Кирүү

Абдулкадыр Инан

Абдулкадыр Инан (1889, Башкортстан, Екатеринбург-Чыгай —1976, Анкара) — түрк тилдүү окумуштуу, Манас" эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди анын ичинде жазган. 1936—68-жылдарда "Манаска" байланыштуу жазган ондогон макалаларында, эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салтынын, аш-той расмысынын орун алышын, эпостун идеологиясы иликтенген жана түрк элдеринин эпосторунун ичинде "Манас" эпосунун өзгөчө ордун белгилеген. Түрк энциклопедияларына чыккан "Манас" тууралуу макалалардын автору. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү. И. Абдувалиев

Ой-пикирлер