Кирүү

Чубак баатыр баяны

Чубак баатыр баяны

Калкына калыс кан болуп,
Кайран Балтай ошондо
Касиеттүү жан болуп,
Акбалтайдын сырдашы,
Акыреттик курдашы,
Эр Кутубий ал болуп,
Алайды ээлеп жер кылып,
Нойгутту күтүп эл кылып,
Топозу токсон миң болуп,
Байлыгы журтка дүң болуп,
Жылкысы жети сан болуп,
Жеткилең кыйын кан болуп,
Малы түмөн, бала жок,
Байкуш болуп Акбалтай,
Бала күтөр чара жок.
Бир бала үнүн угууга,
Бир мураска чыгууга,
Сандаган малдын баарысын
Сарып кылып үрөдү,
Кудайдан бала тиледи,
Мында да бала көргөн жок.
Күнү менен түн өттү,
Арадан эчен жыл өттү.
Бала көрбөй Акбалтай,
Байкуш болуп калыптыр.
Бир баланын айынан,
Кудайдан тилеп, Акбалтай
Алтымыш катын алыптыр.
Алтымышы тең туубай,
Туяксыз болуп калыптыр.
Кудурөттүн жазуусун
Курган Балтай көрүптүр,
"Башы жок мал экен го,
Күтүп жүрүп нетем" - деп,
Малынын теңин бөлүптүр,
"Ээси жок малды нетем",- деп,
Бала үчүн азап көрүптүр,
Малынын теңин Акбалтай
Жетим менен жесирге
Үлөштүрүп бериптир.
Арбын малын үрөсө,
Мазарлуу жерге түнөсө,
Кудайдан бала тилесе,
Дагы бала көрбөптүр.
Арбын малын чачыптыр,
Армандуу болуп калыптыр.
Кутубийин чакырып,
Куруган экен Акбалтай,
Минтип куруп жүргүчө
Мекеге тентип кетем,- деп,
Турган экен Акбалтай.
Алтымыш нөкөр, Кутубий
Алтымыш адыр чалууга
Жүргөн экен ошондо
Салбырынга барууга.
Эл өөдөгө тартарда,
Ат кара тил мезгилде,
Жонокко чыга келгенде
Жолдошу кыйла жан болуп,
Жобогон экен Акбалтай:
"Туяк бала", - деп жүрүп,
Көзү кеткен ириңдеп,
Көкүрөгү кирилдеп:
"Бала", - деп, жүрүп Акбалтай
Сакалы калган ак болуп,
Өлө турган чак болуп,
"Куу баш болуп калам, - деп,
Курган куу баш бир өлсө -
Кургакка чыккан буудайдай,
Туяксыз болуп калам", - деп,
Кылча көрбөй куу жанды
Кыйналып Балтай куруптур,
Кызыталак бала үчүн
Кайран Балтай куруптур.
Мунарык болуп бурчтанган,
Булунгур болуп учтанган,
Чоң талаанын бетинен,
Медийендин чөлүнүн
Бери жаккы четинен
Куржунга салып бүктөлүү,
Куу каймалга жүктөлүү,
Ак кийизге жайлалуу,
Төөнүн өркөчүндө байлалуу,
Кудай Таала куп кылып,
Жайлап кеткен кези экен,
Ойсул ата, куу инген
Өркөчүнө каймалдын
Байлап кеткен кези экен.
Акбалтайдын алдынан
Ойсул ата, куу каймал -
Акбалтайдын төл малы
Каршы чыга калганы.
Каршы инген келгенде
Өркөчүнүн өзүнөн
Бар-бар-бар-бар ыйлап,
Баркырап бала бек ыйлап,
Баркырап бала ыйласа,
Кулак, мурун жеп ыйлап,
Баланын үнүн укканда
Байкуш Балтай канетет.
Көкүрөк чери ачылып,
Көзүнүн жашы чачылып,
Кайыптан бала табылып,
Капа болгон Балтайдын
Абийири минтип жабылып,
Куржундагы баланы
Курган Балтай алды эми.
Жылаңач дене этине,
Ал баланы салыптыр.
Маңдайдан чыгат бакырык,
Баякы Балтай ошондо
Кутубийди чакырып:
"Оой, Кутубий, курдашым,
Өлүм орток сырдашым!
Абийирим эми жабылып,
Издегеним табылып,
Үзүлгөнүм улады,
Чачылганым жыйналды,
Өчкөн отум тамылды.
Өлгөн жаным тирилди.
Айланайын Кутубий,
Балалуу болдум, муну бил,
Кутубийим, сүйүнчү!" -
Деп, ошонтүп, Акбалтай,
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Көзүнүн жашы он талаа,
Ак сакалы суюлуп,
