Кирүү

Даракта да кыял бар

Капалбаев О.Э.
т.и.к., доцент

Даракта да кыял бар
(Калык Акиевдин "Жыгачтар менен сырдашуу" поэмасына ой-чабыт)

Көптөгөн кылымдар бою көчмөн турмушта жашап, өзүнүн элдигин, бүтүндөй улуттугун сактап, башка элдердей болуп жоголуп кетпей, күчтүүсүнгөн элдерге сиңип кирбей, кайра кыл аркандай чыйралып, чачылса кайтып жыйналып, тарыхын жоготпой муундан-муунга, укумдан-тукумга таберик-мурас калтырып, кубанычын, кайгысын комуз менен айтырып келген себептердин бири элибиз айтып келген "өнөрдүн алды кызыл тил" болгону шексиз. Элибиздин салт-санаасы, ырым-жырым, нарк-насил тарыхы дагы элдик-оозеки чыгармачылык менен узун элдин учуна, санжыргалуу калктын кыйырына кылымдаса дагы жетип олтурат.
Мына ушундай оор жүктү артынган, хандан, бектен кайра тартпаган, эл мурасын ыйык туткан, үзүлгөнүн улаган, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан, узун түндү кыскарткан, уккан жанды жыргаткан, колунда жокту сүйүнткөн, көпкөндөрдү күйүнткөн, жаактууга жай бербеген, жумуру баштуу тең келбеген, жеңилүү ызасын тартпаган айтылуу алп акындарыбыздын бири, эки доордун ысык-суугуна күйгөн комузчу, жазма, төкмө акын Калык Акы уулу болгондугу шексиз.
Табигаттын таасиринен уламбы, кыргыз эли байыртадан эле, айлана-чөйрө жаратылышка, төбөсү көк тиреген ала тоолорго, адырынан коктусу көп, түздүгүнөн тоосу көп кереметүү кооз жерлерге, түркүн түстү гүлдөргө, күмүш үндүү, кең өзөндүү сууларга өтө маани берип, алар менен бир эреже, бир тартипте күн кечирип келишкен. Аларды көкүрөгү таза, акылы тунук, ой-чабыты кенен, көсөмдүгү терең, таланты ташкындаган кыргыз эли тили жеткени ыр менен, тили жетпегени комузга салып күү менен, буюмдарга түшүрүлгөн оймо-чийме менен урпактарга ыйык мурас катары өткөрүп берип турушкан.
Философиялык ой-чабыт дарамети күчтүү акындар күнүмдүк турмушту, уламыш-жомокторду эле ырдабастан, дүйнөнүн чексиз кереметтерине, ааламдын айтып бүткүс сырларына саякат жасап, адамзат пенденин белгилүү беш сезимин, кылык-жорук мүнөзүн. Алсак, кара жаак атанган, кара таңдай Жеңижок табигат күчтөрүн, айтылуу Барпы акын аалам, дүйнөнүн жаралыш сырларын ырдаса, калк ырчысы Калык акын жандуу менен жансызга кирген, жандууга ысыкта көлөкө берген, суукта денеңди жылытып жан киргизген, жесе тамак, коргонсо курал, урунсаң буюм, тургузсаң үйүң, ырдасаң үнүң, ат минсең куралың, көтөрсөң урааның болгон жыгачтар менен сырдашып, алардын айталбаган муң-арманын, кылымдар бою катылган сырларын ыр түрүндө калың элдин катмарына жеткирген. Албетте ал чыгарманы ыр түрүнө айлантуу үчүн табигаттын сырын терең билүүсү керек болгон. Мисалга алсак:
– Аппак болуп, көз кубанттың өрүк сен,
Жаз алдында жаңы гүлүн кийинген.
Жалтылдаган жамалыңа бурулуп,
Өзүң менен сүйлөшкөнү келдим мен.
Жазгы шаңда бирөөң эмес жабыла,
Жаркырашып жасандыңар баарыңар – деген дагы бир нече саптан турган суроосуна, өрүктүн берген жообу:
– Сурасаң мен жол боюнда бир өрүк,
Бул сурооңо жооп берип көрөлүк.
Асылданып, ак жамбыдай кийинип,
Адам уулун карап тургам делөөрүп.
Бүрүм түшүп, гүлдөп мөмө байлаймын,
Көлөкөмдөн жай аласың жөлөнүп – деп өрүк гүлдөгөнүн өскөнүн, байлап мөмө көргөнүн, мөмөсүнө элдин тойгонун айтып келип, кышкысын жер бетинен тап кеткенде, кара суук чилде киргенде, жер алдында тамырынын тоңгонун муңдап айтат. Андан өзүнө жакын өскөн, адамзат жакшы көргөн, жемиштерди: алма, алча, карагат, жүзүм, жаңгак, курма, шабдаалы, мисте, кишмиш, мийиздердин кадырлап өстүрөөрүн, күзүндө алардан пайда көрөөрү жөнүндө айтып келип, башка жыгачтар жөнүндө:
