Кирүү

Байкоо жүргүзүүнү пландаштыруу/Алдын ала жыйналыш

Байкоо жүргүзүүнү пландаштыруу/Алдын ала жыйналыш
Байкоо салган учурда тынчсыздануусун, ыңгайсыздыгын жана толкундоолорун азайтуу үчүн студент-практикантка өзүнүн сезимдерин жана абалын бөлүшүүгө мүмкүндүк берүү зарыл. Насаатчы студент-практиканттын эмнеге жетүүнү пландаштырганын тактоо үчүн ага өзүнчө окуу натыйжаларын карап чыгууга мүмкүндүк берүүгө тийиш. Андан соң окутуунун усулуна/стратегиясына, баалоо усулуна же студент-практикант билүүнү же жакшыртууну каалаган белгилүү бир мазмунга басым жасалышы зарыл. Басым жасоо так, ачык, түшүнүктүү жазылган жана өз ара макулдашылган болуусу керек.
Насаатчы студент-практикантка маалыматты жыйноонун кандай курал/усулу колдонула турганын кабарлоого тийиш. Ал студент-практикантка мындай усул кантип колдонула тургандыгын жана кандай алдын ала пландаштыруу талап кылына тургандыгын түшүндүрө алат. Алдын ала талап кылуу насаатчы үчүн эскертүү жасай турган орунду аныктоодон турат жана байкоо мезгилинде бир орундан экинчи орунга которулуу зарыл болобу ж.б.

Булак: USAID. Cтуденттик педагогикалык практика боюнча насаатчыга колдонмо

Ой-пикирлер