Эки көздөн аккан жаш
Акырек ылдый куюлуп,
Кан Балтайды көргөндө
Карап Куту дагы ыйлап,
Карып чалды көргөндө
Караган жандын баары ыйлап
Мына ошондо Акбалтай
Барган жандын баарына:
"Курдаштарым, досторум,
Чекемде жалгыз көздөрүм,
Айтып турган сөздөрүм!
Бала таап алды - деп,
Бир адамга билгизбе,
Бир кишиге туйгузба!
Айтканымды куп билип,
Ак буудай унун чайнап бер,
Айтпаска өзүң ант кылып,
Ак куранды кармап бер!
Марттыгым башка көрүп ал,
Сандап жаткан көп малды
Калтырбай баарын бөлүп ал!" -
Деп, ошонтүп, Акбалтай,
Күүгүм кире, күн бата,
Элдин алды ным жата,
Бир адамга билгизбей,
Бир кишиге көрүнбөй,
Кең Алтайда элине
Салып жетип келди эле,
Ич этине катып баланы
Алып жетип келди эле.
Байбичеси Маркатай
Ургаачынын узу экен,
Ата жайын сурасаң -
Кайып кандын кызы экен.
Жез оймоктуунун ыктуусу,
Ургаачынын мыктуусу,
Алтымыш катын улуусу,
Узун чачтын сулуусу,
Жез оймоктон оолуккан,
Баатыр Балтай көк жалга
Он төртүндө жолуккан.
Биттейинде биригип,
Бармактайда баш кошуп,
Биттейинде бириккен.
Ак икелүү курбалдаш:
"Бет алдыңа келдим,- деп,
Кыркка чыга келгенде,
Кызык дүйнө ушундай,
Куу баштыктан кутулдук,
Кудайыңдын бергени!
Мойнуна тумар тага көр,
Алдейлеп жакшы бага көр! -
Деп, ошонтүп, Акбалтай:
"Байбичем эркек тууду",- деп,
Оо, дөбөдөй эт кылып,
Ноот көлдөй чык кылып,
Тоюна токсон сойдурду,
Азууларын аркайтып,
Алдыңкы эрдин шалкайтып,
Ардан союп бир миңди,
Ат чаптырып той кылып,
Ааламдын калкын чогултуп,
Санжыргалуу дүң кылып,
Санатын калкка билгизип,
Балалуу болуп, Балтайың
Тунуп калган кези экен,
Сандаган малдын баарысын
Кырып салган кези экен,
Чоң тамаша, жыргалды
Кылып салган кези экен.
Журт чогулуп, той кылып,
Адам тапкыс ой кылып:
"Бешик бооң бек!" - дегенге
Бээ баштаган беш тогуз -
Бегиликке бериптир.
Төө баштаган төрт тогуз -
Сүйүнчүгө бериптир.
Калктын баары тоюнуп,
Калың малдар союлуп,
Калайыктап бакырып,
Калың журтту чакырып,
Картайганда Акбалтай,
Сексен төрткө келгенде
Акка моюн буруптур,
Байбичем эркек тууду - деп,
Жар чакырып туруптур:
"Өзөндөн чыккан бир булак,
Өлгөндө көргөн бир чунак.
Айланайын калайык,
Баласыз болуп башында,
Бала көрүп калыпмын
Так сексен төрт жашымда.
Өлгөндө көргөн балама,
Айланайын калайык,
Атын коё салыңар,
Ат баштаган алтымыш
Ат койгонуң, алыңар,
Байып жатып калыңар!"
Кабар кылса оолугуп,
Калайыктын баарысы
Калган экен чогулуп,
Аксакалдуу карганы,
Кыйлага жашы барганы,
Кара сакал, кер мурут,
Чогулушту бар жаны.
Баланын атын коё албай,
Жыйылышкан көпчүлүк
Ат коюуга боло албай,
Ак сакалы акшыйып,
Кара сакалды карады,
Кара сакал баарысы,
Боз баланы карады,
Боз балдары ошондо
Чогуу качып тарады.
Ат коюуга жан чыкпай,
Алек болуп турганда,
Элдин бияк бетинде,
Купта жакы четинде
Жылаңайлак, жылаңбаш,
Өзү токсон жашында,
Аса таяк колунда,
Даараты бар көтүндө,
Ыйманы бар бетинде
Жетип келди үлкөн жан,
Аты Кызыр өзү экен,
Ат коюуга балага
Жетип келген кези экен.
Көңүлү кызык бөлүнөт,
Акбалтайдын көзүнө
Ат коюучу абышка
Алда эмне көрүнөт!

Ой-пикирлер