Кирүү

Төрөгелди баатыр

Төрөгелди баатыр балалык чагын Кара-Кочкордун айланасында өткөргөн. Он үч жашка чыккандан тартып күлүк атка жайдак минип кылыч шилтеп, найза сайып үйрөнө баштаган. Он беш жашында жоокер мүнөздөнүп, тулку бою көрүнүп калган. Найза саюу, кылыч чабуу, минген аты менен тосмолордон, аңдардан, бадалдуу саздардан өтүп кетүү, өзөн суудан, дарыядан кечип өтүү сыяктуу жоокердик ыкмаларды агасы Нарбото баатырдан үйрөнгөн. Жоого каршы 18 жашынан тартып аттанган. Ал кыргыз элине каршы согушкан жоонун ташын талкан кылып турган. Анын мындай эрдиктерин кыргыз эли жогору баалаган. Анын адамгерчиликтүүлүгү, калыстыгы даңазаланган.
Төрөгелди баатырдын тулку бою зор келип, турпаты адамдардан айырмаланып турган. Молдо Кылычтын айтуусу боюнча Төрөгелди баатыр ак саргыл жүздүү, узун бойлуу, кең далылуу, эки ийнинин мүчөлөрү бөлүнүп, маңдайы жазыраак келип, мурду кырдач, колдору шадылуу, булчуңдары чың, жылдызы жанган адам болгон. Каршы чыккан же кууп бараткан душманына урулган таштай көрүнгөн. Айыгышкан катуу кармашта душманын качырып сала бергенде мылтыктын огунан да жалтанбастан найзаны катарлап сайган. Башка баатырлардан намыскөйлүгү, кайраттуулугу, карылуулугу, шамдагайлыгы менен айырмаланган.
Төрөгелди баатыр туткундалып, душмандын колунда жүргөндө да тике карап сүйлөп, кебелбеген, сөзгө чечен болгон. Кыргыз элинин жоокерчилик турмушун, тарыхын мыкты билген. Кырк жашка келгенде сакал койгон. Сакалы кыска, саргыч түстө болгон. Тарыхчы, санжырачы Осмоналы Жээнчоро уулу Байсабанын айтуусунда Төрөгелди баатырдын сол жаккы койнунда зооттон тепчий тийген найзанын жыра сайган жаратынын узата кеткен тагы калган. Оң далысынын кемирчегинин учуна айбалта тийип, жараты бүтүп калган.
1846-жылы Кенекандын, Норуспайдын кыргыз элине каршы кандуу согушунда Төрөгелдинин кызыл ашыгынын томугу тайып кеткен. Буга карабастан бутун канжыгага байлап коюп, душмандар менен кармашкан. Муну бир тууган агасы Шербото көрүп калып, согуш жүрүп жаткан майдандан атын суулуктап инисин алып чыккан. Сейит баатыр Төрөгелдинин бутунун тайыган томугун тарттырып киргизген. Төрөгелди баатырдын зооттору өтө жакшы ширетилип жасалган. Талаатүздө, эл аралап жүргөндө көгүлтүр түстөгү кылдуу койдун, төөнүн чууда жүнүнөн согулган чепкен кийип жүргөн. Кеч күз болгондо кементай кийген. Төрөгелди баатыр жыйындарда Аккызыл атын жабуулап минип чыгып, көгүлтүр түстөгү илбирс ичигин, кышкысын каралжынкөгүш түстөгү карышкырдын жонунан тигилип жасалган карышкыр ичигин кийген. Алыстагы сыйлуу конокко аттанаарда кара көрпөдөн жасалган, нооту тышталган жакалуу узун кемсел кийип, сыртынан жазыланган чылкый айлантма күмүш оролуп жасалган кемер курун курчанган. Жээнчоронун айтуусунда кемер курдун салмагы бир пудга жакын болгон. Бутуна намеркен маасы, сыртына оролуп тигилген кепич жана такасы бийик жалтыраган өтүк кийген.
Төрөгелди баатырдын жоого кийүүчү зоот тулгалары үч сыйрадан болгон. Небереси Бектендин жана иниси Ыбыке баатырдын айтуусу боюнча башына кийген туулгасын Бактыяр уста ширетип жасаган. Атагы таш жарган Бактыяр уста Намангандан баш калкалап качып, Ормонхан менен Төрөгелдиге келген. Уста Төрөгелдиге кылыч, найза жана башка жоого каршы куралдарды жасап берген. Минген аттарына да зооттор согулуп, кийгизилген. Ошондуктан баатырдын минген атына да найза, кылычтын мизи өткөн эмес. "Ат адамдын канаты" дегендей, Төрөгелди өзүнүн минген аты кор кылбасына эле илинип тура береби?
ишенген. Төрөгелдинин иниси Ыбыке, Келдибек баатырлардын айтканы боюнча анын минген Аккызыл аты сөөктүү, омуроо жагында темгил кызгылт боор белгилери болгон. Туяктары көмкөрүлгөн чөйчөктөй көрүнгөн. Жүгүргөндө закымдап улам арышын кере чуркаган. Суу, дарыяны кечкенде токтобой сүзүп чыккан. Жоо менен бетмебет кездешээрин билип оозун керип, кишенеп, окторулуп каранган. Норуспай төрөнүн ак чаар тулпары беш күнгө чейин жоого каршы минилген дейт. Ал эми Төрөгелди баатырдын Аккызыл күлүк аты үч жарым күнгө талыкпай чуркаган. Ушундан улам баатыр аккызыл атын жанындай көрүп, азыраак минип, жоого каршы аттанганда гана баса минген.
"Кыргыз маданиятынан"

Ой-пикирлер



2021-06-20
Мирболот
Жолборс чапканы жазылбай калыптыр. Өзөгү коргошун камчы менен качырып келаткан жолборсту так маңдайга чапкан. Жолборс мүрт өлгөн. Жолборс чапкан баатыр аталган.