. Жыйырма беш жаштагы бу келин мусулман болчу. Күйөөсү Эфиопияда курман болгон Хинда сейрек сулуулардан эле. Анан калса, имиштерге ишенсек, элчинин жубайларынын көбү сулуу болуптур. Калыбы, өндүүлүк алардын исламга терен берилгендей эле башкы касиеттеринен окшойт.

Тун уулунун атынан улам Салманын апасы атанып кеткен Хинда мурдараакта Абакир, Омор соз айттырганда, алардын сунуштарын четке кагып, Мукамбеттин сунушун деле дароо кабылдай койбогон дешет. "Жаштыгым калган жок, — дептир ал Мукамбетке,—анын үстүнө бала-бакырам бар". Бирок мунусу элчинин көнүлүн кайт кылбаган. "Кызганчактын кызганчаагымын" деп эскертиптир Хинда. Пайгамбар болсо Хинда кызганчактыгынын азабын тартпагыдай болушу үчүн Теңирге сыйынууга убада берет. Ал кезде ургачынын тагдырын төркүнү чечкен. Бирок Хинданын жакындары жоктугунан Мукамбетке аны уулу узатты. Хинда элчинин берки жубайларыныкындай кепеге жайгашты. Мукамбет ага керебет, курманын жалбырагы салынган төшөк, ботокой казан жаргылчак тартуулады. Мукамбеттин үй-бүлөлөрү Окоттогу салгылашууга чейин эле бардар турмушка жетишип, тартыштыкты сезбей калган, жортуулдардан тушкөн олжо, динге жаны киргендердин тартуу-таралгалары, кайрылары элчинин нысаптуу сарптоолорунан ашып тушкөн. Мединанын тегерегиндеги жайыттарда Мукамбеттин төөлөрү бар эле, кымбат курал-жарак кутуп калган.

Көрөркөз Айшага берметтерден белек берген. Калыбы, башка аялдарына деле ошондой белектерди тартуулаган окшойт. Анткени, тууралыкты тутунган жана үй-бүлөсүнде тынчтык орношун самаган. Ал дүйнөгө азгырылбай, жупуну турмуш кечирген. Кийим-кечеси мурдагыдай эле жөнөкей, тамак- ашы баштагыдай эле чакталуу болгон. Мекеден ооп келгенде үй-бүлөсү баанектеген кепелер кайра ондолуп курулбаган, кенейтилбеген, жаңы жубайларына да мурдагылардын өзүндөй кылып, ботойгон "конок болмөсу", уктоочу бөлугу бар кепелер курулган. Айшанын айтканына Караганда, бөлмөнүн тардыгы ушунчалык, Мукамбет намазга жыгылганда, Айша бурушуп олтурууга туура келген. Кепелерде да, короодо да, тиричиликтин өйдө-ылдыйына ынгайлуу эч нерсе болбогон. Элчинин зайыптары уйдөн алые эмес жердеги курма багына тункусун серуундөп чыгышканда, куу чирен жаштар аларды шайкелең күңдөр катары көрушуп, тийишкен.

Мындай жорук зайыптардын намысына да, Мукамбеттин намысына да доо кетирген. Ошого карабастан, куу чирен жаштар жанылып жазуудан анчалык деле кысынып кымтылышпаган, уялышпаган. Анткени, элчи али эл көзу не ыйык көруне элек эле. "Мединанын башкаруучусу" аталганы менен колуна эки тизгин бир. чылбыр, толук тие элек мезгил болчу. Төрт аялынан улам Мукамбеттин турмушу кыйындаган. Мукамбет да, жубайлары да өздөру мыйзам катары урматтаган жол-жосунга баш ийишкен. Ал аялдарын алалабай тен көруугө аракеттенген, ар биринин өзүнө арналган куну белгиленген жана ошол куну Мукамбет ошол аялынын жанында болуп, бул тартипти бузбаган. Узак жортуулга аттанганда, жубайларынын бири төөнун комуна орнотулган чүмбөттүү замбилге тушуп, коштоп барчу. Кимиси кошо кетерин аялдары чыбык кармап чечишкен. Мукамбет ага кийлигишпеген. Чыр-чатак менен нараазылыктан коргоочу мындай бекем тартип кеп зайыптуулардын нечен кылымдардан берки тажрыйбасына негизделген. Аялдарга Алла тааланын койгон талабындагыдай адилет мамиле, алардын дүйнө-мүлкү, руху жөнүндөгү камкордук ушундайча чечилген жана Мукамбеттин турмушу мусулмандар үчүн жүрүм-турумдун өрнөгу катары кызмат кылган. Бирок нечен жылдар бою калыптанган жетик адебине калбаат касиетине карабастан, пайгамбар деле жубайларынын арасындагы. мамилесин төгөрөгүн төп кыла албаган.
Аялдарынын бардыгына күйөөсү дегеле бирдей мамиле жасоого өзун мажбурлай албай тургандыгы жөнүндө тыянакка келген. Анан калса, жубайларынын бардыгын бирдей жакшы көрө албагандыгы эртеби, кечпи, акыры чоңбу, же кичинеби бир перседен байкалып, үй-бүлөдөгү ыркты бузбай койбойт. Мукамбет Айшага бермет мончокторду белекке бергендигин да пайгамбардын башка зайыптары муну анын рухий кем чилиги, тууралыктан тайгандыгы катары кабылдашьш, анын кесепетинен чоң чатак чыккандыгынан улам билип отурабыз. Андай чырга таарынган зайыптардын белдүү төркүндөрү да аралашкан. Баса, алар Мукамбетке нечен жолу көмөк көрсөтүшкөн, кызганчактык менен күнүлөштүктүн айынан чыккан чырдарды өздөрүнүн пайгамбардын үйүндөгү "өкүлдөрү" аркылуу ажырашууга жеткирбей басууга жандарын үрөшкөн.

