Кирүү

Кайып болуу жөнүндө

Манас" баатырдын аты Аккуланын энеси "Кызыл чаар бээ" жөн үйүрдөгү айгырлардан токтобойт, ал жети жылда бир ирээттен жоголуп кетип (кайыпчы тоосуна кетип) кайыптан токтоп келет экен. Ошого, Аккула, Кылкара сыяктуу аттар "кайыптан бүткөн жылкылар" деп айтылат.

Кайыптан бүткөн аттар "алтайлык жолго минсе, селт этип чөп жебей, кылт этип суу ичпей" чыдай берген. Ошол сыңары кайыптан бүткөн нерселер, заттар кыргыз мифтеринде көп айтылат. "Кайып болуу" деген сөз кыргыз мифтеринде кайыпчынын тоосуна, үңкүрүнө" кирип кетти, деген мааниде баяндалат. Кыргыз мифтеринин ушул баяндарына караганда, "кайып болуу" элдик каармандар, ыйык жаныбарлар бул жашоодон аргасы түгөнгөндө, мисалы, Семетей өзү багып чоңойткон эмчектеш чоросунан зыянкерчиликке учураганда, бул жашоодон аргасы түгөнөт. "Кененим" бөлүгүндө Асыл бачаны Жоодар бешим жаңылып атып алганда аны кучактап жаткан Коёналпты Кененим чокмор менен жалпайта чаап алганда (баардыгы жаздым таанып), Кененим бул жашоодон аргасы түгөнөт, "Кайыпчынын Кара-Тоосу үңкүрүн" көздөй басып кайып болот. "Буудайык" дастанында Буудайык "кайыпчынын Кара-Үңкүрүндө" бүтөт. Кайра ошол үңкүргө эки жолу кайтат.

"Кайыптан бүткөн" ар кандай жандын өлүшү эң кыйын, оңойлук менен өлбөй, көпкө жашайт: "Кайып болгондор" өлгөн катарында эмес, "кайыпчынын чөлкөмүнө" (Кара-Тоо, Кара-Үңкүргө") кетип жашап калат, керек болсо, кайра пайда болот деген түшүнүк болгон. Мисалы, Семетей кайып болот, кийин кайра келет. Демек, "Манас" эпосунда жалгыз гана "Манас баатыр" өлүп, аны жерге койгондон башкалары (жети урпагы (кайып болуп кетет) кээ бир варианттарда). Айтмак, "кайып кыргыз мифтеринде кереметтүү күч, нерсе" катары элестетилип, анда кандайдыр бир "кереметтүү күч" болорун, ал эч кандай сырткаркы күчтүн жардамсыз эле көзгө көрүнбөй кетүүсүнө баштапкы адамдар чын бүтүшкөн.

"Кайып болуу" жөнүндөгү мифтик түшүнүк наристе көркөм элес болуп, адамдар өлүмдүн чыныгы себептерин, анын мыйзамдуулугун чечмелөөгө дараметтери жетпей, камкорчу баатырларынын, ыйык жандуулардын "өлүмүн" наристе элестетип, мифтик тааным боюнча түшүндүрүүнүн аракетинде болгон.

Ой-пикирлер