Кирүү

Садыр аке

Эл ичинде Садыр акени "саяк Садыр аке" деп аташат. Түбү саяк. Саяктан Каба, Кабанын кичи аялынан Шыкмамат, Шыкмаматтан Куткамерген, Бектемиш. Ынжай деген төрт уулунан көлдүн күңгөй өрөөнүндө Акылбек, Аңылдак, Бакачы, Бокотой, Барак, Кожояр, Бөлөкбай айлы азыркы Ысык-Көл районун түзөт. Ошол чөлкөмдөгү Кожояр атадан тараган Эсенбай, Ырыстай, Асказан, Эсен түгөл, Кулча деген эл бар. Ошол Асказандан чыккан Жолболду аттуу кишинин уулу ушул биз кеп кылып жаткан Садыр аке.

"Саяк Садыр акенин айлы", "Садыр акенин тукуму", "Садыр акенин жээни", "Садыр акенин жери" деген сөз ушул күнгө чейин эл оозунда. Бугу Кыдыр аке, саяк Садыр аке деген эки аттын даңазасы дастан. Садыр акенин мезгилине чейин Шыкмамат саягы чачылып, беш ата Кожояр эли текестин Шаты деген жеринде, Чиркей Бөлөкбай уругу Сарууда, Олжобай чоң чарык Тозор, Тамгада, Бокотой Барак, Кара Мойнок Кь1зыл Сууда, Ат-Башы, Нарында, Аңылдак, Акылбек Күрмөнтү, Челекте жашап уруу бирдигинен ажырап калган. Кечээ Ормон, Балбай чабышында саяк эли экиге бөлүнүп арабөк калган. Бул мезгилде Нурдөөлөт баатырдын карылуу билеги аны ээрчиген эл менен бирге Балбай тарабында болуп Төрөкелдинин белин ийет. Ушундай каар заманда эл азабын моюндаса да аталаш тууганы саяк Алыбек баатырдын өлүмү кунсуз калат. Ушул ыза Нурдөөлөт баатырды намыска чакырды. Ал чачылган элин жыйнап Көл бооруна бириктирүүнү чечти. Бул ишке өмүрү учкай келип, жер чегин бөлүп калганы менен элдин болуштук теңдигин ажырата албай кетти. Ал иш Садыр атанын мезгилине туура келди. Бүгүн Ысык-Көл дүйнөгө таанылып, келим- кетимдин айлы болуп турган чакта Садыр атанын жыйнаган журту чоң кадырга ээ.

Ошол элдин бүгүнкү урпактары Садыр атанын укум-тукуму атанын атын түбөлүккө калтыруу үчүн күмбөз салдырып, 170 жылдык тоюн өткөргөн жатышат Мен бул кебимде ал кишинин атын кагаз бетине калтырууга аракеттенген ата журттун куйма кулак уландарына үн кошмокчумун, 1958-жылы Чолпон-Ата калаасынын тургуну Мамбет деген кишинин үйүнө барып калсам казак элинин атактуу залкар жазуучусу Муктар Ауэзовду коноктоп олтурган экен. — Кел, кел Акай, ой ырас келбедиңби. Кабарың билинбей кетти. Аман эсенсиңби? Жаман чүрпөлөрүң чоңоюп келе жатабы? — деп жүрөктү ысыта жылуу сөз менен кабыл алды. Андан кийин мен төрдө олтурган Муктар агага кол берип, алардын катарынан орун алдым. Макем мага кайрылып: — Ээй Акай, бул кишини тааныйсыңбы? — деди. — Тааныбай анан бул киши түгүл Абайды — Эрболу менен, Кунан байды — Деркенбайы менен, Айкеримди — Токжаны менен, Османды — Теке жаны менен тааныйт эмесминби, — дедим.

Муктар ага чыканагына жаздык коюп жамбаштап жаткан эле, башын көтөрө келип: — Акел алаканыңды, менин окуучуларым дал сендей болот деп ойлогон эдим. Бар экенсиң го карагым, — деп колумду кое бербей өзүнө тартып, жанына алды. Мен Муктар аганы башында көргөн эмесмин. Ошол жылдарда ал кишинин Абай романы кыргыз тилине которулуп жаңы чыккан. Ал китепти мен эң кеминде үч- төрт жолудан окуп, каармандарын өз айлымдын кишисиндей эле таанып калгам. — Карагым кайда иштейсиң? Не кесип кыласың? — деп мага кызыга берди. Макем ал кишинин сөзүн бөлүп: — Ээ Муктар мырза Абай китебиң менен мүлдө казак элин дүнүйөгө тааныттың. Сөөгүң казак болгон менен этиң кыргыз болуп калды.