Телегейди тегиз көрүп турган Алланын аяттарынын бириндеги берегиндей сөздөр Мукамбеттин жүрөгүндө өзүнүн турмуштук өкүнүчтүү тажрыйбасынын тыянагы катары жанырды: : : — Канчалык кааласаңар да, жубайларынардын ортосунда адилет болуу колунардан дегеле келе койбойт. Мукамбет Аллага баш-оту менен берилген жана өзүнө тагылган милдетти эн сонун орундаткан. Ошондуктан, Алла ага үй-бүлө жана нике жөнүнде аян кылган жалпы мыйзамдан кийин да жеке өзунө , ылайыктап, пайгамбардын динчилдер коомундагы бийик ордун, сулуу аялдарга ышкылуулугун эске алып, бөтөнчө мыйзам жибергендиги пайгамбардын өзүн да, мусулмандарды да тандандырбаган. — Ээ элчибиз, — деген Алла Мукамбетке. — Биз сага өзүң каалап, калыңын төлөгөндөрдү, Алла сага олжого тартуулагандардыи арасынан бүйлөң тийгендерди, акелериндин кыздарын, тайкелериңдин кыздарын, өзүң менен кошо жер которуп келген таежелериндин, эжелериндин кыздарын, эгер мусулман аял сага өзү дитин берсе, жана пайгамбар ага үйлөнүүнү кааласа, ошол ургачыны, мусулмандардан өзгөчөлөп жалан сенин өзүңө гана, аялдыкка алууга уруксат бердик. Kуранда мындан мурда мусулмандарга. эгер бага алса, төрт аялга үйлөнүүгө уруксат берилген. Балким, бул ошол кезде Мукамбеттин, төрт жубайы болгондугунандыр. Кийинчерзэк башкаларга үйлөндүгүнө байланыштуу Куранга жаны аят киргизилип, Мукамбеттин пайгамбарлык даражасына жараша аялды каалаганынча алышына жол ачылган. Бирок турмуш өзү мындай укукту да кийин чектөөгө мажбур- лайт. Ал жөнүндө кезегинде баяндайбыз. Көнүлдеш кундөрүн мындай койгондо, Алла Мукамбетке аялды чектөөсүз алууга, алардан тышкары "пайгамбарга өздөрү дилин берген" зайыптарга үйлөнүүгө уруксат кылган. Чынында энелик доордун салттары сакталып калган уруктардын жана уруулардын ургачылары гана эрге "өздөрү" тийген жана бул жорукту Алла катуу айыптаган. Эми сүйүктүү элчисине андай никеге да уруксат берди (Мындай аял күйөөсүнөн бөлөк жашоого тийиш эле), жана мунун бардыгы "сенин кыйналып, кысталбашың үчүн" деп түшүндүрдү. Мукамбетке канча аял өзү тийгенин билбейбиз.

Мындай көрүнүш арадан көп убакыт өтпөй, ашкан адепсиздик катары каралып, пайгамбардын баркын кетирип, жаман аттыга калтыруучу жосун деп эсептеле баштаган. Антсе да, элчи 626-жылдын жазында отуз жаштагы Зейнепти бешинчи аялдыкка алды. Ал Кузайманын кызы эле, мусулман күйөөсүнөн жесир калган, жаны аялы тойдон бир нече ай өткөндө дүйнө салды.

Ой-пикирлер