Кирүү

Эмгексиз жемиш жок

Жүзүмдүн ширеси боорго жакшы дегендиктен короонун ээн жерине жүзүм тигип алыпмын. Ал үч жыл аралыгында чытырман тартты. Адегенде зерикпей түбүн жумшартып, кодра бутактары менен ашык жалбырактарын суюлтуп, маалында суу берип — айтор билишимче багбандык кылдым. Эмгегим сая кетпеди. Жүзүмүм түшүмдүү болуп жүрдү. Ары ишим көбөйүп, ары боорум сакайып, анан жалкоо тартып, бир жылы жүзүмгө анча карабай койдум. Мага эрегишкендей апсайып-бапсайып кысыр бутактарын тарбайтып, ал жылы жүзүмүм жарды мөмөлөдү. Жылда бал татыган жүзүмдү шимип жаман көнүпмүн. Бул жолу августтун так катыраган ысыгында суусап келип мөмөсүз жалбырактарга өкүнө карап калдым. ...Ошол кезде мага дайым келип жүрүшкөн эки жаш жазуучу эсиме түштү. Экөөнүн шыгы бирдей, билими да бирдей болучу. Бирок бири ишине кызыкканы байкалчу да, биринин кайдыгер тартып ойноктогон көздөрү: "Жазгандарым жарык көрбөсө эле жазбайм, агай", дегенди билдирчү. Жылдар өттү. Иштер такталды. Жанагы ишине кызыккан жаштын каламы такшалып калды. Берки өз ишине кайдыгер азаматтын кайда жүргөнү азыр белгисиз. Кейпи өз шыгын өзү асырабай, ал бечара жемишсиз калган көрүнөт, ошо мен баккан жүзүмдөй...

Ой-пикирлер