Суусун ичип, көлүнө кирип, жээгине үй салып жатасың. Эми кыргыз элинин дагы бир уулун "Абай" жаратпасаң кыргыз ага-туугандарың сизге ыраазы болбос. — Ээ Маке, кана кимди атайсыз? Катарыңда тирилүүчү Абай барбы? -деп ойлоно түштү. — Бар. Жумгал элинен Куйручук, Нарын элинен Көкөтөй, Ала Көз Каабадан Жоошбай деген кишилер чыккан. Ар бири бир китеп, андан башка да сиздин калемиңизге арзый турган кишилерибиз толуп жатат. — Оо Маке, кол жетпеген бийикке колтук сөз дейсизби? Куйручукту жазыш үчүн эң кеминде Куйручуктун өзүндөй киши керек. Болбосо андан күчтүү кишинин калеми талап кылынат. Ал кишини ошондой киши жазбаса башка киши жазып Куйручук жарата албайт. Жазган менен ал Куйручук жаралбайт. Алар бул дүйнөгө жүз же миң жылда бир келүүчү табылбаган залкар адамдар го. Кудайдын өзү жасаган улуу кишилер го. Андан көрө өзүңүздүн агаңыз саяк Садыр аке деген кишинин атын угабыз. Мына ошол кишини эске алсаңыз болот. Мени көрсөтө берип: — Мына жаныңда отурган бала ошол кишинин небереси. — Солай де. Басе, басе сөзүң жүйрүк. Жүзүңдө жакшы адамдын белгиси бар колуңан келчү жигит көрүнөсүң. Сол атаң жөнүндө уккан-көргөнүң бар чыгар. Сону кагаз бетине түшүрүп жүр.

Элден укканыңды калтырба. Сүйүмбай акын сол Садыр атаңды эң жогору баалайт. Мукамбет пайгамбарга пайгамбарлык 40 жашында келген сыңары Садыр акеге да бийлик өтө кеч келди. Ашкере калыстыгы менен казак, кыргыздын кан казынасы болду. Адам бүткөндө мындай адамды көргөн эмесмин. Сүйлөгөндө эки колтугунан эки жолборс чыгып тургансып, укканын сестентип желпинип сүйлөчү эле дейт. Ал киши бет алган сөздүн бели сынып, жообу тилинин учунан ыргып кете турган. Каргаса каргышы, жалгаса алкышы жаңылбаган олуя киши дечү экен. Каармандын сөөлөтү ушундай алп болбосо жазган китептин кадыры көтөрүлбөйт. Улуу кишинин бул сөзүн укканда бүткөн боюм чымырап, көз алдыда Садыр аке деген бир чоң роман тартыла түштү. Ошондон баштап ал жөнүндө эл арасында айтылган ар кандай уламыштарды жыя баштадым. Тилекке каршы менин жыйнаган материалдарым Муктар аганын колуна тийбей калды. Өзү айткандай өмүрү жетпеди. Андан бери көп заман өттү... "Төрөлүү бар, өлүм бар, тирилүү жок" деген сөз бар. Мен тирилүү бар, тирилген кишиге өлүм жок демекчимин. Сөөгү көрдө жатса да сөзү элде калган киши — тирүү киши. Элге кылган жакшылык жерге жайган суу менен тең. Ким гана болбосун баласынын атын Садыр коюп, тоюна токсон бээ сойсо да биз кеп кылып жаткан Садыр аке боло албайт.

Садыр аке болуш үчүн өлүү да керек, тирилүү да керек. Ормон Балбай чабышынын жалыны сууп, Ормон — Балбайдан, Балбай — орустан өлүм тапкандан кийин белек, саякка Нурдөөлөт болуш болду. Ал кезде казак кыргыз Жети-Суу эли бир гана оезго Алма-Атага баш ийишчү. Көл боорун эки болуш элге бөлүп, орус бийлигин акырындык менен элге сиңирген чак. Бул шайлоодо белек элинин кеңеши бир бүтүмгө келип болуштукту Нурдөөлөткө ыйгарышты. Сыягы "кара саякты" Ормонго кармап беребиз деген айыбын эскертишти. Экинчи жагы эртеңки күн кандай болот, орустар менен тил табышпай калсак эмки бел кылаар баатырыбыз Нурдөөлөт деп билишти. Нурдөөлөт болуштук мандатын алып элге кайтканда белек, саяктын мыктылары түгөл Нурдөөлөттүн артынан ээрчиди. Ал үн-сөз жок жүрүп олтуруп Кичи Өрүктүгө келип жетти. Өңөрө келген найзасын ошол жердеги Калмак-Дөбөнүн туу чокусуна өзүнө таандык балбандык менен матыра сайды. Белиндеги курун чечип найзаны белине байлады.

Анан элге кайрылып: "жер чеги ушул, куу найзанын доору бүттү, итче кабышып, карышкырча кармашып, алышып жүрүп чарчадык. Мындан быягы Күрмөнтү, Ой-Тал, Түп, Кара Талаа, Жыргалаң, Талды-Суу, Каркырага чейин Белек ата сенин жериң, быягы Өрүктү, Таштак, Кичи Ак-Суу, Чоң Ак-Суу, Корумду, Долоноту, Кой-Суу, Чок-Тал, Тору-Айгыр, Сары-Камышка чейин Саяк ата сенин жериң, — деди. Азыркы Түп району менен Ысык-Көл районунун чек арасы ошол Нурдөөлөт баатырдын сайган найзасы сайылган күндөн тартып ушул күнгө чейин күчүндө.

Ой-пикирлер