Кирүү

Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Капса

Уркуяныи өлүмү Мукамебтти ата катары кайгыга, саясатчы катары санаага салды: жакын шериктеринин ортосунда түзүлгөн тен салмактуулук бузулду, Мединага ооп баргаи мекеликтердин арасында баркы чоң, мурдагы күйөө баласы Осмон (Апандын уулу) эми пайгамбарга сөөк болбой калды. Ушул учурда Омордун кызы Kaпсa күйөөсүнөн айрылды, ал Бедир өрөөнүндө шейит кетти. Мусулмандар коомунун башын кармагандардын арасында бекем орун ээлөөгө умтулгаи Омор жесир калган кызын Абакирге берүүгө ниеттенгендигин билдирди. Kaпca, уламыштарга Караганда, 18 жаштагы сукайган, өкүнүчтүү жери атасындай жаалдуу жан болуптур.

Ошондуктан, жашы алтымышты таяп калган, бары момун Абакир Омордун сунушуна мойнободу, Абакирдин баш тартышыиын жүйөөлуү себеби бар сыяктанса да, Анан уулу Осмондун сунушту жаратпагандыгы Оморду катуу ызаланты, ал калыбы, муну өзүн пайгамбардын жакын шериктеринин бири катары санабагандык, исламга сиңирген эмгегин атайлап кемсинтүү, ошентип, аны артка сүрүү катары кабыл алды окшойт. Бүткүл мусулмандардын кез алдында назары сынып, ызалангаи Омор өпкөлөгөн бойдон Мукамбетке барды. Мусулман коомунун төбөлдерүнүн ортосунда жалбыраттаганы турган чатакты элчи жана элегинде жайлады. Капсаны өзүнө берүүнү өтүндү. Мындан ашкан урмат-сый Омордун оюна да келбеген, ал пайгамбардын сунушун мандайы жарыла кабыл алды. Мукамбет Капсага дароо уйлондү. Саада менен Айшанын кепелеринин жанына Kanca үчүн жай салынып, ал ошого кирди. Мукамбетке жакканы менен Айшаны сүро, анын ордун ээлей албады. Капсанын Абакир менен Осмон чоочулаган жаалын Мукамбет башынан кечирди. Ал күндөштөрүнүн арасында далай чыр-чатактарды чыгарып, пайгамбарды капаланткан.

Ошентсе да, Мукамбет Алланын аяттары, Курандын ыйык сүрөлөрү түшүрүлгөн кол жазмаларды бөлөк аялдарына эмес, дал ушул Капасанын сандыгына сактаткан. "Арадан четтей тушкен" Осмонго Мукамбет кызы Күлүсүндү берип, ал кайрадан күйөө баласына айланды. Мусулман коомундагы бузулган тен салмактуулук ушинтип кайчы никелешуулөр аркылуу кайра калыбына келтирилди. Мукамбеттин жакын шериктери Абакир, Аалы, Осмон Омор аны менен куда-сөөктөшүп, бийлик учун айкаштагы мүмкүндүктөрүн тендештиришти. Бирок Капсага үйлөнгөндө Мукамбет жалан саясатты көздөгөн деш жарабайт, пайгамбар сулуу аялдарга ышкылуу жандардан болгондугу белгилуу, анысын өзү деле жашырбаган. "Кишиге эң кымбаты, —- дечу имиш элчи, — динге берилген, элпек, куйөөсүнө жагымдуу, ак көнул ургачы."

Ой-пикирлер