Кирүү

"Манас" эпосу окуу куралдарында

"Манас" эпосу окуу куралдарында
Аккелте жондо жаркылдап,
Ак асаба, сур желек,
Найзасында жалпылдап
Ак шумкар куштай баркылдап
Майданга баатыр барганы.
Мындай синтаксистик түзүлүштөр кээде жыйырмадан ашуун ыр саптарын бириктирет. Мындан тышкары, эпостун тилинин синтак-сисине ар кандай анафоралуу жана эпифо-ралуу сүйлөмдөр, синтаксистик паралеллизм-дер, лексика-морфологиялык ж-а синтаксис-тик кайталоолор, атоочтук ж-а чакчыл түр-мөктөрдүн, киринди сүйлөмдөрдүн тизмеги, айрым учурда адаттан тыш айкалыштан турган туруктуу сөз түрмөктөрү мүнөздүү. Мындай көрүнүштөр оозеки речте, тил-дик диалектилерде учурабайт. Ошентип, "Ма-нас" эпосунун тили кыргыздардын бардык диалектилерин камтыган эски оозеки адабий тили болуп эсептелет. Ал белгилүү бир ка-лыпка түшүп, иштелип чыккан ж-а жакшыр-тылган. Бул анын лексикасында, морфоло-гиясында, синтаксисинде түрдүү диалектилик белгилерди бириктирип, аймактык жактан чектелбегендигинен, о. эле анын колдонулушу-нан байкалат. Ал бардык диалектилерди би-риктирип, оозеки адабий тил катары кыргыз-дардын сөз маданиятында маанилүү роль ойноп, ар түрдүү диалектилик айырмачы-лыктарды жакындатып, жалпы элдик тилдин негизинде грамматикалык жалпы бир нор-маны иштеп чыгып улуттук жазма адабий тилдин калыптанышына негиз түзгөн. Л. Боронов

Ой-пикирлер