Кирүү

Коомдук түзүлүштөр жана этностор

Коомдук түзүлүштөр жана этностор

Дегинкиси, эгерде биз бүткүл дүйнөлүк тарыхты карап көрө турган болсок, коомдук түзүлүштөрдүн алмашуусу менен кошо жаңы элдердин жаралышы өтө сейрек кездешүүчү окуя болуп эсептелет. Ошол эле учурда бир эле коомдук түзүлүштүн чегинде бири экинчисине деги эле окшошпогон этностор ар дайым пайда болуп жана өнүгүп турат.

Мисалга XII кылымды алалы. Бул мезгилде феодалдык түзүлүш Атлантикадан Тынч мухитке дейре гүлдөп турган учур эле. Ошондогу француз барондору Скандинавиянын эркин дыйкандарына, Египеттин кул жоокерлери — мамлюктарга, орус шаарларынын тынчы жок тургундарына, дүйнөнүн жартысын басып алган кембагал моңгол нөкөрлөрүнө же Сун империясынын кытай жер ээлөөчүлөрүнө окшош беле? Алардын баары бирдей феодалдык өндүрүш жолун колдонгону менен, башка жагынан алганда алардын ортосунда жалпы нерселер өтө эле аз болгон. Жаратылышка мамиле жасоо малчы менен дыйканда бирдей болгон эмес; башка жат нерселерди же бөтөн маданиятты кабыл алуу жөндөмдүүлүгү Кытайга караганда Европада жогору болгон, территорияларды басып алууга умтулуп, кресттүүлөрдүн жүрүштөрүн уюштуруу ошондон жаралган; токой өрттөп, анын ордуна эгин өстүргөн орус дыйканчылыгы Сирия менен Пелопоннестин жүзүм өстүрүүсүнө караганда жөнөкөй жана чабал болгон, бирок аз эмгек жумшалып эбегейсиз түшүм жыйналган; тил, дин, маданият, билим — булардын баары окшош болбогону менен бул ар түрдүүлүктө иретсиздик жок эле: жашоо-турмуштун ар бир түрү белгилүү бир элдин энчиси болгон. Бул өзгөчөлүк этностор жаралган жана жашап турган ландшафттарга карата алганда айрыкча ачык байкалат.

Бирок этностук өзгөчөлүктөрдүн деңгели жаратылыш тарабынан аныкталат деп ойлоого болбойт. Кылымдар өтө берди, ага ылайык этностор да өзгөрүп отурду: алардын кайсы бирлери жок болуп кетип, жаңылары пайда болуп турду; мына ушул процесс совет илиминде этногенез деп аталган. Бирдиктүү бүткүл дүйнөлүк тарыхта этногенездин ритми социалдык өнүгүүнүн тамырынын кагышына байланыштуу болуп келген, бирок бул байланыш ошол этногенездин ритм менен социалдык өнүгүүнүн тамырынын кагышы дайыма дал келет жана алар бир бүтүндүктү түзөт дегенди билдирбейт. Тарых процесстеринин факторлору ар башка болот, андыктан биздин талдоолорубуздун максаты ушундай ык менен этногенезге түздөн-түз мүнөздүү болгон феномендерди табуу жана бул аркылуу этнос деген эмне экенин жана анын адамзаттын жашоосундагы ролун аныктоо болуп саналат.