– Өз-өзүнөн чынын сурап укпасаң,
Сырын билбейм мөмлөрдөн башканын – деп келип, акырында:
Баарыбызды тигип, багып өстүргөн,
Адам сенсиң, ар жорукка көндүргөн.
Мына жаздын касиети баарынан,
Бүтүн дүйнө жер бетине дем кирген.
Бардык мөмө байлай турган жыгачтын,
Жообун бердим жолдон тосуп, жалгыз мен – деп өрүк жооп берип, акынды узатат.
Улуу акын бекер жерден биринчи болуп, өрүк жыгачы менен сүйлөшкөн эмес, буга биринчиден эч бир жыгач гүлдөй элек кезде өрүк гүлүн ачат дагы, биринчилерден болуп мөмөсүн берет. Экинчиден, акынды колунда коштоп турган комузу да, өрүктөн жасалган. Ал эми үчүнчүдөн жемиштүү жыгачтарды элдин баары жакшы көрүп, "чырпык тиксең, чынар болот, мөмөсүнө элиң тоет" деп аларды кадырлашат. Жана дагы бул жыгачтар катуу келип, жасалган жыгач буюмдар бышык болуп, жыгач усталардын негизги жердиктеринен болуп эсептелет. Дагы баса белгилеп кетчү нерсе, атасы уста Акынын тийгизген таасири чоң болсо керек.
– Андан ары мындай деп уланат:
Өрүк менен жооптошуп баратам,
Жүрөк туйлап, алып учат канатым.
Ой-тоолору карайыңкы көрүндү,
Шамдай жарык көздүн курчун жумшасам.
Баары сыйда, асмандаган карагай,
Туш-тушуна бутактарын тараткан – деп карагайдын эң бийик экендигин, адамдан коркуп кеткендигин, тоо-ташта жашагандыгын, жайы-кышы бүрүн-күбөй турганын, арча менен кандай туугандыгын, башка жыгач талдардан артыкчылык касиетин билгиси келгенде карагайдын берген жообу:
– Мен жарданып тоого чыккан карагай,
Туралбаймын туш-туш жакты карабай.
Мен сырымдын баарын айтып бүткөнчө,
Жолдон калып кечигесиң бир далай.
Биз жаралып, жер жүзүнө чыккандан,
Өмүрлүккө конушубуз ушул жай – деп жооп бергиси келбей туруп, анан сөз улайт. Бир кезде сөксөөл менен ажырашкыс дос болгонун, арасынан ушак-айың сөз чыгып, чатак ырбап, долоно күндө келип, бирине-бирин шыбап, отко май бүркүп, жалындатып күчөтөт. Сөзгө уугуп чыдабаган сөксөөл биринчи болуп жабыратып ок чыгарат, ошентип эки дос элдешкис ок атышып, окко чыдабай карагайлар тоо-ташка чыга качат. Карагай аткан октордон, сөксөөлдүн бир гана тамыры калып, чөлгө кире качып кутулат. Ошол күндөн бери ушундай болуп, сөксөөлдүн аткан октору денемде калды деп өз тарыхын бүтүрүп келе жатып, арча тууралуу кеп кылат. Арчанын таштуу жерге, аска-зоого өскөнүн, мүрөктүн гана суусун ичээрин, тамыры карагайдын боюнан дагы узун кетерин, башкалардан эң чыдамдуулугун, жыты даары болорун айтып келип, таштуу жерлерде өскөн чекенди жана көкмөк бадалдарын айтат:
– Күздө бүрүн кууратпаган төртөөбүз,
Анык узун арча менен экөөбүз.
Тамыр чирип, талкаланып жыгылып,
Куурабасак, нечен кылым өсөбүз.
Тукур, бужур, ийри чыгат арчадан,
Биз карагай аткан октон анык түз – аягына келгенде, өзүнүн дагы артыкчылыгын белгилеп кетет. Карагай курулуш иштеринде көп жумшалат. Карагайдан жооп алып, акын андан ары жол жүрүп, сулуу суйкайган кайың менен сыр айтышат:
– Бүт жыгачтын бир түрдүүсү кайыңсын,
Дайым көрсөм терек экөөң айылсың – деп баштап,
Сыпатыңа сынап көрсөм алыстан,
Өзгөчө бир сулуусуң жыгачтан – сын берип, кайыңга сөз айтып, же алма, өрүктөгүдөй мөмө жок, же чычырканак, долонодой болбойсуң шок, көп жыгачтан көөнүң неге ток, деп суроо салып сураса, анда кайың айтат:
– Жол боюнда амандыкты сурадың,
Жооп берейин чындык болсо угаарың.
Капам качып, бүрүмдү ачып бүгүн мен,
Жаным сергип, жарпым жазган убагым.
Нечен ысык, нечен суукту өткөрүп,
