Абдыракунов Турдубай
Абдыракунов Турдубай (1937, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Манас" эпосу менен башка элдердин эпикалык чыгармаларынын окшоштук, айырмачылык маселелери, "Манастын" арым өзөк окуяларынын тарыхый чындык менен байланышына арналган макалалары бар. А-дун илимий талдоолору кыргыз элинин тарыхый даректеринин фактыларына, диний-мифологиялык түшүнүктөрдүн реалдуу турмуш менен байланыштуулугуна таянат. И. Абдувалиев
- Цивилизация жана табият
- Күүдөн симфонияга чейин
- Этникалык системалардын деңгээлдери жана типтери
- Цивилизациянын "алтын күзү"
- Садыр аке
Ой-пикирлер