Кирүү

1916-жыл. Кытайга качуу

1916-жыл. Кытайга качуу

Эмгекчилер оттуу соккулардын кыйынчылыктарын (ооруктарын) көтөрө албай Кытайга качуудан башка амал таппай калышат. Кытайга качуу эң оор болду. Малдын көбү жолдо, кардуу ашууларда, ач талааларда кала бер-ди. Анан Кытайга келген кезде кытайдын башкаруучу-лары качкындарга карата айбанча мамиледе болуп, да-лай кордукту Кытай өкмөтү көрсөттү. Качкындардан чек арадан өткөрүү үчүн белгилүү бир жерге коё берүү үчүн гана ушул сыяктуу башкалары эсепсиз көп пара алыш-ты. Ар түрдүү параларды өкмөт орундары менен кызмат адамдары гана эмес, жергиликтүү кытай байлары да алышты. Мына ушул кордуктардын баары кыргыздар-дын ансыздагы бүлүнгөн чарбасын андан бетер бүлүнттү.

Кытайда малга берүүгө жем-чөп жок себептүү качкын кыргыздардын турмушу эң жаман болду. Кышкы жем-чөп жок себептүү мал көптөн өлө баштап, эң арзан баага сатыла берди. Үй эмеректери, кийиз, көрпө, килем, жак-шы кийимдер, идиш аяк жана ушул сыяктуу башкала-ры азык алуу үчүн көптөн сатыла берди. Кытайда качак-тар көпкө чыдай алышкан жок, болжолдоп айтканда бир жыл чамалаш турушту анан 1917-жылдан тартып кайта бери карай келе башташты. Кытайдын кайта келүүдөгү кыйынчылык кордуктар андан бетер болду. Аздыр-көптүр малы барлардан башкабызга жөө келүүгө, бийик ашуу жана коркунучтуу белдерди өтүүгө, алыс жолду басууга жана азык-түлүк жагынан болгон жетишсиздиктин оор-дугун башыбыздан өткөрүүгө туура келди.

Качактардын көбү ачкалыктын азабын тартып талаа-ларда, белдерде, ашууларда өлүп кала беришти. Эмгек-чил кыргыздар кытайдан кайткандан кийин кандай абал-да калышты? Чыдагысыз оор шарттарда калышты. Ал кездеки убактылуу өкмөт "Керенский" качактарга эч кандай жардам көрсөткөн жок. Мунун тескерисинче ку-

321

лактардын эмгекчил кыргыздарга көрсөтүп жаткан кор-дуктарын колдоду. Кыргыздардан биринчи жолу сокку жеген Жети-Суу кулактары кандай да болсо, кыргыз-дарды кырып жок кылгысы келишти. Ошол кездеги до-кументтер, убактылуу өкмөттүн Түркстандык комитети ошол тилекти колдогондугун мүнөздөйт. Ал кезде убак-тылуу өкмөттүн Түркстандык комитетинин составына жергиликтүү улут интеллигенттери да киргизилген бо-лучу. Анын үстүнө алар чоңдордун тукумунан болгон ин-теллигенттер эле. Маселен: Мустапа Чокой уулу. Ал ин-теллигенттер убактылуу өкмөт менен өз мамилелерин оңоого тырышып, бара-бара кыргыздарды кырып түгөтүү саясатын колдонушту. Ушундай оор абал себептүү мал-сыз, эгинсиз кайткан кыргыздар ачка калып далай эм-гекчилер ачкадан өлөт. Буга Жети-Суу кулактарынын кыргыздарды кыруу үчүн баштаган мергенчилиги да жардам кылат. Бул абал 1917-жылдын аягында Өктөбүр өзгөрүшү жеңгенге дейре болуп турду.

Баялы ИСАКЕЕВ, "Үркүн" китебинен

Ой-пикирлер