Жаз нурунда жаркып күлүп турамын – деп желге ыргалган саамайын, жайкы күнкү маанайын, кышкысын тайкы экенинин таалайын, арыз муңун төгүп келип, туугандары сасык кайың, ак чечек, ак тал, кара тал, көк талдарды атап, дагы терек беш терек, бутагы морт, өзү жумшак боркулдак, алар болот: бака терек, чынар терек, кара терек, мырза терек, ошентсе да жарамдуусу ак терек, бирок, эң узуну мырза терек деп ар бирине токтолуп, андан ары улайт:
– Катырыңкы кара жаңгак, жийде, тыт,
Тытты жеген шыбыратып жибек курт.
Кыз-келинге асыл жибек кийгизген,
Курт болсо да кубаты мол бир кызык.
Тытты багып, куртка салып жол тапкан,
Асыл кийген адам уулу Ата Журт – дагы бир нече жыгачтын түрүн атап келип, акын адамдын тапкычтыгын, ишмердүүлүгүн белгилейт. Андан ары ой учкунун, сыр тамырын улап, катын жаңгак, кара моюл, карагат, аса-муса, шилби, карагайды атап келип:
– Мына ушул жер жүзүндө көп жыгач,
Күздөн кышка бардыгыбыз жылаңач.
Коңур күздө дагы келип бир көрсөң,
Эч бир калбайт башыбызда жалгыз чач.
Көрөр болсоң жайы менен көрүп ал,
Кыш күнүндө жакындабай алыс кач – деп кайың ийкемдүү ийилип кол алышып, акынды андан ары жыгачтар дүйнөсүнө узатат. Жолдон акын:
– Азуулары чарыкка тарткан бычактай,
Жаны болсо кармай турган кучактай.
Барып турдум бир тикендин түбүнө,
Кулак салдым корсулдаган үнүнө – деп тикенектүү жыгачтарга барып, суроо салат "кимсиң" деп, ага долоно опурулуп-жапырылып кайра тике качырганда, акын андан качып калбай, кайра тилин тартпай "эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче, какайганга какайгын, төбөң көккө жеткенче" дегендей:
– Жооп сурасам, опураңдап тилдейсиң,
Оройлонуп, оолугасың жиндейсиң.
Үрөйүң суук, үксөңдөгөн тикенек,
Сен адамдын касиетин билбейсиң,
Сени менен сүйлөшүүгө мен келсем,
Турпатымды адам эмес ким дейсиң – сөздү мыктап келтирип, жетер жерине жеткирип, аны менен токтобой жалгыздыгын белгилеп, алган тура тикенди да энчилеп деп, сай-сөөгүн сыздатканда долононун берген жообу:
– Сен сурадың, чын жообумду берейин,
Эми сага, анык сырга келейин.
Мурункудай ушак менен сөөдүрөп,
Жалган сөзүн жаап жашырат дебегин.
Эки досту бир-бирине кас кылып,
Эч адамга тийбей калды керегим – деп жоошуп, анан айтат жөнүн, чагымчылыктын азабын тартып жүргөнүн, бул ишке жалгыз эмес сары жыгач, чычырканак, ит мурун чогуу чагымчылык кылдык эле, ошон үчүн бириндетип жиберген. Ошол күндөн ушул күн арылбастан уяттан, ар бирибиз калып калдык жер-жерде. Урушкан эки досту элдештирип эл кылам деп, арачыга табылгы түшөт. Экөө эпке келбей, карагайдын мойну көккө узарып, сөзү өтпөгөн табылгы ошондон калган экен кызарып. Ошондо Калык:
– Деген сөздү угуп чыктым тикенден,
Кандай сөз деп, аң-таң калып турдум мен.
Жыгач менен сүйлөштүм деп айтканга,
Кандай адам калп эмес деп ишенген?
Калпты чындык жеңип чыгат түбүндө,
Алып жаздым баштан өткөн ишимден.

Бирөө айтса ушак-айың чагымды,
Жандай достун жакшы көөнүн иритет.
Заардуу сөздөр балдай болуп айтылса,
Адам эмес кара ташты жибитет.
Чындык деген теңдеши жок асыл сөз,
Миң-миллион бузук сөздү чиритет – деп акын жыгачтар менен сырдашуусун аяктайт. Бул чыгармада акындын жыгачтардын касиетин абдан абайлап билгендиги көрүнүп турат.
Акындын дүйнөтаанымынын кенендигин жана чексиздигин караңыз адамдардын кыял-жоруктарын, кулк-мүнөздөрүн бак-дарактар аркылуу бергендигинде болуп жатат. Же болбосо биз адамдардын табиятын мал-жаныбарлар, курт-кумурскалар менен гана салыштырганга өзгөчө көнүп алган экенбиз. Кимдин кайсыл даракка, кайсыл бадалга окшош экендиги өзгөгө билинбесе дагы өзүңө билинсе керек. Албетте, жакшылап ойлонгон кишилерге...

Ой-пикирлер