Кирүү

Студенттик күндөрү жөнүндө

Аскар Акаевдин студенттик жылдардагы бакшы максаты окуу гана болгон. Ага ал өзүнүн болгон күчаракетин жана убактысынын көпчүлүк бөлүгүн жумшаган. Ал эң жакшы баалар үчүн гана окуучу эмес. Окулуп жаткан предметти түшүнүүгө, эң татаал маселелер жана проблемаларды талдоого аракеттенчү. Ал ар кыл багыттагы ар тараптуу билим гана жогорку квалификациялуу адисти жана инсан катарындагы адамды калыптандыраарын түшүнүп, предметтерди эч качан негизги жана экинчи мааниде деп бөлчү эмес. Англия тилин билбей туруп эсептөө техникасы тармагында дурус адис болуу кыйын экенин түшүнүп, Аскар студенттик жылдарында эле тийиштүү курстарды бүтүргөнү, анын кийин андан аркы чет элдик адабияттар менен жемиштүү иштешине мүмкүнчүлүк берди. Кээде эмне эле Аскар жолдуу, баары эле ага опоңой табылып жаткандай пикир пайда болушу мүмкүн эле, бирок анын артында маңдай терди агызган эмгек бар экенин кээ бирөөлөр гана билчү.

Ал качан гана материалды тереңдей түшүнүү үчүн институттагы сабактан алган билими канааттандырбаганын сезгенде, китепканага барып толгон токой адабияттарды окуур эле. Бул ага курсташтары арасында аброй күтүүгө мүмкүндүк берди. Кээ бирөөлөрү китепканага барып убакытты кетирип отурбай деп жардамга Аскарга кайрылышчу. Ал ошондо да өзүнүн убактысын сарп кылып, бирөөнө да макул болбой койчу эмес. Аскардын артыкча, өзгөчө жөндөмдүүлүгү так илимдерде көрүндү, баарынан мурун математикада. Атүгүл ал үчүн татаал математикалык маселелерди чечүүдө эч кандай тоскоолдук жоктой сезилээр эле. Экинчи курста окуп жүрүп өзүнүн жолдоштору менен эң маанилүү илимий ишке (Вессел функциясын эсептөө үчүн номограмма түзүү) катышкан. Бул эмгеги 1даражадагы диплом менен белгиленген.

Кийинки жылы эсептөө техникасы кафедрасынын студенттеринен түзүлгөн инженерматематиктерди даярдоо боюнча топко кабыл алуу конкурсу жарыяланганда Аскар үчүн барсамбы, барбасамбы деген проблема болгон жок. Ал топко эң мыкты студенттер тандалган, ошентсе да ал теңтайлашкан студенттердин ичинен Аскар биринчиси болду. Ал бүтүрүүчүлөрдүн ичинен институтту жалаң эң жакшы баалар менен аяктаган жападан жалгыз лениндик стипендиант болду. Ошентсе да Аскар окууга көп убакыт жана күч короткондугуна карабай интеллигент адамдын калыптанышына жалгыз билимдин гана жетишсиз экенин эң сонун түшүнүп, өзүнүн маданий деңгээлин жогорулатуу үчүн ал дайым мүмкүнчүлүк тапчу. Ленинградда ал барып көрбөгөн театр же музейди табуу кыйын. Гармониялуу өнүгүү үчүн анын "бальный танецке" окугандыгын айтсак болот, мунусу ага кошумча сыйлоо сезимин пайды кылды. Ал эми кийинки жылы Аскар Акаев пайдасы көп жана ылайыгы эп эң сонун вариант ойлоп тапты. Ал бүт группаны кыргыз жергесиндеги курулушка ЫсыкКөлдүн чет жакасында сарай салууга үгүттөдү. Бул курулуштун уюштуруу иштеринин бир бөлүгү Аскардын мойнунда эле жана ал бул ишти эң мыкты аткарды. Аны менен бул курулушка баргандардын баары бүгүнкү күнгө чейин ал жөнүндөгү эң жакшы эскерүүлөрдү сактап келет. Ээлеген кызмат ордуна карабастан ал студенттик жылдары кандай болсо дайыма ошондой бойдон калыптыр: март, ак көңүл, сыйкор жана иштерман.

Т. И. Алиев, Т. С. Довгий, Б. С. Падун

Ой-пикирлер