Эң алды терминдердин мааниси жана изилдөөлөрдүн чек аралары жөнүндө такташып алалы. Гректин "этнос" деген сөзү көп маанини түшүндүрөт, бирок биз алардын ичинен "түр, тукум" деген адамдарга тиешелүү маанисин алдык. Биз карай турган маселе үчүн "уруу" же "улут" деген түшүнүктөрдү бөлүп көрсөтүү маанилүү эмес, анткени бизди бардык элдерде, англиялыктарга да, масайларга да, байыркы гректерге да, азыркы лөлүлөргө да бирдей мүнөздүү болгон жалпы нерсе кызыктырат. Бул жалпы нерсе — Нomо Sapiens түрүнүн өзүн же "өздөрүн" (кээде жакындарын, көп учурда алыскыларды да) дүйнөнүн бардык калган бөлүгүнө карама-каршы коюу үчүн жамаатташып жашоо касиети болуп саналат. "Биз — алар" (conditio sine qua non est) деп карама-каршы коюу бардык замандарга жана элдерге мүнөздүү: эллиндер жана варварлар, иудейлер жана сүннөткө отургузулбагандар, кытайлар (Ортолук мамлекеттин адамдары) жана ху (айлана-тегеректеги варварлар, алардын ичинде орустар да), алгачкы халифтердин мезгилиндеги мусулман арабдар жана "капырлар", Орто кылымдардагы европалык католиктер ("Христиан дүйнөсү" деп аталган биримдик) жана күнөөлүүлөр, алардын ичинде гректер, орустар бар; "православныйлар" жана ошол эле доордо дини буруулар ("нехристи"), католиктер да ага кошулат; туарегдер жана туарег эместер, цыгандар жана калган бардык башка элдер ж.б. Мындай карама-каршы коюулар универсалдуу келет, бул анын негизи тереңде жаткандыгын баяндайт, ал карама-каршылыктардын баары өз өзүнчө алган- да дарыянын бетинде калкыган көбүккө окшош, ал эми биздин милдет аларды калпып алып таштап, анын ички маңызын ачык берүүдө турат. Анткени менен биздин алгачкы байкоолорубуз этностук ("тукум, "урук" маанисинде) деп атоого боло турган көрүнүштүн татаалдыгын белгилөөгө жетиштүү болуп отурат жана ал социалдык, маданий, саясий, диний жана башка көптөгөн нерселердин тарыхы кандай түзүлгөн болсо, ошол сыяктуу адамзаттын этностук тарыхын түзүү үчүн да аспект боло алат. Ошондуктан биздин милдетибиз, баарынан мурда, процесстин принцибин баамдап билип алууда турат.

Этностук маданият менен географиянын байланышы шек санатпайт, бирок табияттын көп түрдүү кубулуштары менен этностордун тарыхындагы оомалуу-төкмөлүү көрүнүштөрдүн ортосундагы карым-катнаштардын бүткүл татаалдыгын ушуну менен эле чектеп коюуга болбойт. Анан да этносторду классификациялоонун негизине коюлган ар кандай белги конкреттүү бир чөйрөгө адаптацияланган белги болуп саналат деген тезиске ылайык ал карым-катнаш этногенез процессинин бир гана тарабын чагылдырат. Гегел да "Гомердин чыгармаларына Иониянын аба ырайы себеп болгон деп далилдөөгө болбойт”2 деп жазган экен. Ага карабай белгилүү бир аймакта пайда болуп, жердин ландшафтына толук ылайыкташып алган этнос башка чөлкөмгө көчүп барганда жергиликтүү элдерден айырмаланып, өзүнүн мурдагы өзгөчөлүктөрүн сактап кала берет. Айталы, Мексикага көчүп барган испандар ацтек же майя индейлерине айланып кеткен жок. Юкатандын тропиктик нымдуу климаты жана Анауаканын жарым чөлдүү талаалары Европадагы Андалусия менен Кастилиядан абдан эле айырмаланганына карабай алар өздөрүнө жасалма түрдөгү микроландшафттарды — шаарлар менен бекемделген чептерди курушуп, өздөрүнүн материалдык жана руханий маданияттарын сактай алышты. Ал эми Мексиканын (ал кезде Жаңы Испания деп аталган) XIX кылымда Испаниядан бөлүнүшүн негизинен испан тилин жана католик динин кабыл алган индей урууларынын тукумдары Рио-Грандеден түндүк тарапта эркин жашаган команчи урууларынын колдоосу астында ишке ашырган.

Анда эмесе биринчи корутундубузду жасайлы, ал кийинки жаза тургандарыбыздын башталышы болмокчу. Жер планетасынын ландшафттары менен оз ара катышта болуп, тарыхый мезгилдерде үзгүлтүксүз өзгөрүп турган көп түрдүү антропочөйрө дегенибиз — этночөйрөнүн эле так өзү болуп саналат. Кантсе да адамзат жер бетиндеги кургактыктардын баарына таркап, ар кандай жыштыкта жашап, Жердин табият чөйрөсү менен ар дайым жана ар түрдүү байланышта болуп, өз ара аракеттенип келе аткандыктан анын этникалык айырмачылыктарын сөзсүз түрдө эске алуу менен аны Жердин катмарларынын бири катары кароо максатка ылайык болор эле. Мына ошондуктан биз "этночөйрө" деген терминди кийиребиз. Ар кандай географиялык кубулуштар сыяктуу эле этночөйрө да биологиялык жана социалдык мыйзам ченемдүүлүктөрдөн айырмаланып, өз мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ээ болууга тийиш. Этностук мыйзам ченемдүүлүктөр болсо мейкиндикте (этнография) жана мезгилде (антропогендик ландшафттардагы этногенез жана палеогеография) каралууга тийиш. Булак - bizdin.kg

Ой-пикирлер