Кирүү

Акыйнек

Акыйнек, акый — кыргыз оозеки поэзиясындагы "айтыш" жанрынын бир түрү; жаш кыздардын кордоо, шакаба чегүү, мыскыл мүнөзүндөгү айтышы. Кыргыздар
уруулук — феодалдык доордо жашаган учурда акыйнек айтышкан кыздар тууган- уругуна, айыл конушуна карата эки жаат болуп бөлүнүп, маңдай тескей туруп, бири
экинчисинин кемчилигин чукуп, көбүнчө ата-энелеринин бай-кедейлигин, баатырдык менен коркоктугун ж. б. сапаттарын мактап же кордоп алмак-салмак
айтышкан. Айтыш музыкалык аспапсыз, обонго салынбай айтылган. Айтыш жалаң эле кордоо, мазактоо мүнөзүндө болбостон, кээде сөзгө чечендикти, сөз тапкычтыкты сынашуу максатын көздөп оюн-зоок, тамаша иретинде да айтылган.

Байдын кызы менен жардынын кызы

БАЙДЫН КЫЗЫ:
Этегимди, жеңимди,
Жардынын кызы теңимби?
Жалжаңдабай жарды кыз,
Жакшылап уккун кебимди.

КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:
Көөдөнү жок тултук кыз,
Көтөрүлбө бултук кыз.
Өзүмдү сага теңебейм,
Өлсөм дагы кенебейм.
БАЙДЫН КЫЗЫ:

Менин атам сурасаң,
Күлүктү минет күнүгө.
Сенин атаң сурасаң,
Көк бит талайт түнүндө.
КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:

Сенин байлыгын — менин байпагым,
Балчаңдай баскан тайтагым.
Барды-жокту билбейсин,
Кай жоругуң айтайын.
БАЙДЫН КЫЗЫ:

Менин атам сурасаң,
Казы кесип, жал жеген.
Сенин атаң сурасаң,
Тишин соруп, тал жеген.
КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:

Жарды эмгегин жегендер,
Жабышкак жандуу кенелер.
Жардыга теңдик келгенде,
Сасык байлар сенделер.
БАЙДЫН КЫЗЫ:

Менин энем сурасаң,
Шуру чачпак шалдырайт.
Сенин энең сурасаң,
Талкан сурап жалдырайт.
КЕДЕЙДИН КЫЗЫ:

Энең менен болжошуп,
Абысындай жүрөсүң.
Алкылдабай жерге кир,
Акыйнек айтсам өлөсүң.
Күйөө менен колукту
Бир кыз күйөөсүн чанып жүрсө, күйөөсү: "Мени сен жеңип кетсең, башка күйөөгө
тие бер, эгер жеңилсең, үйдө каларсың" — дейт. Анда кыз "макул" деп, экөө
айтышат:

КОЛУКТУСУ:
Күн күркүрөп жаз болду,
Көйкөлгөн шибер саз болду.
Атакем Алай кеткенде,
Жети атанга ком артып,
Жетелетпей бек артып,
Алты атанга жүк артып,
Алды-кийнин бек тартып,
Ак дайра кечип жол артып
Алайга кетсем кантесиң?

КҮЙӨӨСҮ:
Алайга кетер жериңде,
Сары ингенге чөп артып,
Сая жетсем кантесиң?
Куу ингенге чөп артып,
Кумсара кууп мен барып
Куба жетсем кантесиң?

КОЛУКТУСУ:
Куба жетер жериңде,
Коктуну басып койкоңдоп,
Кырды баскын кылактап,
Кыйырчыктын кырк кулач,
Кызыл түлкү мен болуп,
Кыйырга кетсем кантесин?

К.ҮЙӨӨСҮ:
Кыйырчыктын кырк кулач,
Кызыл түлкү сен болуп,
Кыйырга кетер жериңде,
Кандын карылуу тайган мен болуп,
Какмачыга кактырып,
Тосмочуга тостуруп,
Как туураңдан дат уруп,
Илип кетсем кантесиң?

КОЛУКТУСУ:
Кандын карылуу тайган сен болуп,
Какмачыга кактырып,
Тосмочуга тостуруп,
Как туурамдан дат уруп,
Илип кеткен жеринде,
Буудай болуп шыркырап,
Музга кирсем кантесиң?
Таруу болуп быркырап,
Ташка кирсем кантесиң?

КҮЙӨӨСҮ:
Таруу болуп быркырап,
Ташка кирген жериңде,
Көк кекилик мен болуп,
Терип жесем кантесиң?
Буудай болуп шыркырап,
Музга кирген жериңде,
Алача моюн каз болуп,
Алып жесем кантесиң?

КОЛУКТУСУ:
Алача моюн каз болуп,
Атып жеген жериңде,
Салааңдан сенин "бырп" этип,
Боз торгой болуп "чырк" этип,
Абага кетсем кантесиң?

КҮЙӨӨСҮ:
Төрт мурутум тердирип,
Керилип келтек урдуруп,
Келки кылган жериңде,
Элим Апай жайлатып,
Эки тару байлатып,
Калкымы Алай жайлатып,
Карыя молдо шайлатып,
Чапма нике кыйдырып,
Алып койсом кантесиң?

Ошентип, күйөө жеңип, чанып жүргөн колуктусун алып, ынтымактуу жашап калыптыр. "Акый-акыйнек" комузда да күү болуп чертилет. "Акый-акыйнек деген түшүнүк — акыйнек айтышын баяндаган күү; акый-акыйнек — элдик күү". (Ж. Мукамбаев, "Кыргыз тилинин диалектологиялык
сөздүгү", Ф., 56-бет). "Акый-акыйнек" аттуу күүнүн нотасы залкар комузчу Муратаалыдан жазылып алынып, "Муратаалы Күрөңкеев" деген жыйнакка киргизилген.

Ой-пикирлер